«Калыс» улутчул кыймылынын мүчөлөрү активисттер менен биргеликте бачабаздык үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча кол топтоп жатышат.

«Калыстын» башчысы Жеңиш Молдокматов базабаздык үчүн өлүм жазасын киргизүүгө кол топтоо боюнча бир айлык акциянын башталгандыгы тууралуу 1-июнда билдирген.

Укук коргоочу Рита Карасартова эгер «Калыстын» демилгеси бачабаздарга карата өлүм жазасын киргизүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына алып келсе, анда күнөөсүз адамдар да жабыркап калышы мүмкүн деп эсептейт.

«А эгер ал соккуга күнөөсүз адамдар туш келип калса эмне болот? Ушуга чейин Мамлекеттик медициналык соттук экспертиза тармагында эч нерсе кылына элек болсо биз тигил же бул адам бачабаз деп кантип ишенимдүү айта алабыз? Менин оюмча, бейкүнөө адамдын өмүрү биздин бүгүн кандай чечимдерди кабыл алып жаткандыгыбыз тууралуу жакшылап ойлонуубузга татыйт», — деп билдирди ал.