SpaceX аталышындагы америкалык жеке авиакосмикалык компания тарыхта биринчи жолу Falcon 9 ракетасынын биринчи баскычын жерге кондура алды. Ал орбитага 11 спутникти жеткирүү үчүн учурулган болчу.

Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү 22-декабрда АКШнын Флорида штатындагы Канаверал булуңунда жайгашкан космодромдо учурулган.

Ракета алып жүрүүчүнүн конуусунун видеосу:

«Медуза» жаңылыктар басылмасы ракетаны кондуруу компаниянын экинчи даражадагы маселеси болгонун жазды. SpaceX үчүн аны учуруунун башкы максаты Orbcomm компаниясынын 11 спутнигин орбитага жеткирүү болгон.

«SpaceXтин адистеринин алдында ракета алып жүрүүчүнүн биринчи баскычын жерге кондуруу, ошондой эле орбитада экинчи баскычтын кыймылдаткычын кайрадан ишке киргизүү маселеси турган», — деп жазды орусиялык «Слон» басылмасы.

Ракетанын учуусу менен жерге конуусунун толук видеосу:

Орбитага жеткирилген 11 спутник M2M коммерциялык билдирүүлөрүн тезирээк жана жакшы сапатта жеткирет, ошондой эле деңиз навигациясы үчүн пайдаланылган автоматтык идентификациялык системаны колдоосу керек болот. Алар жакынкы эки айда текшерүүдөн өтүп, штаттык режимде иштеп башташат.

«Кош келипсиң»

SpaceX тин негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск «Твиттердеги» баракчасына Falcon 9дун Канаверал булуңуна конуусунун сүрөтү менен видеосун жарыялап, 11 спутниктин орбитага ийгиликтүү жеткирилгенин жазды.

«Кайрадан кош келипсиң, балакай», — деп жазды Маск.

«Нью-Йорк Таймс» гезити бул ийгиликтери менен SpaceX башкы үч максатка жеткенин жазды:

•компания 2015-жылдын июнунда Эл аралык космикалык станция үчүн жүгү бар Falcon 9ду ийгиликсиз кое бергенден жарым жыл өткөн соң кайрадан ракета алып жүрүүчүлөрдү учурууга кайтып келди;

•SpaceX өзүнүн ракета алып жүрүүчүсүнүн дизайнын жакшыртты, а суюк кычкылтек эми мурдагы -148 градустун ордуна -171 градус Цельсияда муздайт, андан сырткары Falcon 9дагы керосин отуну да -6 градуска чейин муздайт. Масктын айтымында, бул кыймылдаткычтардын ишин жакшыртат;

•башкы максаты — спутниктер менен бирге экинчи баскычын орбитага жеткиргенден кийин ракета алып жүрүүчүнүн биринчи баскычынын кайтып келүүсү.

«Буга чейин SpaceX ракетанын биринчи баскычын деңиз платформасына кондурууга аракет кылган. Ракета анда платформага тийип, бирок дайыма түшүп кетип турган. Жыйынтыгында компания ракетаны жер бетине кондуруу чечимине келишкен», — деп жазды «Медуза».

Компаниядан эгер биринчи баскычына май куюп, кайрадан иштетүүгө мумкүн болсо, анда ал кийинки учурууларга кеткен чыгымдарды кыйла кыскартат деп эсептешүүдө. Масктын маалыматы боюнча, бул 16 млн. АКШ долларын үнөмдөйт — болгону 200 миң доллар кете турган май куюуга гана акча талап кылынып калат.

«Нью-Йорк Таймс» Илон Маскка шилтеме жасоо менен ракета алып жүрүүчүлөрдү кайрадан учуруу процессине бир нече жыл убакытты алышы мүмкүндүгүн жазды.

Ал ортодо 2016-жылдын январында SpaceX дагы эки ракета учурууну пландап жатканы белгилүү болду — бири коммерциялык спутник, экинчиси океан сууларын изилдөө үчүн НАСА пайдаланчу спутник.

Масктын айтымында, SpaceXтин 22-декабрда жерге конгон биринчи баскычы мындан кийин космоско таптакыр учурулбайт — ал тарых үчүн жерде калтырылат.

Space Exploration Technologies Corporation (SpaceX) — бул 2002-жылы Илон Маск тарабынан негизделген жеке авиакосмикалык корпорация, анын максаты космоско учуудагы чыгымдарды азайтуу жана келечекте Марсты багындыруу.