Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Хизб ут-Тахрир» радикалдуу экстремисттик уюмунун мүчөсү делген үч адамды кармады. Мекеменин билдирүүсү боюнча, алар «радикалдуулук идеологиясын таратуу» менен алектенип жүрүшкөн.

Кыргыз атайын кызматы 1-декабрда эки кыргызстандык менен бир орусиялыкты колго түшүрүштү — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсү боюнча, алар Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү.

Мекемеден билдиришкендей, кармалган үч адамга карата ридикалдуулук идеологиясын таратуу айыбы менен кылмыш иши козголду — УКМКдан алар жаш балдарды «Хизб ут-Тахрирдин» катарына кирүүгө зордоп келишкендигин белгилешүүдө.

«Тинтүү иштери жүргүзүлгөн жерден 600 нускадагы экстремисттик адабият, ошондой эле экстремисттик маалыматтарды камтыган электрондук алып жүрүү каражаттары алынып, документтештирилди», — деп билдиришти атайын кызматтан.

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» — 1953-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген эл аралык ислам саясий партиясы. Анын расмий максаттары катары ислам мамлекетин жана «адилеттүү ислам жашоо образын калбына келтирүү» көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда уюм радикалдуу экстремисттик деп табылган жана анын ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынган. Аны менен катар өлкөдө дагы 12 уюм террористтик жана экстремисстик деп табылган, алардын ичинде «Аль-Каида», «Талибан» жана «Өзбекстан ислам кыймылы» сыяктуу уюмдар бар.