Kloop.kg Кыргызстандагы ири банктардын акционерлерин бир материалга топтоду.

KICB

Өлкөдөгү ири банктардын бири — «Кыргыз инвестициялык кредит банкы» — Кыргызстандын өкмөтү тарабынан 2001-жылдын ортосунда негизделген. Учурда анын акционерлеринин тизмесиндегилердин басымдуу бөлүгүн чет өлкөлүк уюмдар түзүшөт.

kicb

Банктын акционерлеринин арасында акцияларынын 90%на ээлик кылган беш чет өлкөлүк уюм жана бир мамлекеттик орган — Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бар:

«Ага Хандын Экономикалык өнүгүү фонду», Франция — акциялардын 21,001%ы;
«Хабиб Банк Лимитед», Пакистан — акциялардын 18%ы;
«Эл аралык каржы корпорациясы», АКШ — акциялардын 17%ы;
«Инвестициялар менен өнүгүүнүн немис компаниясы», Германия — акциялардын 17%ы;
«Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы», Улуу Британия — акциялардын 16,999%ы;
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Кыргызстан — акциялардын 10%ы;

«Демир Банк»

1997-жылы ачылган «Демир Банк» акцияларынын 100%ы тең чет өлкөлүк инвестициялардан турган алгачкы каржы мекемеси болгон. Ал Кыргызстандагы биринчи коммерициялык банк болуп саналат.

demirbank

Банктын эки акционери бар — Халит Жынгыллыоглу жана «Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы».

Халит Жынгыллыоглу (Түркия) — акциялардын 92,5%ы;

Жынгыллыоглу — таасирдүү түрк ишкерлеринин үй-бүлө мүчөсү. Ал Түркия, Нидерланды, Германия, Бельгия, Румыния, Македония, Казакстан жана Кыргызстандагы каржы мекемелерине ээлик кылган C Group түрк конгломератын негиздеген.

Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы (Улуу Британия) — акциялардын 7,5%ы;

«Росинбанк»

«Росинбанк» — «Залкар Банктын» акцияларынын 90%ын Орусиянын «ИСБ Холдингине» сатуу жолу менен 2013-жылы түзүлгөн Кыргызстан рыногундагы жаңы каржы мекемеси.

rosinbank

Банктын эки акционери бар — Орусиянын «Инвестициялык Соода Бизнес Холдинги» («ИСБ Холдинг») акционердик коому жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча кыргыз фонду.

«ИСБ Холдинг» — акциялардын 90%ы;

«ИСБ Холдинг» — 2011-жылы негизделген акционердик коом. Ага чейин уюм жоопкерчилиги чектелген коом катары иштеп, беш негиздөөчүсүнө таандык болгон — Британиянын Виргинск аралдарындагы «Даровент Маркетинг Инк» компаниясы, Виталий Глевич, Владимир Гудков, Ярослав Калагурский жана Елена Феофанова.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — акциялардын 10%ы;

«Оптима банк»

«Оптима банк» 1992-жылы түзүлгөн. Андан бери ал аталышын бир канча жолу өзгөрткөн — «Кыргызмелбизнесбанк», «Кыргызэнергобанк», «Энергобанк», «АТФБанк — Кыргызстан», «ЮниКредит Банк». Азыркы расмий аталышы — «Оптима Банк».

optimabank

Жалпысынан банкка 30 акционер ээлик кылат — 14 жеке жана 16 юридикалык жактар.

«АТФБанк» — акциялардын 97,14%ы;

«АТФБанк» — «КазНитрогенГаз» компаниясы аркылуу Алматынын мурдагы акиминин күйөө баласы, Казакстандын эң бай адамдарынын бири Галимжан Есенов ээлик кылган казак банкы.

Калган 29 акционери белгисиз, аларга жалпысынан акциялардын 2,86%ы туура келет.

«РСК Банк»

«РСК Банк» алгач калкка кызмат көрсөтүү үчүн «Эсептешүү-сактык компаниясы («Расчетно-сберегательная компания») катары 1996-жылы ачылган. Компания 11 жылдан кийин банк ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алып, «РСК Банк» деп кайрадан каттоодон өткөн.

rskbank

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — акциялардын 100%ы;

«Кыргызстан»

«Кыргызстан» коммерциялык банкы өз ишмердүүлүгүн СССРдин Турак жай социалдык фондунун алдындагы Кыргыз ССРинин конторасы катары 1988-жылдын 1-январында баштаган. 1990-жылы ал АКБ «Кыргызстан» банкы болуп кайрадан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКсы деп катталган.

kyrgyzstanbank

 

Банктын 498 жеке акционери бар, алардын аты-жөндөрү менен акцияларынын үлүштөрү тууралуу маалыматтар ачык эмес. Банктын кварталдык отчетуна ылайык, акционерлердин бири дагы акциялардын беш пайыздан ашыгына ээлик кылбайт.

Со-автор: Сайкал Токтогулова