«Вечерний Бишкектин» түзүүчүлөрүнүн бири катары укугун калыбына келтирген Александр Рябушкин холдингдин жетекчилиги жамаат менен коштошуп, Лондон менен Минскке кетип жаткандыгын билдирди. Басылманын интернет-сайтынын башкы редактору анын айткандарын «жалган маалымат» деп атады.

Рябушкиндин билдирүүсү 1-июнда «АКИпресс» агенттиги тарабынан жазылды. Анын айтымында, басылманын башкы директору Александр Ким жамаат менен коштошуп, ушул айда холдингдин башка менеджерлери менен бирге кызматын таштап кеткени жатат.

«Редакциядан алынган маалыматтар боюнча, ал «ВБнын» интернет-версиясынын башкы редактору Дина Маслова менен Англияга кеткени жатат, а башкы редактор Геннадий Кузьмин Минскке (Белоруссияга) барат. Ал кыргыз тилдүү «Жаңы Агым» гезитинин башкы редакторун Бишкекке калтырууну чечкен», — деп жазган «АКИпресс» Рябушкиндин айткандарын.

vb.kg сайтынын башкы редактору Дина Маслова Рябушкиндин билдирүүсүнө карата өз пикирин «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди. Анда ал Рябушкиндин айткандарын четке кагып, аларды «жамаатты бөлүнүп-жарылууга алып келүү үчүн таратылган жалган маалымат» деп атады.

«Вечерний Бишкектин» жетекчилиги эч ким менен коштошкон жок, жумушчу ордунда, эч жакка кетүүгө камынбай эле. Бул жамаатты бөлүнүп-жарылууга алып келүүгө, анын ишин туруксуздаштырып, жарнама берүүчүлөр менен өнөктөштөрдүн арасында дүрбөлөң чыгаруу үчүн атайын жалган маалымат таратуу», — деп билдирди ал.

Маслова «Вечерний Бишкектин» жетекчилигинин Лондон менен Минскке кеткендиги тууралуу Рябушкиндин айткандары басылманын башчылыгына «бакиевчил» деген ярлык жабыштырууга багытталган деп божомолдоодо. Бийликтен куулган президенттин үй-бүлө мүчөлөрү 2010-жылдагы революциядан бери Беларусь менен Улуу Британияда жашашат.

«Кезинде Бакиевдин берилген кызмат кылуучулары болгон учурдагы атамбаевчил кээ бир адамдар жигердүүлүк менен менден жана Кимден «бакиевчини» чампалап жасоого аракет кылып жатышат: чыныгы фактыларга караганда мифтер менен уламыштар көп. Ошондуктан бизди Лондон менен Беларуска жөнөтүп жиберишти», — деп билдирди ал.

Рябушкин ал билдирүүсүн түзүүчүлөрдүн бири катары укугун калыбына келтирүү боюнча соттук процесстерден кийин жасаган. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту медиа-холдингдин башкы директору Александр Кимди Рябушкинге 400 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Маслова өз билдирүүсүндө басылманын жетекчилигине сот процесстери тууралуу кабарланбай жатканын жазып, аны процессуалдык нормаларды бузуу деп атаган.

«Вечерний Бишкектин» айланасындагы талаштар

«Вечерний Бишкектин» айланасындагы мүлктүк талаш 2014-жылдын күзүндө, басылманын мурунку ээнчилеши Александр Рябушкин өзүн акционер катары калыбына келтирүү ниети тууралуу билдиргенден кийин башталган.

Ал «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикон» компаниясындагы акциялардын 50 пайызын 2000-жылы, анын үлүшүн мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алгандан кийин жоготкон.

Рябушкиндин өзү ал бүтүм басым алдында келишилгендигин айтып, анын жокко чыгарылышын өтүнүүдө. Ал «Рубикондогу» 50 пайыз акциясын кайтарып берүүнү жана акыркы 15 жыл үчүн компенсация катары 15 млн. доллар сурап жатат.

«Мен «Рубикондун» түзүүчүлөрүнүн курамына кирип, экинчи түзүүчүгө байланышкан маселелердин бардыгын тең ошол жакта чечким келүүдө. Бүгүнкү күндө кеп «Вечерка» тууралуу болбой эле. Анын бардыгы абалды ырбатуу», — деди Рябушкин.

«Вечерний Бишкектин» өкүлдөрү Рябушкин акцияларын Тойгонбаевге сатып жиберген соң эми эмнеге «Рубикондун» акцияларынын жарымын талап кылып жатканына таң калышууда.

Басылманын жетекчилиги Рябушкиндин артында президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарынын митаамчылыгы бар деп эсептөөдө — холдингдин пикиринде, бийликке шайлоонун алдында Бишкектеги эң көп нускалуу гезитке ээлик кылуу пайдалуу болмок.

«Вечерний Бишкектин» кайрылуусу президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун отставкага кетүүсүнө алып келген. Ал басылма тарабынан өлкө башчысынын айланасындагы башка кызмат адамдары менен бирге «рейдерлик басып алуу» аркетине айыпталган.