Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 17-декабрдан 18-декабрга караган түнү №2 түзөтүү абагында камакта жаткан аялдардын бири качып кеткенин билдирди.

Ал буга чейин «уурулук» беренеси боюнча «бир нече жолу соттолгон» 32 жаштагы Айгүл Андаева.

«Болжол менен саат 22.20да көзөмөл кылуу тилкесинде адамдын издери табылган. Камактагыларды чогултуп текшергенде буга чейин уурулук үчүн бир канча жолу соттолгон Айгүл Андаеванын жок экендиги аныкталган», — деп жазылган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын пресс-релизинде.

ЖАМКнын маалыматы боюнча, Андаеванын жерлиги Ош облусунун Алай районундагы Таш-Короо айылы.

Белгисиз бойдон калууну каалаган булак Kloop.kgге ал абактын тосмосунан секирип өткөнүн билдирди.

Айгүл Андаева
Айгүл Андаева

Андаева №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып, качуу маалында абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылып (кийин ал ооруканада көз жумган) кеткенден эки ай өткөн соң качып кетүүдө.

Анда өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер кармалган “50 абактан «өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин» качып кетишинен улам ЖАМКнын иши катуу сынга алынган болчу.

Өз кезегинде ЖАМКнын башчысы Алик Мамыркулов бир канча жолу жазаларды аткаруу системасындагы каржылоонун жетишсиздиги тууралуу билдирип, ал сыяктуу качуулардын кайталанбастыгына кепилдик берген эмес.

2015-жылдын декабрында ал ЖАМК системасындагы 100 кызматкердин 10у гана профилдик билимге ээ экенин, а калгандары «көчөдөн жалданып алынгандыгын» мойнуна алган.