Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер эгер силерди милиционерлер негизсиз токтотуп, документтериңерди талап кылып баштаса аларды кантип тарбиялоо керектигин жеке мисалында сүрөттөп берет.

Өткөн аптада биз досум Ринат Тухватшин экөөбүз Бишкектин борборунда велосипед менен бара жатып чектен чыккан көрүнүшкө күбө болдук — төрт милиционер дароо чет элдик жарандардан турган эки топтун документтерин текшерип жатышыптыр.

«Чектен чыккан» дегеним «Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, милиционерлер адамдардын (анын ичинде чет өлкөнүн жарандардын) документтерин атайын операция маалында, рейддин жүрүшүндө же алар кылмыш кылган деп шектенүүсү үчүн «жетиштүү негиздер» болгон учурларда гана текшерүүгө укуктуу.

Мен жогоруда жазгандардын бардыгы тең сарказм. Тилекке каршы, милиционерлер тарабынан чет өлкөлүктөрдүн документтеринин текшерилиши — бул четкен чыккандык эмес жана биз милиционерлердин текшерүүсүнө кабылгандардын айткандарына таянуу менен көпчүлүк учурларда мындай аракеттер эч кандай атайын операциянын, рейддин учурунда эмес же олуттуу шектенүүлөрсүз эле жасалат деп айта алабыз.

Кандай болгон күндө да биз милиция кызматкерлери документтерин текшерип жаткан чет өлкөлүктөргө рейд тууралуу буйруктун көчүрмөсүн көрсөтүп, ошонун негизинде текшерүү жүрүп жатканын айткан бир дагы учурду билбейбиз — а чынында алар мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык, дал ушундай кылуулары керек. (Же болбосо алар шектенүүгө кандай негиздердин бар экендигин сылык түрдө түшүндүрүүлөрү керек.)

Макул. Биз Ринат экөөбүз чынында эле атайын операциянын же рейддин күбөсү болдук дейли. Андай болгондо биз Кыргыз Республикасынын жарандары катары Конституция жана башка бир катар мыйзамдар тарабынан берилген кепилдиктерге таянуу менен окуяны видеого тарта алабыз.

Ооба, биз окуяны видеого тарттык.

Ага милициянын реакциясы төмөндөгүдөй болду:

Урматтуу окурмандар! Эгер видеодогу сөздөр даана угулбаса плеерде орусча субтитрлерди жандырсаңыздар болот.

Мен өлкөмдө мыйзамды милиционерлердин өзүлөрүнүн бузушун такыр каалабайм. Тилекке каршы, эгер биз, Кыргызстандын жарандары, мезгил-мезгили менен милициянын ишин текшерип, төлөгөн салыгыбыз үчүн бизди ким коргошу керектигин эске салып турбасак, милиция тараптан мыйзам бузуулардын азайышына жетише албайбыз.

Келгиле биз тарткан видеонун негизинде милиционерлерге карата силердин кандай укуктарга ээ экендигиңерди айтып берейин.

1-учур: Сиздер милиционерлердин башка адамдардын (алардын чет өлкөлүктөр же кыргызстандык экендиги маанилүү эмес) документтерин текшерип жаткандыктарын көрдүңүздөр

Сиздер төмөндөгүлөрдү кыла аласыздар:

Милиционерлердин өзүнөн документтерин талап кылуу

«Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамдын 8-беренесинде бардыгы так жазылган: «Ички иштер органдарынын кызматкерлери ушул Мыйзам тарабынан каралган учурлардан башка учурларда масканын артында болбошу керек, жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү».

Ошондой эле анда милиционерлердин өз документтерин кандай көрсөтүшү керектиги да кыйла кеңири көрсөтүлгөн: «Жаран милиция кызматкери менен сүйлөшүүдө кайсыл убакта болбосун кызматтык күбөлүгүнүн көрсөтүшүн талап кылууга укуктуу. Жооп катары кызматкер өз аты-жөнүн, иштеген жерин айтып, документин колунан чыгарбастан көрсөтүшү керек».

Сүрөткө жана видеого тартуу

Мындай укукту сиздерге Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдейт, тагыраагы анын 33-беренеси, анда төмөндөгүдөй деп жазылган: «Каалаган адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу жана башка жолдор аркылуу таркатууга укуктуу».

Чектөөлөр дагы бар, алар 29-берененин үчүнчү пунктунда жазылган: «Жеке адамга таандык болгон конфиденциалдуу маалыматтарды ал адамдын уруксаты жок (мыйзамда көрсөтүлгөн учурлардан башка учурларда) топтооого, сактоого жана таркатууга болбойт».

