Депутаттар Жогорку Нарын ГЭСтериндеги объектилердин курулушуна чынында эле $37 млн. сарпталганына ишенбей жатышат. Kloop.kgнин редакциясы тендердик документтерди карап чыгып, курулуш иштеринин жүрүшүндө кайсыл жалданма компаниянын канча акча иштеп тапканын аныктады.

12-февралда парламент депутаттарынан турган комиссия Орусия тараптан бөлүнгөн $37 млн. инвестициянын кандай сарпталгандыгын аныктоо үчүн Жогорку Нарын ГЭСтериндеги (ЖК ГЭСтери) объектилердин курулушу болгон жерге барып келишти.

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча эл аралык макулдашуудан чыккандыктан Орусияга ал $37 млн. кайтарып бериши керек.

Комиссия төрагасы, депутат Алмамбет Шыкмаматов курулуштарды карап чыгуу маалында объектилердин курулуш баасы жогорулатылганын билдирди.

«Бизге бардык сметалык документтерди «РусГидро» берди. Лоттордун көбү боюнча сатып алуу баалары жогорулатылып көрсөтүлгөн. Мисалы, алар $249 миңге айлана-чөйрөгө тийгизген зыянды баалоо боюнча кызматтар үчүн тендер өткөрүшкөн. Тендерди жеке лаборатория утуп алган, ал ГЭСтин айлана-чөйрөгө тийгизчү таасирин анализдөө үчүн гана ошондой сумманы алган», — деди ал.

«Жогорку Нарын ГЭСи» биргелешкен кыргыз-орус ишканасынын директору Александр Нарваев парламенттик комиссиянын 5-февралдагы жыйынында Орусия жалпысынан «эки миллиард сомго жакын каражат» бөлгөнүн айткан.

Ал 800 млн. сом техникалык-экономикалык негиздемеге (ТЭН) жана 260 млн. сом пионердик лагердин курулушуна сарпталганын билдирген. Нарваевдин айтымында, калган 1 млрд. сомдун сарпталышы боюнча маалыматтарды «Жогорку Нарын ГЭСтеринин» сайтынан табууга болот. 

Kloop.kgнин кабарчылары андагы тендердик документтердин бардыгын иликтеп чыгышып, сынактарга кайсыл жалданма компаниялардын катышкандыгын жана курулуш иштеринин жүрүшүндө алардын канча акча иштеп тапканын аныкташты.

Жалпысынан сайтта 410 млн. 729 миң сомдук 29 тендердик документ бар. Калган 500 млн. сомдон бир аз ашык каражаттын сарпталышы боюнча маалыматтар «Жогорку Нарын ГЭСтеринин» сайтында жок.

VN-GES-31

Айрым тендерлерде Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулуш долбоорлорун инвестициялаган орусиялык «РусГидро» компаниясынын туунду уюмдары жеңүүчү деп табылышкан.

Мисалы, төрт ГЭСтин курулушу үчүн ТЭНди түзүү менен «Ленгидрострой» туунду компаниясы алектенген — бул кызматтары үчүн ал 117,6 млн. сомдон ашык акча алган.

Тендерлердин бирин экологияга жооптуу болгон кыргыз аткаминери Байгабыл Төлөнгүтовдун компаниясы утуп алган. Шыкмаматовдун айтымында, «Чүй экологиялык лабораториясы» компаниясы тендердин жыйынтыктары жарыялангандан бир нече күндөн кийин Төлөнгүтовдун жубайынын атына кайра катталган.

Тендердин жеңүүчүлөрүнүн бири, «Геологгер» компаниясы соодалашуулардын жыйынтыктары чыккандан үч күн мурда гана каттоодон өткөн. Ал фирма жергиликтүү курулуш материалдарынын кендерин иштетүү жана иштетүү үчүн лицензияларды алууга техникалык жумушчу долбоорду аткаруу үчүн 1,5 млн. сом иштеп тапкан.

Жалданма компаниялар тууралуу кененирээк:

«Ленгидрострой» ААК (Орусия) — 117 млн. 690 миң сом

«Ленгидрострой» — жалгыз ээси болуп «РусГидро» эсептелген компания. Ал Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүндөгү төрт ГЭСтин курулушу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо менен алектенген.

Компания 2012-жылдын аягында «КПИИ Гидроэнергопроект» ЖАКсы жана «Укргидропроект» КАКынан (коомдук акционердик коом) озуп, тендердин жеңүүчүсү деп табылган. Сынакты өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу тендердик документтер сайтта жок, ошондой эле анда «Ленгидрострой» тарабынан сунушталган сумма да көрсөтүлгөн эмес.

