Kloop.kgнин редакциясы расмий маалыматтардын негизинде орто статистикалык кыргыз аялынын портретин түздү — ал кайсыл жакта туулган? эмне менен жашайт? канча баласы бар? каякта иштейт?

Материал окурманга кат түрүндө даярдалган. Анда Улуттук статистикалык комитеттин жыл сайын чыгып туруучу маалыматтары, көбүнчө 2014-жылдагы жана 2015-жылдын башталышына карата чыгарылган маалыматтар пайдаланылды. Макаланы даярдоодо кайсыл маалыматтардын пайдаланылгандыгын көрүү үчүн чычкандын курсорун асты сызылган сөздөргө алып барышыңыз керек.

Салам, менин атым Айгүл.

28 жаштамын. Мен — орто статисткалык кыргыз аялымын, эң кур дегенде мени расмий маалыматтар ушундай деп баяндап жазышат.

Мен Ош облусундагы в айылдардын биринде туулгам.

Орто мектепте окуп 11-классты бүтүргөм. Биз окууну аяктап жатканда эле мектептеги кыздардын биринин боюнда бар болгону эсимде.

12666346_1040796889296714_1362747349_n

Мектепти аяктагандан кийин мен бир нече жыл үйдө болуп, апама үй-тиричилигине жардам берип отуруп калдым. Мен жогорку билим алсам деп ойлончумун, анткени ал кезде менин классташтарымдын ар бир төртүнчүсү жогорку окуу жайларга тапшырышкан болчу.

Андан соң ата-энем менин иштеп башташым керектигимди айтып башташты — мага Орусияда иштеп жүргөн эжеме барышымды сунушташты, бирок мен баш тартып, жумуш издеп баштадым.

Мага бир нече жолу жумушумду алмаштырууга туура келди — дүкөндө сатуучу болуп, кампада иштегем, өндүрүштө да алектенгем.

12695744_1040797295963340_1674234935_n

Азыр менин эки балам бар — мен 23 жашымда, турмушка чыга электе эле балалуу болгом. Көз жаргандан үч ай өткөндөн кийин жигитим экөөбүз баш кошконбуз.

Ал менден үч жашка улуу. А эки ай мурда мен экинчи баламды төрөп алдым.

12696127_1040796989296704_2110681224_n

Биз жолдошум экөөбүз урушпастан ынтымактуу жашайбыз, кээ бирде коңшум үрөй учурган нерселерди айтып калат — аны күйөөсү сабайт, а өзү милицияга кайрылгандан коркот.

12695978_1040796955963374_1536081398_n

Жолдошум экөөбүз биригип биз 24 миң сом табабыз. Мен тигүүчү болуп иштейм, а күйөөм ири ишканада эмгектенет.

Жумуштан кийин мен үйгө келип балдар менен отурам, үй жыйнайм.

Үй жумуштары бүткөндөн кийин телевизордон сүйүктүү сериалымды же кино көрөм . Убакыт болуп калганда досторумду конокко чакырам жана алар менен бирге акыркы жаңылыктарды талкуулайбыз .

Мен жашоомо даттанбайм, анткени өз нанымды таап жеп атам — колу бутум соо. НБирок кээ бирде корком. Азыр күтүүсүздөн эле жумушсуз калууга боло турган убак болууда. Мисалы, менин курбум жеке фирмада бир нече жыл иштеген, бирок кыскартуулардан улам ал жактан кетүүгө аргасыз болгон .

12721918_1040797339296669_1736298456_n (1)

Азыр мен көбүнчө балдарды тарбиялоо менен алекмин, келечекте дагы бир балалуу болсом дейм. Жолдошум экөөбүз балдарыбыз жашоодо кыйынчылыктарга дуушар болбошу үчүн аларга жакшы билим берүүнү каалайбыз.

Бирок ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Кээ бирде апам жүрөгү ооруп атканын айтып даттанып калат .

Эртең эмне болорун күн мурун болжоп билүү дайыма кыйын.

Бирок мен дайыма баары жакшы болот деп ишенем жана үмүт кылам.

Иллюстрации: Була Анарбекова