Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылынын бийлиги жер титирөө маалында үйлөрү зыянга учураган үй-бүлөлөр убактылуу жергиликтүү мектепке көчүп  кирип турушса болорун билдирди. Айрым жабыр тарткандар мектеп имараты да коопту болушу мүмкүн деп чочулап жатышат.  

Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл башчысы Эсен Эрмаматов Kloop.kgге курган маегинде 101 үй-бүлө чатырларда жашап жатканын жана жер титирөөдөн кийин үйлөрү зыянга учурагандардын айрымдарын убактылуу жашап туруу үчүн мектепке көчүрүү чечими кабыл алынган билдирди.

Кызыл-Суу айылынын жашоочусу Сүйүнбай Байимбетов жакында болгон жер силкинүүлөрдөн жабыр тарткандардын катарында. Анын үйү жарым-жартылай урап калып,  жубайы жана сегиз баласы менен эки чатырда жашоого аргасыз.

Анын айтымында, чатырдагы орундардын жалпы аянты – 15 чарчы метр. Аны менен катар ар бир чатырда сегизден киши жашайт.

Байимбетов үй-бүлөсү менен жергиликтүү мектептин имаратына көчүп киргени жатканын, бирок ал үчүн сурам жөнөтүп, кезекке туруу керектигин айтты.

«Чатырлар абдан тар жана түнкүсүн суук, ошондуктан анын ичине меш курууга туура келген», — деди ал.

Билим берүү министри Эльвира Сариева «Фэйсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу  жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү убактылуу жайгаштыруу үчүн Кызыл-Суу айылындагы Нышанбаев жана Бактыгулов атындагы мектептерде 20 классты бошоткондуктарын билдирди.

Кызыл-Суунун дагы бир жашоочусу Максатбек Шубанов дагы чатырда жашап жатат. Ал жубайы жана балдары менен бирге дагы бир үй-бүлө менен чогу баш калкалоого аргасыз. Ал андагы шарттар ылайыксыз экенин айтты – көмүр жетишпейт, ошондуктан анда түнкүсүн абдан суук болот.

Кара-Суу райоунун үй-жайсыз калган жашоочулары үчүн чатырлар бөлүнгөн. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.
Кара-Суу райоунун үй-жайсыз калган жашоочулары үчүн чатырлар бөлүнгөн. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.

Шубанов мектепке көчүп барууну каалабайт, анткени анын айтымында, үч кабаттуу ал имараттын дубалдарында жаракалар бар.

«Биз убадалар аткарылып, кышка чейин турак-жай алабыз деп үмүттөнүп жатабыз», — деди Шубанов.

Ошол эле айылда жашаган Аттокур Асанбеков Kloop.kgге жабыр тарткандар үчүн бөлүнгөн чатырлардын саны көбөйгөнүн айтты.

«Кечээ дагы бир үй-бүлө менен бирге бир чатырда жашап жатканбыз, а бүгүн бизде өзүнчө чатырда жашоо мүмкүнчүлүгү пайда болду», — деп билдирди ал.

Түштүктөгү жер титирөөлөр

Кыргызстандын түштүгүндө 17-18-ноябрь күндөрү бир канча жолу жер титирөө катталган. Биринчи жер силкинүү 17-ноябрь күнү кечки саат 23:29да болгон. Анын очогу Ош облусунун Кара-Суу районунда катталып, андагы кубаттуулугу 7 баллды түзгөн.

Экинчи жер титирөө ошол эле райондо 18-ноябрь күнү түнкү саат 02:03тө болуп, силкинүү очогундагы кубаттуулугу 4 баллды түзгөн.

18-ноябрь күнү эртең менен жана күндүз дагы эки жер титирөө катталган, алардын магнитудасы 2-3 балл болгон.

Расмий маалыматтар боюнча, ал силкинүүлөрдөн 152 үй зыянга учураган:  алардын 140ы катуу зыян тартса, дагы 10 үй оңдоого болбой турган абалга жеткен.

IMG_1756

Премьер-министр Темир Сариев менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов апта аягына чейин жабыр тарткандардын жашап туруулары үчүн жылууланган контейнерлер жеткирилерин билдиришкен.

Кызыл-Суу айылынын башчысы Эсен Эрмаматов Kloop.kgге берген маегинде ал «азырынча сөз жүзүндө гана айтылганын» жана жабыр тарткандар аталган контейнерлерди ала электиктерин айтты.

ӨКМден сырткары жергиликтүү жашоочуларга Кызыл Жарым ай коому да жардам көрсөтүп жатат. Алар жабыр тарткандарга шейшептерди жана башка керектүү буюмдарды беришти. Ошондой эле үйлөрү зыянга учурабаган жашоочулар да жабыр тарткандарды киргизип алып жатышат.

Авторлор: Антон Козяев жана Айдана Канатбек