Ысык-Көл облусундагы Токтоян айылынын жашоочусу өндүрүштүк көлөмдө шире чыгаруучу аппарат жасады. Эми анын айылдаштары Караколго барбастан эле айылда шире чыгарып алып жатышат.

Токтоян айылынын жашоочусу Садыр Шатенов шире чыгаруу аппаратын жасоого 50 миң сом жана дээрлик бир жыл убакыт сарптаган. Ал айылдаштарын облус борбору Каракол шаарына барып убара болбосун деп, аларга шире чыгарууда жардам берүүнү каалаган.

041

«Бул жабдууну ойлоп табуумдун башкы себеби — айыл жашоочуларына пайда алып келип, шире чыгаруу», — деди Шатенов. Анын айтымында, аппарат үчүн зарыл болгон деталдарды табуу оор болгон, ошондуктан аны ишке киргизүүгө бир жылга жакын убакыт талап кылынган.

Эми Шатенов айылдаштарына алмадан шире чыгаруу кызматын көрсөтүп келет. Бир кап алмадан шире чыгаруунун баасы — 50 сом.

Айтымында, ага күнүнө алмадан шире чыгартууну каалган кардарларынын кеминде бирөөсү келет. А кээ бир күндөрү анын жабдуусунун алдында ондон ашык киши кезек күтүп туруп калган учурлар болот.

021

Токтоян айылынын тургуну Саламат Кайкиев жергиликтүү ишкерге алмаларын биринчи жолу алып келди. Айтымында, буга чейин шире чыгаруу үчүн ага алмаларын Каракол шаарына алып барууга туура келчү.

«Каракол шаарындагы шире чыгаруучу жайлардан айырмасы чоң, мында өзүбүздүн алмабыз, жакын жана арзан. Анан биз дүкөндөрдө сатылып жаткан ширелерге кандай заттардын кошулуп жатканын билбейбиз. А бул жакта биз ширенин кантип жасалып жатканын көрүп турабыз. Ошондуктан ал ишеничтүү жана пайдалуу», — деп эсептейт айыл тургуну.

Кайкиев айылда жаңы жабдуунун пайда болгонуна ыраазы.

051

Токтояндын Индира Исабекова аттуу жашоочусу жыл сайын алмаларын Караколго алып барып, алардан шире чыгартып келет. Ал айылда Шатеновдун шире чыгаруу аппаратынын пайда болгонуна карабастан быйыл да облус борборуна барганы жатат.

«Караколдо алма ширесин фильтрлешет, а мында — антишпейт. Ширени биз кышкыга даярдап жатабыз, ошондуктан айылда фильтрленбей даярдалган шире бузулуп кетеби деп чочулап жатам», — деп түшүндүрдү ал өз тандоосун.

011

Алма өстүрүү — Ысык-Көл облусундагы айыл жашоочуларынын негизги акча табуу булактарынын бири болуп эсептелет. Чогултулган алмалардан ширелер даярдалат же Кыргызстандын башка аймактарына сатылат.