Бишкектин Биринчи май райондук соту юрист Нурбек Токтакунов тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазылган доо арызды өндүрүшкө кабыл алган жок.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов «Фейсбуктагы» жеке баракчасына анын президентке каршы жазган доо арызын кайрадан кайтарып бергендиктерин жазды.

«Биринчи май райондук соту президенттин аппаратынын бөлүмү бойдон калуусун улантууда. […] Болгондо да чечими тууралуу эч кандай маалымат бербестен, көбүнчө даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин жеткирчү почта менен жөнөтүшкөн», — деп жазды ал.

Токтакунов Kloop.kgге курган маегинде анын чечимдин көчүрмөсүн берүү өтүнүчүнө арыз жазуусун талап кылышкандыктарын билдирди.

«Мен өзүм өлкө сыртындамын, бирок менин өкүлүм арыз жазууга аргасыз болду, доочунун өкүлүнүн сот чечимин алуу үчүн арыз жазышы өтө таң калычтуу. Бул атайын жасалган кыйкымчылдык», — деп билдирди юрист.

Токтакунов президентти экинчи жолу сотко берүүдө. Ал президенттин парламенттик шайлоодон кийин айткан сөздөрүнө нааразы — анда Атамбаев милдеттүү түрдө биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча Конституциялык палатага кайрылгандар «башка бирөөнүн буйрутмасын аткаргандыктарын» билдирген болчу.

Биринчи жолкусунда сот өлкө башчысынын айткандарынын юристке тиешеси жок экенин билдирип, анын доо арызын кабыл алуудан баш тарткан.

Ошол эле маалда бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинткендиги үчүн деп президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго каршы жазылган журналист Дайырбек Орунбековдун доо арызын өндүшкө кабыл алды.

Судья Айнура Сатарова президентке каршы жазылган ал арызды 28-январь күнү саат 16:00дө, а Ниязовго каршы жазылган арызды 1-февралда саат 15:00дө карайт.