«Калыс» жана «Кырк чоро» кыймылдарынын мүчөлөрү Гомофобия жана трансфобияга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган иш-чарага кирип барышып, аны үзгүлтүккө учуратышты. Анда жабыркаган укук коргоочулар менен кирип барган активисттердин өзүлөрү учурда Биринчи май райондук ИИБсинин имаратында.

Окуя 17-май күнү Бишкектеги «Астория Гарден» кафесинде болду. Анда «Лабрис» укук коргоо уюму Эл аралык гомофобияга каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өткөрүп жаткан.

Иш-чаранын уюштуруучусу Санжардын Kloop.kgге билдиришинче, «Калыстын» активисттери кафеге кирип келишип, иш-чараны токтотууну талап кылуу менен укук коргоочуларды катаал жазалай тургандыктарын айтып коркутушкан.

«Минтип башка бирөөнүн иш-чарасына кирип келүүгө эч кимдин укугу жок. Болгондо да өрттөп жибере тургандыктарын жана бул жактан жөн кое бербестиктерин айтып коркутууга», — деди ал.

Окуянын күбөсүнүн айтымында, активисттердин саны 20-30га жакын болгон. Алар иш-чараны сүрөткө жана видеого тартып башташкан, качан уюштуруучулардын бири «калысчылардан» бул аракеттерин токтотуусун өтүнгөндө аны түртүп жиберишип, ал жерге жыгылып кеткен.

«Алар тосмодон ашып өтүп баштап, эшиктин кармагычын сындырышты. Анан дарбазаны ачып киришип, иш-чараны токтотуп кетишибиз керектигин айтышты», — деди окуянын күбөсү.

Kloop.kgнин кабарчысы окуя болгон жерге милиция кызматкерлери баргандан кийин активисттер тараптан жасалып жаткан агрессиянын деңгээли азайгандыгын белгиледи.

«Катаал жаза»

«Калыс» кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов Kloop.kgге берген маегинде активисттер Гомофобияга каршы күрөшүү күнүн Энелер күнү менен бир күндө белгилеп жаткандыктарына нааразы болгондуктарын айтты. Ал муну — «чагымчылдык» деп атады.

«[Иш-чаранын уюштуруучулары] патриоттук күчтөрдү аларга карата катаал жазаларды колдонууга түртүп жатышат», — деди Молдокматов.

Анын айтымында, иш-чараны үзгүлтүккө учуратуу анын кыймылы менен «Кырк чоро» жана «Кыргыз жаштар эл кеңеши» кыймылдарындагы пикирдештери менен биргеликте уюштурулган.

«Кыргыз жаштар эл кеңеши» кыймылынын өкүлү Алмазбек Жазыбаев Kloop.kgге берген маегинде активисттер «иш-чараны кандай жол менен болсо да токтотууну» каалагандыктарын билдирди. Айтымында, алар иш-чара тууралуу «такси айдоочусунан» угушкан.

«Биздин тааныштарыбыздын бирине такси айдаган байке телефон чалып, гейлерге окшогон эки киши бул жакка келгендигин жана анда салтанаттуу иш-чара болуп жатканын айткан», — деди ал.

Жабырлануучу деп табылышты

Учурда «Лабрис» менен «Калыстын» өкүлдөрү Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө сурак берип жатышат. «Лабристин» өкүлү менен аты-жөнүн билдиргиси келбеген күбөлөрдүн дагы биринин айтымдарында, милиция аларды жабырлануучу деп тапкан, бирок алар тараптан жазылган түшүнүк каттар «Калыстын» өкүлдөрүнө берилүүдө.

Kloop.kgнин Биринчи май РИИБсинин алдында жүргөн кабарчысынын айтымында, «Лабристин» жактоочуларын имаратка кеминде бир саат бою киргизбей турушкан.

«Лабристин» Биринчи май РИИБсинде жүргөн өкүлү аларга милиция тараптан ар кандай мамиле болуп жатканын айтты – кээ бир кызматкерлер «жакшы», а башкалары «агрессивдүү» мамиле жасап жатышат.

Милициянын өзү азырынча окуя боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей эле.

Гей-активисттерге кол салуу парламентте «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун каралып жатышынын фонунда болууда. Укук коргоочулардын кескин сынына кабылган ал мыйзам долбоору парламенттеги үч окуунун биринчисинде кабыл алынган.

Сынчылар ал мыйзам долбоорун «басмырлоочу» жана гейлер менен лесбияндарга карата зомбулук кылууга көкүткөн мыйзам долбоору деп атап келишет.

Кыргызстанда гомосексуалдуулук 90-жылдардын аягынан бери кылмыш катары эсептелбейт.

Автор: Малика Баяз

Видео: Владимир Цай