«Республика — Ата-Журт» фракциясы мамлекеттик ЖМКлар тарабынан оппозицияга көпчүлүк коалициясына берилгендей эфирдик убакыттын берилишин сунуштаган мыйзам долбоорун талкууга койду.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын мыйзам долбоору коомдук талкууга 23-декабрда коюлган.

Документ «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзамдагы ченемдерди алмаштырууну сунуштайт — алардын ичинде мамлекеттик ЖМКлардан оппозициянын ишмердүүлүгүн чагылдырууга көпчүлүк коалициясынын ишмердүүлүгү чагылдырылган көлөмдөгү убакыттын берилиши.

«Телевидение жана радиодон берилген маалыматтын көлөмү менен убактысы Көпчүлүк коалициясы менен парламенттик оппозициянын ишмердүүлүктөрүнүн пропорционалдуу чагылдырылышын эске алуу менен Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат», — деп алмаштырууну сунуштоодо 157-беренени «Республика — Ата-Журт» фракциясы.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, бул ченемди «Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырууну толук камсыз кылуу» үчүн регламент тууралуу мыйзамга киргизүү сунушталууда.

Кыргызстандын эң популярдуу мамлекеттик маалымат каражаты — бул өлкөнүн бардык аймагында көрсөткөн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК). Интернет-сегментте «Кабар» маалымат агенттиги, гезиттерден — «Кыргыз Туусу» менен «Слово Кыргызстана» басылмалары бар.

Аны менен катар «Республика — Ата-Журттун» мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик ЖМКлар парламенттик оппозициянын билдирүүлөрүн трансляцияга чейин жана андан кийин 20 мүнөт аралыгында комменарийлебеши жана ага баа бербеши керек.

«Маалымат берилген ошол эле каналдан кандай гана формада болбосун парламенттик оппозициянын ишмердүүлүгү тууралуу теле жана радиопрограммалардын комментарийленип, аларга баа берилишине тыюу салынат», — деп сунуштоодо фракция.

Көбүрөөк кепилдик

Ошондой эле мыйзам долбоору парламентте оппозицияны көбүрөөк артыкчылыктар менен камсыз кылууну сунуштайт:

• оппозициянын сөз сүйлөө убактысын так регламенттөө;
• кандай гана маселе болбосун пикирин айтуу мүмкүнчүлүгүн берүү;
• айына бир жолу парламенттин пленардык жыйынынын күн тартибине талкуусуз жана добуш берүүсүз маселелерди киргизүү.

Эгер өзгөртүүлөр кабыл алына турган болсо, анда оппозиция аптасына эки жолу 30 мүнөт аралыгында парламенттик көпчүлүк менен мамлекеттик органдардын (президент, өкмөт жана башка мекемелердин) расмий багыттарын аныктай алат. Оппозиция ушундай эле билдирүүнү аптасына бир жолу 10 мүнөт аралыгында жасай алат.

Фракция тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоорго тиркелген негиздеме-маалымкатка ылайык, өзгөртүүлөр парламенттик оппозициянын ишмердүүлүгүнүн конституциялык кепилдиктерин мыйзам деңгээлинде камсыз кылышы керек.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова Kloop.kgге курган маегинде көпчүлүк коалициясы регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарыл экенин «түшүнүшү керек».

«Оппозиция өлкөдө эмне болуп жатканын көбүрөөк көрсөтөт. […] Көпчүлүк коалициясы түбөлүк эч нерсе жок экенин жана каалаган учурда күчтөрдүн жайгашуусу алмашып кетиши мүмкүндүгүн түшүнүшү керек жана түшүнүп жатат. Ал өзгөртүүлөрүн аларга да кереги тиет», — деп белгиледи парламентарий.

«Кабыл албай да коюулары мүмкүн»

Саясат таануучу Эльмира Ногойбаева парламенттик оппозициянын демилгесин «өз учурунда сунушталган жана ачык» демилге, бирок ал кабыл алынбайт деп эсептейт.

«Жакынкы убактарда тартипке салуу саясаты жүргүзүлүп, мыйзам долбоору өтпөчүдөй сезилүүдө. Азыр чоң шайлоого [президенттик жана жергиликтүү кеңештерди шайлоо] даярдануу жүрүүдө жана бул мыйзам көпчүлүк коалициянын өз максаттарына жетишине тоскоолдук кылышы мүмкүн», — деди ал.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов көпчүлүк коалициясында «мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө карата бирдиктүү мамиле жок», ошондуктан регламентке сунушталган өзгөртүүлөр ага «пайдасыз» болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Сунушталган өзгөртүүлөрдүн кабыл алынаар-алынбасы боюнча азыр так кесе айтуу кыйын. «Республика — Ата-Журт» активдешип, системдүү оппозициянын ролун ойноого аракеттенүүдө», — деп белгиледи ал.

Kloop.kgнин редакциясы көпчүлүк коалиция өкүлдөрүнөн бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн алар менен байланыша алган жок.

Автор: Адилет Макенов