117 млн. 690 миң сомдук сумма жеңүүчү жарыялангандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Жогорку Нарын ГЭСтери» ЖАКсынын жетекчилиги менен болгон 2013-жылдын октябрындагы жолугушуусунда: «Болгону үч айдын ичинде эле ээн талаада бардык керектүү инфраструктурасы менен кыштак курулган. Бул Орусиянын республи аймагындагы эң тез ишке ашырылып жаткан долбоору».
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Жогорку Нарын ГЭСтери» ЖАКсынын жетекчилиги менен болгон 2013-жылдын октябрындагы жолугушуусунда: «Болгону үч эле айдын ичинде ээн талаада бардык керектүү инфраструктурасы менен кыштак курулган. Бул Орусиянын республика аймагындагы эң тез ишке ашырылып жаткан долбоору».

«Абды-Зият» ЖЧШ (жоопкерчилиги чектелген шериктештик)(Казакстан) — 93,9 млн. сом

Казакстандын «Абды-Зият» компаниясы «Жогорку Нарын ГЭСтери» ЖАКсынын бетон байытуу чарбачылыгы (ББЧ) боюнча 93,9 млн. сомдук курулуш-монтаждоо иштерине жарыяланган тендерди утуп алган. ББЧга төмөндөгүлөр кирет: административдик имарат, көзөмөл-өткөрмө бекети, 80 тоннага ылайыкташкан автотаразалар, ыкчам автотаразалары, инерттүү материалдардын кампалары, комплекстүү трансформатордук подстанция, электр түйүндөрү жана курчоо.

«Абды-Зият» менен катар ал тендерге дагы эки кыргызстандык компания катышкан — «Строй NEXT» ЖЧКсы жана «Гидроэнергострой» ЖАКсы, «Гидрокурулуш» ЖЧКсы, «ЭвитСтрой» ЖЧКсы компанияларынын бирикмеси.

Бирок кыргыз фирмаларынын баалары жогору болуп чыккан: «Строй NEXT» келишим шарттарын 99,9 млн. сомго, а компаниялар бирикмеси 114,3 млн. сомго аткарууну сунуштаган. Жыйынтыгында казак компаниясы жеңүүчү болуп табылган.

«Абды-Зият» Түштүк-Казакстан облусундагы Шымкент шаарында катталган. Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин Статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, компанияда беш киши иштейт. Түзүүчүсү — Нурсеитов А.А.

Расмий түрдө компания «кандайдыр бир конкреттештирилбеген товарлардын кеңири түрлөрү менен дүңүнөн соодалашуу» менен алектенет.

«Кэмэр-Компани» ЖЧК (Кыргызстан) — 58,6 млн. сом

Бул компания жабдууларды жеткирүү жана «Нарын ГЭС-1» 35/10 подстанциясындагы II жабдуусу менен дизель электр станциясы боюнча монтаждоо иштерине жарыяланган 58,6 млн. сомдук тендерди жеңип алган.

«Кэмер-Компани» 2008-жылы каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгүнүн негизги түрү — электр монтаждоо иштери. Компанияны Гүлай Карымшакова башкарат.

Бул компания менен катар тендерге дагы үч фирма катышкан: «Шахтомонтажнакладка» ЖЧКсы, «Уральский Энергетический союз» ЖЧКсы жана «Профит-Экспресс» ЖЧКсы.

«Шахтомонтажнакладка» келишим шарттарын 58,8 млн. сомго, «Уральский Энергетический Союз» — 63,3 млн. сомго, а «Профит-Экспресс» — 81,88 млн. сомго аткарууну сунуштаган.

«ЭнергоАктив» ЖАК (Орусия) — 42,7 млн. сом

Москвада каттоодон өткөн «ЭнергоАктив» компаниясы талкалоо-ылгоо чарбасы боюнча жабдууларды жеткирүү, монтаждоо жана аракетке келтирүү-жөндөө иштери үчүн жарыяланган 42,7 млн сомдук тендерди жеңип алган.

Азыр аянтта дробильно-сортировочное хозяйство, предоставленное «НарынГидроЭнергостроем»
Азыр аянтта «НарынГидроЭнергострой» тарабынан жеткирилген талкалоо-ылгоо чарбасы турат

Федералдык салык кызматынын маалыматтарына ылайык, компания 2009-жылы каттоодон өткөн жана агенттер аркылуу дүңүнөн соода жүргүзүү менен алектенет. Түзүүчүсү катары Борисова Евгения Михайловна көрсөтүлгөн.

