Башкы прокуратура экс-мэр Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн пара талап кылуу иши боюнча президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевди кармады.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Нарымбаев 22-июнь күнү эртең менен өткөрүлгөн сурактан кийин дароо кармалган.

«Тергөө тарабынан X. Коркмазов КРнын президентинин аппарат башчысы Д.Нарымбаев менен сөз байлашып, мүлктөрдүн конфискацияланышы боюнча Жогорку сотто каралып жаткан ишти Түлеевдин пайдасына чечип берүү үчүн Н.Түлеевадан 200 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды», — деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Нарымбаев депутат Коркмазов кармалгандан бир аптадан соң кармалууда — атайын кызматтагылар менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери парламентарийди 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Көзөмөлдөө органынан 2015-жылдын майынын башында мүлктөрдүн конфискацияланышы тууралуу маселенин каралышы боюнча Жогорку соттун төрагасынын орун басары Канатбек Турганбековго команда берүү үчүн» Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүлдөн 50 миң АКШ долларын алгандыгын кошумчалашты.

«Суракка алынган X.Коркмазов КРнын президентинин аппарат башчысы Д.Нарымбаевдын айтуусу менен Н.Түлеевадан акча талап кылгандыгын жана 2015-жылдын 7-майында Н.Түлеевадан 50 000 АКШ долларын алып, ошол эле күнү аны Д.Нарымбаевге бергендиги тууралуу көрсөтмө берди», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

«К-Ньюс» маалымат агенттиги Башкы прокуратурага шилтеме жасап, Нарымбаев Коркмазов менен беттештирилгенден кийин кармалгандыгын билдирүүдө. Башкы прокуратура учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалады.

Кечээ 24.kg маалымат агенттигинин сайтына экс-мэрдин кызы Назгүл Түлееванын маеги чыккан — анда ал Нарымбаевди мүлктөрдүн «мыйзамсыз» конфискацияланышы тууралуу «маселени чечип берүү» үчүн Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 350 миң доллар талап кылган деп айыптаган.

Тема боюнча: Экс-мэр Түлеевдин кызы Нарымбаевди пара талап кылууга айыптады

«Ал акчаларды мыйзамсыз конфискация маселеси боюнча мыйзамдуу чечимдин чыгарылышы үчүн талап кылышкан. Аны менен катар бизге төмөндөгүдөй дешкен: эгер бул шарттарга көнбөсөңөр атаңарга басым күчөйт, жаңы иштердин козголушу үчүн себептер табылып, бизнес толугу менен мүмкүн болгон бардык багыттар боюнча кысымга алынып баштайт», — деп жазган 24.kg Түлееванын айткандарын.

Түлеевдин кызы маегинде болжол менен 2015-жылдын майында «басым жасоолордун күчөшүнөн» кооптонуп 50 миң доллар бергендигин да билдирген — айтымында, Нарымбаев ал акчаны мүлктөрдүн конфискациялоо иши боюнча «маселени мыйзамдуу чечип берүү» үчүн талап кылган. Бирок Түлеева кийинчерээк ал акчанын «Турганбековго телефон чалуу үчүн гана» алынгандыгын билген.

«Мага бул маселенин чечилиши үчүн 50 миң доллар — күлкү келтирерлик сумма экенин айтышты», — деп кошумчалаган экс-мэрдин кызы.

Пара талап кылуу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери депутат Хаджимурат Коркмазводу 100 миң сом өлчөмүндөгү «пара алып жаткан жеринен» 15-июлда кармашкан. Бирок атайын кызматтагылар депутаттын Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 200 миң доллар талап кылгандыгына ишендиришүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн сумма Түлеевдин ишин Жогорку Сотто «оң жагына чечип берүү үчүн» талап кылынган.

2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту борбордун мэри болуп турган кездеги «коррупциялык иштери» үчүн Түлеевге карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Учурда Түлеевдин жактоочусу Жогорку сотто ал өкүмдү өзгөрттүрүүгө аракет кылууда.

Депутат кармалары менен экс-мэрдин уулу Бакыт Түлеев өзүнүн твиттер-эккаунтуна пара талап кылуу боюнча иште Коркмазов жалгыз фигурант эмес экенин жазган.

Андан соң 24.kg маалымат агенттиги болжолдуу түрдө ал ишке президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин тиешеси бардыгы тууралуу жазган. Бирок президенттин, УКМКнын басма сөз кызматтары менен Нарымбаевдин өзү ал маалыматты четке каккан.

«Хаджимурат менен мен жакшы таанышмын. Ал бир нече күн мурун эле учурда айыпталуучу катары өтүп жаткан экс-мэрдин кызын кабыл алуумду өтүнгөн. Мен баш тарткам. Буга чейин анын кызын өз иш бөлмөмдө бир нече жолу кабыл алгам. Ал камакка алынган мүлктөрдүн арасында Түлеевге таандык эмес мүлктөрдүн бар экендиги тууралуу документтерди алып келген. Ага чейин бул тууралуу Нариман Түлеевдин бир тууганы да билдирген. Мен ал билдирүүлөр Жогорку сотко чейин жеткирилээрин айткам. Акыркы жолу Хаджимурат аны кабыл алууну өтүнгөндө мен баш тарткам. Анда акча тууралуу эч кандай сөз болгон эмес», — деп билдирген анда Нарымбаев.

Коркмазов кармалган күндүн эртеси Нарымбаев «шектенүүлөр менен тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүү мүмкүндүгүн» жок кылуу үчүн иш иликтенип бүткөнчө кызматтан убактылуу четтетүү өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган.

«Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовго каршы козголгон кылмыш ишинин иликтенишине жана менин кармалгандыгым тууралуу басма сөз каражаттарында пайда болгон маалыматтарга байланыштуу айтылган айыптоолорго тиешем жоктугун билдирем», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы Нарымбаевдин айткандарын.

20-июлда өлкө башчысы Нарымбаевди кызматынан алып, анын ордуна Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду дайындаган. Нарымбаев кызматтан бошотуу тууралуу өтүнүчүн ар бир жетекчи шайлоо алдында өз милдеттерин аткарышы керектиги менен түшүндүргөн.

Нарымбаев акыркы жарым жыл ичинде өлкө башчысынын аппаратынын кызматын өз каалоосу менен таштап кеткен президенттин айланасындагы экинчи жогорку кызматтагы чиновник ― аппарат башчысынын орун басары Икрам Илмиянов кызматынан «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн негиздөөчүлөрүнүн ортосундагы чарбалык талаш-тартыштардан улам май айында кеткен.