Автослалом боюнча чемпионаттын экинчи баскычы 19-июлда Жеңиш аянтында өттү. Уюштуруучулардын айтымдарында, бул иш-чара айдоочулардын унаа башкаруу тажрыйбаларын арттырууга багытталган.

19-июлда өткөн иш-чара 200гө жакын көрүүчүлөр менен автосүйүүчүлөрдү чогултту — мелдештер Жеңиш аянтынын жанында, Фрунзе көчөсүнүн бөлүгүндө өткөрүлдү.

IMG_3517

IMG_2857

IMG_2655

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Екатерина Козелецкаянын айтымында, чемпионат айдоочулардын унаа башкаруу тажрыйбаларын арттырууга жана шаардагы коопсуз кыймылды камсыздоого багытталган.

IMG_2602

IMG_2517

IMG_0684

«Авто жана мото спортун илгерилетүү, айдоочулардын унаа башкаруу тажрыйбаларын жогорулатуу. Мына ушул экөө башкы максат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

IMG_1952

IMG_2336

IMG_0500

Жалпысынан мелдеш эки категорияда өткөрүлдү: толук привод (төрт дөңгөлөгү тең аракетте болгон унаалар) жана монопривод (эки гана дөңгөлөгү аракетте болгон унаалар). Биринчи категория боюнча Алексей Веденев «Субару Импреза STi» унаасы менен жеңишке жетсе, монопривод категориясында — Виктор Шинкарёв «Ниссане Сильвия» унаасы менен биринчи болду.

IMG_1588

IMG_3544

Мелдештин акыркы, үчүнчү баскычы ушул жылдын октябрында болот. Уюштуруучулардын айтымдарында, кийинки баскычта трасса таталыраак болот.

«Бизде автоунаа иш-чаралары, түрдүү мелдештер быйыл эле өткөрүлүп башталган жок, бирок биз кыйла кеңирирээк, пайдалуураак, спорт сыяктуу түрүн баштоо чечимине келдик», — деди Козелецкая.

IMG_1530

IMG_0541