Орусиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы өлкөдөгү алтын кендеринин көлөмү боюнча экинчиси болуп эсептелген «Жерүйдү» иштетүү лицензиясы үчүн алгачкы 10 млн. долларын которду. Компания Таластагы кенди иштетүү укугун 2015-жылдын майынын башында утуп алган.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик «Восток-геолдобыча» компаниясы «Жерүйдү» иштетүү лицензиясынын баасынын алгачкы 10 пайызын 13-майга чейин төлөшү керек болгондугун билдирди. Лицензиянын кыргыз өкмөтү тарабынан белгиленген баасы — 100 миллион АКШ доллары.

Компания калган 90 пайызын, тактап айтканда, 90 миллион АКШ долларын кенди иштетүү боюнча өткөн сынактын жыйынтыгы жарыялангандан кийинки отуз жумушчу күндүн ичинде төлөшү керек. Сынактын жыйынтыктары 4-майда жарыяланган болчу.

«Жерүй» — чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи алтын кени болуп эсептелет. Мамлекеттик геология агенттигинин маалыматы боюнча, кендин болжолдуу запасы 97 тоннадан ашык алтын деп бааланууда.

«Восток-геолдобыча» — Муса Бажаевге таандык болгон орусиялык «Русская платина» компаниялар тобунун туунду компаниясы.

Кыргызстандын өкмөтү «Жерүйдү» иштетүүгө 2015-жылдын февралында — «Visor» казак компаниясынын кенди иштетүүгө болгон лицензиясы чакырылып алынгандан беш жыл өткөн соң сынак жарыяланган.

«Visor» лицензиясынын чакырылып алынышын «экспроприация» (тартып алуу) деп атап, бул үчүн 548 млн. АКШ долларын талап кылып, Вашингтондогу Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго доо арыз менен кайрылган.

«Жерүй» боюнча соттук териштирүүлөр 2015-жылдын ноябрына белгиленген. Кыргыз бийлигинин шарттары боюнча, кенди иштетүү укугун утуп алган компания ал териштирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоону өзүнө алып, «Visor» компаниясына компенсация төлөп бериши керек болот.

Эми «Восток-геолдобыча» «Жерүйдү» иштетүү укугун коргоп, эгер сот тиешелүү чечим чыгара турган болсо «Visor» компаниясына компенсация төлөп берүүгө милдеттүү болот.

Кенди иштетүү укугуна жетишүү үчүн сынакка дагы орусиялык «Полюс Голд» алтын өндүрүүчү компаниясы менен Кыргызстандын «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы катышкан. Бирок «Полюс Голд» сынактын шарттарын «көңүл коюп окуп чыккан соң» ага катышуудан баш тарткан болчу.