Активист Айбек Баратов алдыдагы парламенттик шайлоону жана депутаттык креслого жетүүгө аракет кылып жаткан талапкерлерди шылдыңга алган сатиралык ыр чыгарган. Шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт — бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки экинчи парламенттик шайлоо болот.

Шайлоого катышуу ниетин 34 саясий партия билдирген — 25-августка чейин алар талапкерлеринин тизмесин берип, 5 млн. сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөөлөрү керек болот.

Бир катар ЖМКлар партиялардын тизмесиндеги алдыңкы саптарга жазылуу үчүн талапкерлер 200 миң доллардан 1 млн. долларга чейин төлөөлөрү керектигин билдиришкен.

Бул 2010-жылдагы бийлик алмашкандан кийинки экинчи шайлоо болот.

Эксперттер мыйзам чыгаруу органына шайлоого катышуу ниетин билдирген париялардын 5и же 7си өтүшү мүмкүндүгүн божомолдоп жатышат. Президент Алмазбек Атамбаев дагы парламентке 4-5 партиянын өтүшү мүмкүндүгүн билдирген.