Айлан Курди, сириялык үч жашар бала, Европага бараткан жолдо сууга чөгүп өлгөн. Анын түрк жээктеринен табылган сөөгү Сириядагы жарандык согуштун курмандыктарына дагы бир жолу көңүл бурдурду. Орусиядагы эмгек мигранты Азамат Төкөров өзүнүн блогунда бул окуяга карата ой-толгоосун билдирген.

Жазуунун түп нускасы Төкөровдун фейсбук барагында жарыяланган:

Кечир, Айлан

Дүйнөдө калыстык жок,
Адамдар айтып жүргөн
Ураандар, кыйкырыктар жалган беле?
Сүрөтүң көргөнүмдө
Көзүмдөн жаш чыкпады...
Жүрөгүм мерез болуп калган беле?
Жээгинде көк деңиздин,
Быйтыңдап чуркап жүрүп,
Оюндан чарчаганда уктап калган.
Башыңа жаздык кылып,
Кумдарды чачыраган,
Жамынып толкундарды шарпылдаган...

Эх, дүйнө!.. Эх, адамдар!..
Адамды адам жеген
Таш беле жүрөгүбүз ушунчалык?..
Жээгинде көк деңиздин,
Жамынып толкундарды
Периште уктап жатат муштумчалык...
Жер күйгөн, деңиз күйгөн,
Асманды түтүн каптап бозоргон бир.
Кышкыга күрмө издеп,
Дүкөндөн дүкөн кезем,
А бирөө өлүп жатат өзөргөн бир...

Сүрөт: Рейтерс.

Эки дөө күч сынашып,
Тиш кайрап айбаттана,
Тагдырын адамдардын уруп койбой.
Сирия полигондой,
Адамдын каны аккан,
Эртеңи планеттин тунук болбой.
Ата-энең тынчтык издеп,
От күйгөн алааматтан
Жер издеп мылтык үнү атылбаган...
Качкандай фараондон
Качышкан деңиз менен...
... Уктайсың толкун жаздап шарпылдаган...

Сен, дагы сага окшогон
Бөбөктөр миллиондоп,
Ачкадан, учкан октон өлүп жатат.
Жер гана Жердигинен
Түткөнсүйт бул кордукка...
Жер азыр кыяматты көрүп жатат.
Теледен, интернеттен,
Күн алыс жардыруу дейт...
Колумдан келбес иштей кетип айлам...
Унчукпай, коркуп жүрүп,
Катуу айтып унчуккандан,
Сени биз чогуу өлтүрдүк...
Кечир, Айлан!..