Кыргыз укук коргоо органдары крым татарларынын лидери Мустафа Джемилевди Бишкектеги «Манас» аба майданында бир нече саат кармап турушту. Бул тууралуу ал өзү «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Азырынча ИИМ бул боюнча түшүндүрмө бербей эле.

Крым татарларынын лидери жана Украинанын президентинин крым-татар калкынын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мустафа Джемилев Кыргызстанга 2-июнда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн «Борбордук Азиядагы миграция маселелери» аталышындагы эл аралык конференцияга катышуу үчүн келген.

Ал өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу Кыргызстанга учуп келгенден кийин өлкөнүн укук коргоо органдары аны Бишкектеги «Манас» аба майданында үч саат кармап тургандыктарын билдирди.

«Бишкектин аба майданында жагымсыз окуя болду. Кыргыз полициясы Украинанын Жогорку Радасынын депутаты, крым татарларынын лидери Мустафа Джемилевди жана анын кеңешчиси, крым татарларынын элдик Курултайынын делегаты Рустем Умеровду 3 саат бою кармап турду», — деп жазылган украин саясатчысынын билдирүүсүндө.

Бирок ал аны укук коргоо органдарынын кайсыны кармап тургандыгын тактап жазган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматынан крым татарларынын лидеринин кармалышына алардын кызматкерлеринин тиешеси жоктугун билдиришти.

«КирТАГ» маалымат агенттиги Джемалевди Чек ара кызматы кармабагандыгын билдирди — ал «паспорт көзөмөлүнөн эч тоскоолдуксуз өткөн».

«Украинанын жараны М. Джемилев «Манас» аба майданындагы паспорт көзөмөлүнөн эч тоскоолдуксуз өткөн. Бирок аны коштоп жүргөн Р. Умеров аттуу жаран Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сурамы менен кармалып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген», — деп жазган «КирТАГ»  Чек ара кызматынын басма сөз катчысынын айткандарын.

Азырынча Ички иштер министрлигинен окуя боюнча түшүндүрмө берише элек. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, ал окуя боюнча маалыматтар такталып жатат.

Джемилевдин өзү аба майдандагы кармоого кескин реакциясын билдирди — ал андагы окуяны «Кыргызстандын кайсыл жакта экендиги белгилүү болгон ээлеринин буйругу» деп атады.

Джемилев «Фэйсбуктагы» кийинки билдирүүсүндө кыргыз Тышкы иштер министрлиги украин ТИМи аркылуу аба майдандагы окуя боюнча кечирим сурагандыгын жазды, бирок ал маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок — Кыргызстандын ТИМи бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда.

Крым татарларынын лидери

Мустафа Джемилев эң белгилүү украин саясатчыларынын бири жана крым татарларынын улуттук кыймылынын лидери болуп эсептелет. 2013-жылга чейин ал крым татарларынын Межилисинин башчысы болгон.

2014-жылдын мартында ал Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы кескин пикирин билдирген. Джемилев батыш лидерлерин Крымга тынчтык орнотуучу аскерлерди киргизүүгө чакырган, а жарым арал Орусияга кошулгандан кийин анын ал аймакка кирүүсүнө 2019-жылга чейин тыюу салынгандыгын билдирген.

Учурда анын уулу Хайсер Джемилевди 2013-жылы каза болгон досунун өлүмү боюнча соттоп жатышат — иш Орусиянын Краснодар аймактык сотунда каралууда. Аны менен катар Хайсер айыпталып жаткан кылмыш иши Киевдин Днепровск райондук соту тарабынан каралып, аны дээрлик төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу.