Чүй облусунун Жайыл районунда спирт ичимдигин ичип алган адам мейманын «орус рулеткасын» ойноого көндүрүүгө аракет кылып, анын эрежелерин түшүндүрүп жатып өзүн атып алган, деп билдиришти милициядан.

Кокустук 17-январь күнү алкогол ичип отурган маалда болгон, деп билдиришти Чүй облустук ИИББсинин басма сөз кызматынан. Бирок анын чоо-жайы бүгүн гана белгилүү болду.

54 жаштагы үй ээси барабандуу тапанчасын алып чыгып, мейманына «орус рулеткасын» ойноону сунуштаган. Ал оюн эрежесин түшүндүрүп дубалга бир жолу аткан.

Мейманы баш тарткан. Анда үй ээси экинчи жолу өз чыкыйына атып жиберген.

Жаракат алган үй ээси «баш мээсинин жаракаты» жана «мээ комасы» диагнозу менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Ок чыгарылган тапанча экспертизага жөнөтүлгөн. Тергөөчүлөр курал кантип «орус рулеткасынын» оюнчусунун колунда болуп калганын териштирип жатышат.

«Орус рулеткасы» — барабандуу тапанчага бир ок салынып, андан соң ал жалгыз октун кайсыл жакта экенин эч ким билбеш үчүн айлантылып жашырыла турган кумар оюну.

Андан соң оюнчулар кезек менен тапанчаны өз баштарына такап атышат.