Бирок биздин учурга бул чектөөнүн эч тиешеси жок — милиционерлердин документ текшерүүсү эл арасындагы аракет болуп эсептелет, а милиционерлердин жумушун жеке жашоого киргизүүгө таптакыр мүмкүн эмес.

2-учур: Сиздерди милиционер токтотуп, документтериңизди сурады

Сиздер төмөнкү нерселерди кыла аласыздар:

Алгач милиционердин өзүнүн документин талап кылуу

Биз жогоруда сиздердин эмнеге мындай кылууга укугуңуздар бар экенин түшүндүрдүк.

Милиционерден рейд өткөрүү тууралуу буйрукту талап кылуу

Милиция кызматкери рейд өткөрүү тууралуу буйруктун көчүрмөсүн алып жүрүшү керек. Эгер буйруктун көчүрмөсү жок болсо алар сөзсүз түрдө жок дегенде буйруктун номурун, рейддин аталышын жана ал буйруктун качан чыккандыгын билиши керек.

Эгер милиционер сиз кандайдыр бир кылмыш кылууга же административдик укук бузууга шектелип жатканыңызды айтса, анда ал сизди эмнеге шектелип жаткандыгыңызды так түшүндүрүп, өз документтерин көрсөтүшү керек.

Эгер милиционер өз документтерин көрсөтүүдөн баш тартса анын талаптарына баш ийбөө

Бул жогоруда айтылган «Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамда өтө так жазылган:

«Ички иштер органы кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартканда жаран ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурдан башка учурларда ички иштер органдарынын талаптарына баш ийбөөгө укуктуу.

Берененин 4-бөлүгүндө кеп ал адамга карата расмий издөө жарыялангандыгы тууралуу айтылган. Бирок биздин бул нускамабыз чындыгында эле кылмыш кылып, издөөгө жарыяланган адамдар үчүн эмес — биздин нускама мыйзамды сыйлаган, эч кандай мыйзам, эреже бузбаган жарандарга багытталган.

Андыктан эгер сиздер издөөдө эмес экендигиңиздерге, а милиционерлер сиздерге баары бир өз документтерин көрсөтпөй жатышына ишенсеңиздер, анда эч ойлонбостон эле 102ге чалсаңыздар болот. Кээ бирде сиздер антүүгө жетишпей калышыңыздар мүмкүн же сиздерди андай кылуудан чектеп коюулары мүмкүн. Андай учурларда көчөнү жаңырта «Милиция!» деп кыйкырсаңыздар болот.

Баса, милиция формасын кийген адам менин документтеримди мыйзамсыз текшерүүгө аракет кылып, өз документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан учурда мага «Милиция!» деп кыйкырууга туура келген. Бул аракетим ага таасир этип, ал дароо качып кеткен.

Сиз тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн милиционер менен милиция бөлүмүнө баруу, бирок үч саттан ашык убакытка эмес

Сизде жаныңызда алып жүрүүгө милдеттүү болбогон кайсыл бир документ жок деп коелу.

Сиз чынында эле издөөдөгү адамдардын бирине окшош болуп, милиционерлер сизге өз документтерин, рейд тууралуу буйрукту көрсөтүшүп, сиздин милиция бөлүмүнө барышыңызды талап кылып туруп алышты деп коелу.

Андай учурда биз сиздерге алар менен бирге милиция бөлүмүнө баруу кеңешин беребиз, бирок ал кезде сиздер сүрөткө, видеого тартуу укуктарыңыздардын сакталып каларын эсиңиздерден чыгарбашыңыздар керек. Анан да биз сиздерге болушунча бардыгын жаздырып алууну сунуштайбыз, анткени азыркы учурда тилекке каршы биздин милицияга жүз пайыз ишенүүгө мүмкүн эмес.

Милиция сиздерди милиция бөлүмүндө үч сааттан ашык убакытка чейин кармап турууга укуктуу эмес. Эгер үч сааттын ичинде милиция сиз тууралуу маалыматтарды тактай албаган болсо, анда бул алардын көйгөйү жана сиздерди кое берүүгө милдеттүү болушат.

Милиционерлердин кандай аракеттеринен сак болуу керек?

Тилекке каршы, милиционерлер кээ бирде агрессивдүү болушу мүмкүн. Практика алар төмөндөгүдөй аракеттерге баруулары мүмкүндүгүн көрсөтүүдө, сиздер аларга даяр болушуңуздар керек:

Сүрөткө жана видеого тартууга тоскоолдук кылуулары мүмкүн

Эч нерсеге карабастан сүрөткө же видеого тартууңуздарды улантыңыздар. Мыйзамды биле тургандыгыңыздарды көрсөтүңүздөр — эреже катары, андай учурларда ак ниетсиз милиционерлер кетенчиктей түшүшөт.