«Аграм» ЖЧК (Орусия) — 32,2 млн. сом

Орусиянын «Аграм» компаниясы бетон заводунун курулушуна жарыяланган тендерде өз кызматтары үчүн 32,2 млн сом сурап жеңишке жеткен.

«Аграмдын» экинчи турга катышуу укугун алган жалгыз атаандашы — челябинсктик «Стройконструкция» ЖЧКсы — өз кызматтары үчүн 30 млн. 300 миң сом сураган. «Аграм» болсо эки сунуш берген. Негизгиси 44,9 млн. сом жана альтернативдүүсү 32,2 млн. сом.

Компания Москвада 2009-жылы каттоодон өткөн. Түзүүчүсү — Петр Павлов менен Александр Гнездилов. Ишмердүүлүгүнүн башкы түрү — унаалар жана курулуш жабдуулары менен дүңүнөн соодалашуу.

Бетон заводу (борбордо)
Бетон заводу (борбордо)

«Паркан JVS» ЖЧШ (Казакстан) — 29,3 млн. сом

Алматынын «Паркан JVS» компаниясы «НГЭС-1» 35/10 кВ II жабдуусу, дизель электр станциясы жана жылуулук сактоо боюнча монтаждоо жана аракетке келтирүү-жөндөө иштери үчүн жарыяланган тендерди жеңип алган.

Объектиге коюлган техникалык талаптарды камтыган документтер «Нарын Гидронун» сайтында азыр жеткиликсиз.

Тендерге катышуу үчүн төрт компания билдирме берген, тендер комиссиясы алардын ичинен «Паркан JVS» менен «Эсам Токтогул» ЖЧКсын тандап алган (37 млн. сом).

«Шахтомонтажналадка» ЖЧК (Орусия) — 23,9 млн. сом

Компания пионер базасы менен майдалап сорттоо чарбасына электр-техникалык жабдууларды жеткирүү үчүн жарыяланган тендерди утуп алган. Жалпысынан тендерге катышууга Кыргызстандан төрт жана Орусиядан төрт компания билдирме берген.

Алардын экөөсү тандоонун кийинки баскычына өткөн жана аларга бааларды төмөндөтүү сунушталган. «Шахтомонтажналадка» кызмат баасын 3 млн. сомго (26,9 млн. сомдон 23,9 млн. сомго чейин) азайткан.

Анын жалгыз атаандашы «АКН Электрокомпани» ЖЧКсы алгачкы көрсөткөн баасын болгону 100 миң сомго төмөндөтүп (25 594 850 сомдон 25 494 000 сомго чейин), тендерде жеңишке жете алган эмес.

«Шахтомонтажналадка» ЖЧКсы 2008-жылы Хакасиянын Абакан шаарында каттоодон өткөн. Түзүүчүсү — Дементев Владимир Васильевич.

«Империя групп» ЖЧК (Кыргызстан) — 23,4 млн. сом

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл айылынын «Империя групп» компаниясы 23 350 595 сомдук «САРМ» көпүрөсүн куруу үчүн жарыяланган тендерде жеңип чыккан.

Көпүрө
Көпүрө

Жалпысынан тендерге 8 компания катышкан. Бирок тандоонун акыркы баскычына Жалал-Абад облусунун үч компаниясынын билдирмеси кабыл алынган — «Империя групп», «Кербенжолкурулуш» (28,3 млн.) жана  «Кыргызгидроспецстрой» (31,5 млн.).

«Империя групп» ЖЧКсы 2008-жылы негизделген. Ишмердүүлүгүнүн негизги түрү — шоссе жана автомагистралдарды куруу. Жетекчиси — Зайырбек Сарсеитов.

«Оптим-Кран» ЖЧК (Орусия) — 18,1 млн. рубль

Калининграддын «Оптим-Кран» компаниясы 18,1 млн. рублдик аяктуу көтөргүч куруу тендеринде жеңген. 2009-жылы Калининград облусундагы Светлый шаарында каттоодон өткөн.

Аяктуу көтөргүч
Аяктуу көтөргүч

Түзүүчүсү Дементев Владимир Васильевич («Шахтомонтажналадканыкындай»). Ишмердүүлүгүнүн негизги түрү — имараттарды оңдоо жана түрттүрүү, жер казуу иштери.

Тендердеги жалгыз атаандашы «Уралкран» ЖЧКсы өз кызматтары үчүн 18,8 миллион рубль же  «Оптим-Крандан» 766 миң рублге көп акча сураган.  

«Чүй экологиялык лабораториясы» (Кыргызстан) — 13,5 млн. сом

Кара-Балтада катталган компания ГЭСтин курулушунун айлана-чөйрөгө тийгизчү таасирин баалоо үчүн жарыяланган тендерде утуп чыккан.

