Kloop.kg жаңы жылдык түнгө майрамдык дасторкон даярдоо үчүн Бишкектин жашоочусуна канча акча кете тургандыгын эсептеп чыкты.

Оливье, «сельдь под шубой», шампан, газдалган суу, жемиштер жана негизги тамакка эт — Kloop.kgнин кабарчылары майрамдык дасторкон даярдоо үчүн ушул гана азыктарды эсептөө менен чектелди.

Редакция төрт соода жайындагы бааларды салыштырды — «Глобус» гипермаркети, «Народный» супермаркеттер түйүнү, Ош базары жана «Фрунзе» гипермаркеттер түйүнү.

Биздин эсеп боюнча, Бишкектин жашоочусу 5-10 киши үчүн майрамдык дасторкон даярдоого үч миң сомдун тегерегиндеги сумманы коротот. Бирок бул алкоголду эсептебегенде.

Биздин субъективдүү пикирибиз боюнча, майрамдык дасторкондо төмөнкү тамактар менен азыктар болушу керек:

— «Оливье» жана «селёдка под шубой» салаты (бир килограммына кошула турган азыктар);
— мандарин жана алма (бир килограммдан);
— помидор жана бадыраң (бир килограммдан);
— кондитер азыктары — конфет жана печенье (бир килограммдан);
— эт — семга стейки (0,5 кг) жана уйдун эти (бир килограмм);
— «Кока Кола» суусундугу (1 литр), «Садочок» ширеси (1 литр) жана «Совет шампаны» (1 литр).

Оливье — жаңы жылдык дасторкондогу эң башкы тамактардын бири.
Оливье — жаңы жылдык дасторкондогу эң башкы тамактардын бири.

1) Ош базары

Эгер Бишкектин жашоочусу биздин тизмедегилерди сатып алуу үчүн Ош базарына барса, анда орточо эсеп менен 2670 сом коротот.

Мында суусундуктарды майда-дүң дүкөндөрдөн сатып алып, өзүнүн эт цехтеринин бар болгондугунан улам этти орточо базар баасынан арзаныраак сатып алууга болорун эске алганда — бул вариант баары бир шаардыктар үчүн эң бюджеттүү болуп эсептелбейт.

Бирок Азиядагы базарлардын өзгөчөлүгү болуп эсептелген бааларды түшүрүп алууну эч ким жокко чыгарган жок.

• Оливье — 363 сом;
• Селёдка под шубой — 247 сом;
• мандарин — бир килограммы үчүн 90 сом;
• алма — бир килограммы үчүн 50 сом;
• помидор жана бадыраң — бир килограммы үчүн 220 сом;
• уйдун эти — бир килограмм үчүн 380 сом;
• семга — 0,5 килограмм салмактагы стейк үчүн 550 сом;
• «Кока Кола» — бир литри 40 сом;
• Натуралдык шире — бир литри үчүн 60 сом;
• «Совет» шампаны — бир бөтөлкөсү үчүн 150 сом.
• дасторконго таттуу — 520 сом (печенье, конфет жана шоколад конфеттеринен бир килограммдан).

«Селёдка под шубой» үчүн Бишкектин жашоочусу орточо эсеп менен 250 сом коротот.
«Селёдка под шубой» үчүн Бишкектин жашоочусу орточо эсеп менен 250 сом коротот.

2) «Народный» супермаркеттер түйүнү

Эгер керектүү азыктарды базарга барып алууга убакыт жок болуп калса шаар жашоочусу аларды оңой жеткиликтүү болгон «Народный» супермаркеттер түйүнүнөн ала алат. Анда орточо чек 3122 сомду түзөт.

Орточо эсептегенде мында баары тең Ош базары менен «Фрунзеден» кымбат, бирок «Глобустагыдай» эмес. Бирок мында «оливьеге» кошулчу азыктар кымбат жана салат үчүн бишкектиктер ири сумма коротушу керек болот.

