Дээрлик 20 жылдан бери каралбай калган «Слоники» балдар паркы «Шаардык демилгелер» фондунун активисттери тарабынан калыбына келтирилди. Фотосүрөтчү Дмитрий Мотинов аянтчанын мурдагы көрүнүшү менен калыбына келтирилгенден кийинкисин салыштырып көргөн.

Парктын калыбына келтирилгенден кийинки жана ага чейинки көрүнүшүн көрүү үчүн курсорду сүрөттүн үстү менен жылдырыңыздар.

Балдар аянтчасы бар парк Бишкектин Айни жана Дүйшөмбү көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, андагы жаныбарлардын сөлөкөттөрүнүн турганына 30 жылга жакындап калды, а акыркы жылдары алар өтө жаман болуп кетишкен.

«Мурда бул жер таптакыр каралбай калган, жаныбарлардын сөлөкөттөрүнүн арматурадан жасалган кабыргалары көрүнүп калган, — деди Kloop.kgге жергиликтүү жашоочу Диана. — Мен токсонунчу жылдардын аяганда мектепке барып жүргөндө эле алар ушундай абалда болчу. Кабыргалары көрүнүп, өтө начар абалда экенине карабастан балдар бул жакта ойношчу. Албетте кайсыл гана апа болбосун баласы арматурага чыгып ойноп жүрсө кубанбайт да».

Диана калыбына келтирилгенден кийин дагы паркка таштандылар ташталып жатканын айтты.

«Биз тазалыкты камсыздоочу ыктыярчылар тобун уюштуруп, чылым чегүүгө, ичкилик ичүүгө тыюу салуулар жазылган кагаздарды илели деп жатабыз. Эгер бизге уруксат беришсе балким мурункудай кызыл чүпүрөктөрдүн байланып, тартип бузгандарга айып саларбыз», — деди ал.

«Шаардык демилгелер» фондунун башчысы Раушанна Саркеева бул фонд тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн экинчи аянтча экенин айтты — биринчиси Пригородный айылында.

DSCF8242

Архитектор Медер Ахметовдун айтымында, алгач активисттер көпчүлүгү талкаланып калган жаныбарлардын сөлөкөттөрүн калыбына келтиришкен.

DSCF8234

«Андан соң сырдоо процесси башталды, ал бир топ эле кызыктуу болуп чыкты — ар бир объектинин өз автору болду, алардын баары эле сүрөтчү эмес болчу. Ад эмес объектилердин бирин сырдоону балдардын өзүлөрүнө тапшырдык. Ошондуктан көркөмдүк бүтүндүгү жагынан алганда сөлөкөттөр ар түрдүү болуп калды, бирок алардын ар биринде индивидуалдуулук бар», — деди ал.

DSCF8251

Фонддун кызматкерлеринин айтымдарында, «Слоники» деген аталышты алар ойлоп табышкан эмес — ал аталыш жергиликтүү жашоочулар арасында көптөн бери эле расмий эмес түрдө бекилип калган. Жергиликтүү тургандар менен жолугушуу жана парктын ачылышы 24-июлдун кечине пландалган.

DSCF8258

«Дизайнер студенттер тартылган иштин жүрүшүндө бизде бул жакта сенсордук бала бакча жасоо идеясы келди — анда түрдүү фигуралар жайгаштырылат: бактардын кабыктары, тобурчактар, кичинекей жана чоң таштар, кум, чөп жана башкалар. Мында эми ушул иштерди гана аткаруу калды, калганы бүттү», — деди архитектор.

DSCF8262