Депутаттык комиссиянын башчысы Алмамбет Шыкмаматов аталган компаниянын жетекчиси Байгабыл Төлөнгүтов тендер өткөрүлгөн маалда Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук тармактарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик борборду жетектеп тургандыгын билдирген.

Депутаттын айтымында, «Чүй экологиялык лабораториясынын» баалоосун дал ошол чиновник жактырган.

Юстиция министрлигинин маалыматтарына ылайык, «Чүй экологиялык лабораториясы» ЖЧКсы тендердин жыйынтыктары жарыялангандан үч күндөн кийин кайрадан катталган. Компаниянын өзү 1993-жылы каттоодон өткөн. Азыр анын түзүүчүсү катары Баян Алымбекова көрсөтүлгөн.

Тендерге катышууга Кыргызстандын беш компаниясы билдирме берген. Бирок «Чүй экологиялык лабораториясынын» жалгыз атаандашы «Интерсервис-НТВ» ЖЧКсы болуп, ал өз кызматтары үчүн 14,2 млн. сом сураган.

Билдирме берген калган беш компаниянын кандай жол менен тандоодон өтпөй калгандыгы Жогорку Нарын ГЭСтеринин сайтында так жазылган эмес.

«Лоджик» ААК (Кыргызстан) — 11,6 млн. сом

Бишкектин «Лоджик» компаниясы жалпы баасы 11,6 миллион болгон үч тендерде утуп чыккан.

Биринчи тендер 7,2 млн. сомго кеңсе техникасын жеткирүү. Сатылып алынган жабдуулардын арасында — процессорлор, принтерлер, сканерлер, программалык камсыздоо топтомдору, ноутбуктар, маршрутизаторлор жана Canon Mark III фотоаппараты бар.

Тендердин экинчи катышуучусу «Continent Trade» ЖЧКсынын 4,7 млн. сомдук билдирмеси комиссия тарабынан кабыл алынган эмес.

Биринчи баскычында комиссия «Лоджик» ААКсы (алгачкы билдирмеси 7,3 млн. сом) менен «Solbi Company» ЖЧКсына (алгачкы билдирмеси 7,2 млн. сом) бааларды төмөндөтүүнү сунуштаган. «Solbi Company» баасын төмөндөткөн эмес, «Лоджик» болсо 110 миңге төмөндөтүп, тендерде жеңип чыккан.

SAG_4834

Экинчиси — кеңсенин ишин уюштурууга жабдууларды жеткирүү, тармактык инфраструктураны түзүү, маалыматтарды сактоо борборун уюштуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн жарыяланган 2,2 млн. сомдук тендер.

Сатылып алынган жабдуулардын арасында — ноутбуктар, программалык камсыздоо, маалыматтарды сактоо үчүн түзмөктөр бар.

Бул тендерге үч компания катышкан — «Solbi Company» (2,1 млн.), «Green Light» (2,24 млн.) жана «Лоджик» (2,23 млн.). Бул жолкусунда комиссия «Solbi Company» компаниясынын билдирмесин талаптарга жооп бербейт деп таап, аны кабыл алуудан баш тарткан. Жыйынтыгында сынакта «Лоджик» жеңип чыккан.

«Лоджик» компаниясы жеңишке жеткен үчүнчү тендер — 2,244 млн. сомго программалык камсыздоо сатып алуу үчүн жарыяланган.

«Лоджик» сунуштаган сумма анын жалгыз атаандашы «LITech» ЖЧКсынын сунушунан (2,248 миллион сом) 4 миң сомго арзан болгон.

«Лоджик» компаниясы 2008-жылдан бери иштеп келет. Түзүүчүсү — Артем Клименко менен Таалайбек Асанбаев.

2015-жылдын февралы: ал кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышууда. «Бул долбоор биз үчүн зарыл. Аны ишке ашыруу жумуштары бир калыпта жүрүүдө. Биз бул долбоорду өз мөөнөтүндө бүткөрүшүбүз керек», — деп билдирген анда Оторбаев.
2015-жылдын февралы: ал кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышууда. «Бул долбоор биз үчүн зарыл. Аны ишке ашыруу жумуштары бир калыпта жүрүүдө. Биз бул долбоорду өз мөөнөтүндө бүткөрүшүбүз керек», — деп билдирген анда Оторбаев.

«Сибирь-инжиниринг» ЖЧК (Орусия) — 9,8 млн. сом

Красноярсктын компаниясы долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана Жогорку Нарын ГЭСтери аймактагы энергосистемага кандай ылайыкташары, ошондой эле аларда канча кубаттуулук иштелип чыгарыларын баалоо үчүн жарыяланган тендерде утуп чыккан.