Сиздерди көкүтүүгө аракет кылуулары мүмкүн

Биз менен болгон окуяда милиционерлердин бири аны велосипед менен түрткөндүгүбүздү айтып, бизди айыптуу кылууга аракет кылды. Бирок андай болгон эмес. Ал учурду дагы бир жолу көрүңүздөр:

Башкысы — бардыгын видеого тартып, дароо эле милиционерлерге каршы эч кандай укук бузуу жасабагандыктарыңыздарды камерага айтыңыздар. Териштирүү болуп калса бул сиздерге абдан жакшы жардам берет.

Алдоо

Биз менен болгон окуяда милиционерлер аргументтери түгөнгөн соң бизге документтерин видеого тартып баштаганга чейин эле көрсөткөндүктөрүн айтып чыгышты:

Алардын айткандары толугу менен калп. Андай болгон учурда милиционердин жалган айтып жатканын камерага дароо айтыңыздар.

Силерди мыйзамсыз кармашы мүмкүн

Милиционерлерге физикалык каршылык көрсөтпөй эле койгон оң, алар сиздерди мыйзамсыз кармап аткан күндө да. Бирок сиздер кыйкыра аласыздар — ага тыюу салынган эмес. Жардамга чакырып, «Милиция!» деп кыйкырыңыздар.

Акырына чейин бардыгын видеого тартып алууга аракет кылыңыздар. Эгер сиздердин камераңыздарды, телефонуңуздарды тартып алышып, видеого тартууга мүмкүнчүлүгүңүздөр жок болсо, анда сиздин кыйкырыгыңыз жолдо өтүп бара жаткан адамдардын көңүлүн бурдуруп, алардын бирөө окуяны видеого тартып алышы мүмкүн — кийин ал тасма сиздерге жакшы жардам бериши ыктымал.

Оппозициянын митингдерин чагылдыруу тажрыйбасы көрсөткөндөй, милиция кийин фактылардын бардыгын тең сиздер күнөөлүү болгондой жана кызматкерлерге каршылык көрсөткөндөй кылып көрсөтүп коюулары мүмкүн.

Кандай болгон күндө да видео-далил сиздерге эч качан тоскоолдук кылбайт, а соттордо акырына чейин барып, адилетсиз деп эсептеген чечимдер боюнча доо арыз жазып, эң жогорку баскычына чейин баш ийбеңиздер.

«Штаттан сырткаркы кызматкерлерди» тукуруулары мүмкүн

Штаттан сырткаркы кызматкерлер жакшы идеядан ИИМ системасындагы эң жаман көрүнүштөрдүн бирине айланышты.

Жол кайгуул кызматындагы коррупция тууралуу Болот Ибраимовдун иликтөөсү Ибраимов менен анын командасына каршы мыйзам бузуулар ИИМдин расмий маалыматтарында айтылгандай дал ошондой штаттан сырткаркы кызматкерлер тарабынан жасалган. Интернетте аны «Дрыщ» деп атап алышкан.

Биз менен болгон окуяда кризистүү учурда жарандык кийим кийген дагы бир милициялык «дрыщ» пайда болду. Биз ага учурда УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан белгилүү кесиптешин эсине салган соң биздин «дрыщ» дароо кетип калды.

Штаттан сырткаркы кызматкерлерден коркпоңуздар. Аларга «Дрыщ» менен болгон окуяны айтып бериңиздер.

Бирок кийин алар артыңыздардан кубалап, формачан адамдардан айырмаланып сиздерге ар кандай жаман иштерди жасашы мүмкүн. Андыктар этият болуп, болушунча баарын видеого тарууга аракет кылыңыздар.

Эпилог

Ооба, милиционерлер тарабынан жасалган мыйзам бузууларгга каршы күрөшүү — бул тобокелдүү жана коркунучтуу. Бирок сиздер жалгыз болуп турганда гана. Бирок биз, укук коргоо органдарынын таза болушун каалагандар көп болсок, анда милиционерлерге биздин укуктарды бузуу оор болот.

Эгер сиздер укук коргоо органдарынын ситемасында күрөшүү керек болгон кандайдыр бир олуттуу кемчиликтердин бар экенин сезсеңиздер, анда Клооптун иликтөө жүргүзүү боюнча сынагына билдирмелерди жөнөтүңүздөр.

Эгер сиздердин ал идеяңыздар өтүп кете турган болсо, анда коррупция көрүнүшүнө каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө гана ээ болбостон, ал үчүн керектүү болгон техникалык жана юридикалык колдоо, ошондой эле калем акы аласыздар.