Кыргызстан парламентинин эки депутаты АКШ президенти Барак Обаманын жыл сайын Вашингтондо уюштурула турган сый тамагына чакырылган.

КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев менен «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев 2-февралда эртең менен Вашингтонго учуп кетишет, деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Парламенттин эл аралык бөлүмүнүн маалыматы боюнча, депутаттар АКШга барып келүүгө өз каражаттарын коротушат.

Парламенттин басма сөз кызматы дагы, эл аралык бөлүмү дагы эмне себептен чакыруу дал аталган эки эл өкүлүнө жөнөтүлгөнүн түшүндүрүп бере алышкан жок.

Жанар Акаев Kloop.kgге курган маегинде ага кандай себептерден улам чакыруу жөнөтүлгөнүн билбестигин айтып, АКШга өз каражаты менен барып келээрин ырастады.

Сый тамак — 1953-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан иш-чара. Ага АКШнын президенти, Сенат мүчөлөрү жана Палата өкүлдөрү, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн чакырылган меймандар катышышат.

Буга чейин АКШ Конгресси ал иш-чарага депутаттар Нургазы Айдаров, Карганбек Самаков жана Акматбек Келдибековду чакырган. Ошондой эле 2002-жылы өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев менен аны жубайы да чакыруу алышкан.

Сүрөт АКШ Ак үйүнүн сайтынан алынды