Transparency International эл аралык уюму коррупцияны кабылдоо индексин жарыялады — анда Кыргызстан 13 баскычка жогорулап, Казакстанга теңелген.

Transparency International дүйнөдөгү коррупцияны кабылдоо боюнча отчётун 27-январда жарыялады. Анда Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээлеп, Казакстан, Мадагаскар, Ливан жана Гватемала менен теңелген.

Кыргызстан 28 упайга ээ болгон — бул мындан мурдагы эки жылдагыдан бир упайга көп. Индекске ылайык, Кыргызстан менен Казакстан Борбордук Азиядагы жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн. Тажикстан 19, а Өзбекстан 26 упай алган.

Өлкөлөрдүн алган упайларынын саны нөлдөн жүзгө чейин өөдө-ылдый болуп турат. Нөл мамлекеттик сектордогу коррупциянын жогорку деңгээлин, а жүз эң төмөнкү деңгээлин көрсөтөт.

Transparency International уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Адылбек Шаршенбаев Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстан рейтингдеги көрсөткүчүн ачык өкмөт системасынын жардамы менен жакшырта аларын билдирди — айтымында, бул коомчулуктун чиновниктерди жоопкерчиликке тартуусуна жардам берет.

«Коррупцияны кабылдоо индекси коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн өлкөлөр ортосундагы атаандаштыкты жаратат. Коррупциянын өзүн аныктоо өтө кыйын. Кыргызстандын ИИМи жалпы коррупциянын 2%дан ашпаганын гана аныктап жатат», — деди ал.

Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин негиздөөчүсү Нурипа Муканова Кыргызстанда коррупцияны азайтуу үчүн мамлекет өлкөнүн жалпы экономикасын өнүктүрүшү керек деп эсептейт.

«Мамлекет жумушчу орундарды түзүп, экономикалык системаны өнүктүрүшү керек. Ошондой эле өкмөт мектептер менен жогорку окуу жайларга коррупцияга каршы агартуу иш-чараларын киргизүүсү керек. Биз коомдогу коррупцияга жол бербөөчүлүктү жогорулатышыбыз керек», — деди Муканова Kloop.kgге курган маегинде.

Дүйнөдө абал жакшырды, бирок баары бир коррупция «үстөмдүк кылууда»

Коррупцияны кабылдоо индекси 1993-жылдан бери жыл сайын Transparency International уюму тарабынан чыгарылып келет.

Дания экинчи жыл катары менен бул рейтингдин биринчи сабына жазылган. Акыркы орунду Түндүк Корея жана Сомали  өлкөлөрү ээлешкен.

Индекс эксперттер менен ишкердик чөйрөдөгүлөрдүн арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун маалыматтарынын негизинде түзүлөт. Сурамжылоо иштерин мамлекеттик башкарууну же бизнес-климатты анализдөө менен алектенген көз карандысыз уюмдар жүргүзүшөт.

«Коррупциянын үстөмдүк кылып турганына» карабастан Transparency International жалпысынан дүйнөдөгү абалдын жакшырганын белгилеген.

«Дүйнөдө коррупциянын дагы деле үстөмдүк кылып турганына карабастан 2015-жылдагы коррупцияны кабылдоо индексинде өз көрсөткүчтөрүн жакшырткан өлкөлөрдүн саны, позицияларын начарлаткан өлкөлөргө караганда көп болуп чыкты», — деп белгиленген отчетто.