Экономика министрлиги жогорку жана кесиптик орто окуу жайларындагы тарифтерге болгон мамлекеттик көзөмөлдү жоюу тууралуу токтом долбоорун өкмөттүн кароосуна койду.

Токтом долбоору кыргыз өкмөтүнүн сайтына 22-декабрда жарыяланды.

Документке ылайык, Экономика министрлиги жогорку жана кесиптик орто окуу жайларда билим алуу үчүн белгиленчү тарифтерге болгон мамлекеттик антимонополдук көзөмөлдөөнү жоюуну сунуштап жатат.

«Билим берүү кызматтарына болгон тарифтерди көзөмөлдөөнүн учурдагы механизми жакшы натыйжа көрсөттү жана акча төлөнчү кызматтардын баалары өсүү тенденциясына ээ болуп, кардарлар тарабынан нааразычылыктарды жараткан постсоветтик мезгилде абдан зарыл болгон», — деп жазылган токтомго тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Документте экономика министри Арзыбек Кожошев баалар атаандаштык шартында рынок тарабынан аныкталышы керектигин белгилеген. Анын пикиринде, окуу жайлар төлөмдөрдүн өлчөмүн өлкө бийлиги менен макулдашып келген эски система азыр иштебейт.

Кожошев билим берүү кызматтарынын рыногу «атаандаш рынок» болуп эсептелет жана бул тармактагы бааларды аныктоого мамлекеттин кийлигишүүсүнүн «зарылчылыгы жок» деп эсептейт.

«Анан да [тарифтерди көзөмөлдөөнүн] чыныгы практикасы атаандаштык тармакта натыйжасыз жана билим берүү тармагынын өнүгүү процессин жайлатууда», — деген пикирде экономика министри.

Негиздеме-маалымкатта сунушталып жаткан токтом акы төлөнчү билим берүү кызматтарына болгон тарифтерди аныктаган учурдагы жобонун бир бөлүгү болуп калышы ыктымалдыгы жазылган. Тактап айтканда, мамлекеттик көзөмөл болбойт, бирок жогорку окуу жайлар билим берүү кызматтарынын бааларын эски эрежелер боюнча аныкташат.

Бааларды аныктоого мамлекеттин кийлигишүүсүн кыскартуу парламенттин жаңы чакырылышы тарабынан 2015-жылдын 5-ноябрында кабыл алынган Темир Сариевдин өкмөтүнүн «Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» программасынын бир бөлүгү болуп калды.

Өкмөттүн программасынын 2.8 бөлүмүндө эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн өлкө ичиндеги компаниялардын атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатууга зарыл болгон атаандаштыкты өнүктүрүү тууралуу айтылат.

«Жалпысынан адилеттүү атаандаштык рыноктун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Мамлекет адилеттүү рынокту кепилдеп же жалпы атаандаштыкты көзөмөлдөө системасын өзгөртүүсү керек», — деп жазылган өкмөттүн программасында.

Кыргызстанда 1997-жылдан бери билим берүү кызматтарына болгон тарифтерди антимонополдук көзөмөлдөө режими иштеп келет — жыл сайын жогорку жана кесиптик орто окуу жайлардын жетекчиликтери билим берүүнүн бааларын мамлекет менен макулдашат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 50 жогорку окуу жай бар — алардын 31и мамлекеттик жана 19у мамлекеттик эмес окуу жайлар.

Сүрөттө Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети.
Сүрөт: biom.kg