Президенттин аппарат башчысынын мурунку орун басары Икрам Илмиянов «Вечерний Бишкек» гезитинин түзүмдүк бөлүмү эсептелген kabarordo.kg маалымат сайтын сотко берди. Саясатчы сотто өзүнүн «ар-намысы менен ишкер кадыр-баркын» коргоо ниетинде. Алгачкы соттук угуулар 24-июнга белгиленди.

Алмазбек Атамбаевдин таасирдүү шакирти жана президенттин аппарат башчысынын мурунку орун басары Илмияновдун доо арызын Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карайт. Соттун катчылыгынан доо арыздын качан берилгендигин айтып бере алышкан жок.

Доо арыз «Вечерний Бишкек» медиа-холдингине таандык болгон kabarordo.kg сайтына каршы берилген — Холдингдин жетекчилигинин айтымында, компания 2014-жылдын сентябрынан бери президент Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарынын басымында болуп келүүдө.

Азырынча Илмияновдун эмне талап кылып жаткандыгы белгисиз, анткени сот анын арызын карай элек.

«Вечерний Бишкектин» маалыматы боюнча, Илмиянов Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековдун маегине «нааразы». Анын маеги kabarordo.kg сайтына 30-апрелде жарыяланган.

«Алмазбек Атамбаевдин мурунку шоопуру дал ошол маекке нааразы болгон. […] Сайттагы «Жаңы Агым» рубрикасына жарыяланган «Уран Ботобеков: «Вечерканын» артында «жаш шакалдар» эмес, ажыдаардын өзү турат» деп аталган маек», — деп жазылган vb.kg жаңылыктар сайтындагы билдирүүдө.

vb.kgнин маалыматы боюнча, Илмияновго Уран Ботобековдун төмөнкү сөздөрү «жаккан эмес»:

  • «Тескерисинче, кыргыз коому Илмияновду орус падышасы Николай II сарайындагы көшөгө артынан көмүскө иштерди аткарган Распутиндей жек көрүп калганы анык»;
  • «Түштүктөгү бандиттик-сицилиялык мафиянын артында шоопур турат деген кеп эл арасында кеңири айтылып келүүдө»;
  • «Ичкилик» уруусунан чыккан министрлер менен аттуу-баштуу чиновниктер шоопурдун канатына баш катып келишкени жалпы журтка жакшы белгилүү»;
  • «Келкели келип турганда шоопур премьер-министр Ж.Сатыбалдиевге тапшырма берип, жол министри К.Султановду кантип чөгөлөтүп койгонун аппараттагылар айтып жүрөт»;
  • «Чоңоем, кызматка жетем, амал алам дегендер өкмөт башчынын эмес, шоопурдун босогосунда котолоп, ага таазим этип турушчу»;
  • «Икрам» бул шоопур Илмиянов, ал эми «икрамчылык» бул шефинин көмүскө, эл билбеген, коррупциялык тапшырмасын ишке ашырууда экономикалык жана саясый ресурстарга ачкенедей жабышып, кызарган жердин канын соруп, борсоюп семирип, мамлекеттик башкаруунун эки тизгин, бир чылбырын өз колуна алууга болгон аракет»;
  • «Коомчулук «икрамчыларды» мамлекеттик башкаруудагы далдалчылык ролу үчүн, сүлүк курттай экономиканын канын соргону үчүн, шоопурлук деңгээл менен бүтүндөй өлкөнү өкчөйм деген аракети үчүн жек көрөт»;
  • «Жадагалса отставкага кетүү боюнча арызды ал өз колу менен жазганынан чоң шегим бар. Бир барак куттуктоону эжелеп окуган шоопур орусча-кыргызча арызды мынчалык куюлуштура жаза алмак эмес».
  • «Шоопур болсо шайлоодо элге эмес, административдик рычагга, бандиттик-сицилиялык мафиянын башчыларына таянары бышык».

Ошондой эле vb.kgдеги маалыматта kabarordo.kg сайтынан сырткары Уран Ботобековдун өзү жана штаттан сырткаркы журналист, маектин автору Кадыр Койлубаев дагы жоопкер болуп жаткандыгы жазылган.

«Вечёрканы» өчүрүүгө аракеттенип жатышат»

vb.kg жаңылыктар сайтынын башкы редактору Дина Маслова Kloop.kgге берген маегинде «Вечерний Бишкектин» жетекчилиги Илмияновдун арызын юристтери менен талкуулай электигин айтты.

«Биздин оюбузча, kabarordo.kg ЖМК эмес, мыйзам боюнча — ал маалыматтык сайт, тактап айтканда, биз Илмиянов кайрылышы керек болгон жоопкер эмеспиз. Материалда айтылган сөздөргө келсек — «ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам жагынан алып караганда алар ырастоо эмес, а божомолдоо болуп эсептелет», — деп билдирди Маслова.

Ал ошондой эле жазылган доо арыз «Вечёрканы» өчүрүү» ыкмаларынын бири болуп эсептелерин билдирди.

«Саясий жактан алып караганда кандай гана жол менен болбосун «Вечёрканы» өчүрүп, доо арыздар менен көмүп салууга аракет кылып жаткандыктары түшүнүктүү», — деп кошумчалады Маслова.

Бул «Вечерний Бишкектин» жана президент Алмазбек Атамбаевге жакын адамдардын биринин катышуусундагы экинчи соттук териштирүү.

2015-жылдын май айынын башында Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев өзүнүн «ар-намысын жана ишкер кадыр-баркын коргоо» үчүн басылманы сотко берген.

Андан сырткары өз ичине «Вечерний Бишкек» гезитин,  vb.kg жаңылыктар сайтын жана «Рубикон» жарнамалык компаниясын камтыган «Вечерний Бишкек» медиа-холдинги 2014-жылдын сентябрынан бери басылманын түзүүчүлөрү — Александр Рябушкин менен Александр Кимдин ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн предмети болуп келүүдө.

Александр Ким жана холдингге таандык басылмалардын жетекчилеринин бардыгы тең президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарын «Вечёрканы» басып алуу аракетине айыпташкан. Басылманын редакциясы тарабынан айыпталгандардын арасында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, өлкө башчысынын аппарат башчысынын орун басары Икрам Илмиянов, ошондой эле Мамбеталиев дагы бар болушкан.