Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламент депутаты Хаджимурат Көркмазовду 100 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү «пара алып жаткан жеринен» кармады. Атайын кызматтагылардын билдирүүсү боюнча, ал Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин тууганынан акча сураган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы депутат 2013-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган Бишкектин мэри Нариман Түлеевдин тууганынан 200 миң АКШ долларын сурагандыгын билдирүүдө — учурда Түлеевдин иши Жогорку сотто каралууда.

Көрмазов УКМКнын жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан 100 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалган.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты «Х.К.» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты Нариман Түлеевдин ишин Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн анын туугандарынан 200 миң АКШ долларын сурагандыгын аныкталды», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

УКМКнын пресс-релизинде кармалган депутаттын аты-жөнү ачык жазылган эмес, болгону «Х.К.» деп ысымы менен фамилиясынын баш тамгалары көрсөтүлгөн. Бишкектин мурунку мэринин уулу Бакыт Түлеев «Твиттердеги» профили аркылуу кармалган парламентарий — Хаджимурат Көркмазов экенин билдирди.

Аны менен катар Түлеев бул иште Көркмазов башкы фигурант эмес экенин, «бир сааттын ичинде» пара талап кылган экинчи кишинин аты-жөнү жарыяланарын кошумчалаган.

УКМК Көркмазовго карата Башкы прокуратура тарабынан «Коррупция», «Пара талап кылуу» жана «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогонун билдирүүдө.

Бул боюнча Көркмазов менен анын жакындарынан түшүндүрмө алуу мүмкүн болгон жок.

UPD 16:53: 24.kg маалымат агенттиги жеке булактарына таянуу менен пара талап кылуу ишинин экинчи фигуранты катары президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев кармалган болушу мүмкүндүгүн жазган.

Бирок кийинчерээк өлкө башчысынын басма сөз катчысы Жанар Акаев «Твиттер» аркылуу Нарымбаевдин кармалгандыгы тууралуу ушактарды четке кагып, ал «Мамлекеттик сыйлыктар» боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүп жаткандыгын билдирди.

UPD 17:32: УКМКнын басма сөз кызматынан Түлеевдин тууганынан пара талап кылуу ишинде экинчи фигуранттын бар экендиги тууралуу маалыматы четке кагып, Көркмазов жалгыз айыпталуучу экенин билдиришти.

Хаджимурат Көркмазов «Реформалар үчүн» депутаттык тобунун мүчөсү болуп эсептелет, а ага чейин Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» фракциясынын атынан шайланып келген. Ал парламенттин бардык беш чакырылышында тең депутат болгон.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда «коррупциялык иштерге барган» деген айып менен 2011-жылдын июнунда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2008-жылы кытай автобустарын жогорулатылган баада сатып алып, Кыргызстандын бюджетинке 1 млн. АКШ доллары өчөмүндөгү зыян келтирген.