• Оливье — 463 сом;
• Селёдка под шубой — 279 сом;
• мандарин — бир килограммы үчүн 120 сом;
• алма — бир килограммы үчүн 60 сом;
• помидор жана бадыраң — бир килограммы үчүн 340 сом;
• уйдун эти — бир килограммы үчүн 400 сом;
• семга — 0,5 килограмм салмактагы стейк үчүн 500 сом;
• «Кока Кола» — бир литри үчүн 45 сом;
• натуралдык шире — бир литрине 85 сом;
• «Совет» шампаны — бир бөтөлкөсү үчүн 180 сом.
• дасторконго таттуу — 650 сом (печенье, конфет жана шоколад конфеттеринен бир килограммдан).

Шампан майрамдык дасторкондун эң маанилүү атрибуттарынын бири болуп эсептелет. Анын кеңири тараганы «Совет шампаны» эсептелет, бирок акыркы кездери айрым бишкектиктер андан баш тартып, чет өлкөлөрдөн келген шампан түрлөрүн алып башташкан.
Шампан майрамдык дасторкондун эң маанилүү атрибуттарынын бири болуп эсептелет. Анын кеңири тараганы «Совет шампаны» эсептелет, бирок акыркы кездери айрым бишкектиктер андан баш тартып, чет өлкөлөрдөн келген шампан түрлөрүн алып башташкан.

3) «Фрунзе» гипермаркеттер түйүнү

Бишкектеги жаңы жылдык сатып алуулардын эң үнөмдүүсү. Kloop.kgнин редакциясы тарабынан тандалган товарлар үчүн орточо чек — 2689 сомду түздү.

Төмөндө келтирилген баалар Шабдан Баатыр (мурдагы Алматы көчөсү) жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук «Фрунзеден» алынды.

• Оливье — 401 сом;
• Селёдка под шубой — 248 сом;
• мандарин — бир килограммы үчүн 100 сом;
• алма — бир килограммы үчүн 60 сом;
• помидор жана бадыраң — бир килограммы үчүн 294 сом;
• уй эти — бир килограммы үчүн 380 сом;
• семга — 0,5 килограмм салмактагы стейк үчүн 395 сом;
• «Кока Кола» — бир литри үчүн 37 сом;
• натуралдык шире — бир литри үчүн 80 сом;
• «Совет» шампаны — бир бөтөлкөсү үчүн 184 сом.
• дасторконго таттуу — 510 сом (печенье, конфет жана шоколад конфеттеринен бир килограммдан).

Орточо эсеп менен майрамдык дасторкон үчүн Бишкектин жашоочусу 2700 сомдон 3000 сомго чейин корото алат. Бирок бул суммага алкоголь кирбейт.
Орточо эсеп менен майрамдык дасторкон үчүн Бишкектин жашоочусу 2700 сомдон 3000 сомго чейин корото алат. Бирок бул суммага алкоголь кирбейт.

4) «Глобус» гипермаркети

Майрамдык дасторкон үчүн биз тарабынан тандалган азык-түлүктөр үчүн Бишкектеги ири гипермаркет эң кымбат болуп чыкты — 3215 сом.

• Оливье — 445 сом;
• Селёдка под шубой — 287 сом;
• мандарин — бир килограммына 106 сом;
• алма — бир килограммы үчүн 56 сом;
• помидор жана бадыраң — бир килограммы үчүн 380 сом;
• уй эти — бир килограммы үчүн 480 сом;
• семга — 0,5 килограммдык салмактагы стейк үчүн 560 сом;
• «Кока Кола» — бир литри үчүн 38 сом;
• натуралдык шире — бир литри үчүн 65 сом;
• «Совет» шампаны — бир бөтөлкөсү үчүн 185 сом.
• дасторконго таттуу — 613 сом (печенье, конфет жана шоколад конфеттеринен бир килограммдан).

Авторлор: Зияра Асылбекова жана Перизат Нурланова.
Сүрөттөрдүн автору: Зияра Асылбекова.