Бул лот боюнча тендер эки жолу өткөрүлгөн.

Биринчи жолкусунда комиссия сынакка көбүрөөк катышуучу тартуу зарыл деген чечимге келген — анда болгону эки гана компания билдирме берген: Москванын «Энергосетьстройпроект» ЖАКсы (13,4 млн.) менен Новосибирсктин «Сибирский энергетический научно-технический центр» ЖАКсы (12,7 млн.). Жыйынтыгында тендердин кайрадан өткөрүлө тургандыгы жарыяланган.

Бирок экинчи жолкусуна да эки эле компания билдирме берген — Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Кыргыз мамлекеттик «Энергопроект» илимий-изилдөө жана долборлоо-изилдөө институту (9,8 млн. сом) менен «Сибирь-инжиниринг» (9,78 млн. сом).

«Сибирь-инжиниринг» компаниясы 2007-жылдан бери ири энергетикалык объектилерди долборлоо менен алектенип келет. Түзүүчүсү — Дмитрий Крылов менен Сергей Савин.

«Примевара» ЖЧК (Кыргызстан) — 9,1 млн. сом

Бишкектин «Примевара» курулуш компаниясы жалпы баасы 9 млн. сомдук эки тендерде жеңип чыккан.

Биринчиси — лабораториялык комплекске 7 422 990 сомго жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү үчүн жарыяланган.

Ал тендерде «Примевара» кызматтары үчүн өзүнүн башкы атаандашы болгон «Строй Next» (7 427 077 сом) компаниясынан болгону 5 миң сомго гана аз акча сураган.

Экинчиси — пионердик базага 1,7 млн. сомго жабдуулар менен жылытуучу орнотмолорду жеткирүү үчүн жарыяланган. Анда «Примевара» үч атаандашын артка калтырган — «АлтайЭнергоСоюз» (2,7 млн.), «Строй NEXT» (2,7 млн.) жана «ЦФЭР СибирьЭнерго» (2,8 млн.).

Пионер базасы
Пионер базасы

Компаниянын түзүүчүсү — Владимир Дудин. Юридикалык тараптардын базасындагы маалыматтарга ылайык, компания 1997-жылы кайрадан каттоодон өткөн.

«Дост-Строй» ЖЧК (Кыргызстан) — 7,9 млн. сом

Бишкектин «Дост-Строй» компаниясы нөөмөт кыштагы үчүн видеожабдуу жана суу бургуч боюнча жабдууларды жеткирүү тендерин утуп алган.

Нөөмөт кыштагы
Нөөмөт кыштагы

Тендер 2014-жылдын августунда өткөрүлгөн. «Дост-Стройдун» атаандашы катары «Судостроительно-судоремонтное ОА «Ак-Кеме» компаниясы (8,2 млн.) катышкан. Компаниянын түзүүчүсү — Нурлан Кичинебатыров.

«ЮгСпецЭнергоМонтаж» ЖЧК жана «Ак-Шумкар» ЖАК (Кыргызстан) — 7,9 млн. сом

2015-жылдын мартында Бишкектин «ЮгСпецЭнергоМонтаж» жана Кара-Көлдүн «Ак-Шумкар» компанияларынын биргелешкен билдирмеси пионер базасындагы аяктуу көтөргүчтүн 7 858 539 сомдук кран жолдорун курууга жарыяланган тендерди утуп алышкан.

Алардын башкы атаандашы «Строй Next» ЖЧКсы өз кызматтары үчүн 9,3 млн. сом сураган. Макала жарыяланып жаткан маалда бул тендер тууралуу документтер Жогорку Нарын ГЭСтеринин сайтында жок болуп калды.

«ЮгСпецЭнергоМонтаж» компаниясы 2011-жылы негизделген. Түзүүчүлөрү — Сайпидин Осмоналиев менен «ХЭНГО» жабык акционердик коому. Акыркы компания Юстиция министрлигиндеги юридикалык тараптардын тизмесинде жок.

«Ак-Шумкар» ЖАКсынын түзүүчүсү — Зайырбек Женалиев. Компания 2011-жылы негизделген.

«Альфа Эсквайр» ЖЧК (Кыргызстан) — 7,8 млн. сом

«Альфа Эсквайр» күзөт агенттиги нөөмөт кыштагын, өндүрүш жана пионер базаларын кайтаруу үчүн жарыяланган тендерди утуп алган.

«Альфа Эсквайрдын» кызматкерлери 2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын февралына чейин 7,8 млн. сомго объектинин аймагына чоочундарды киргизбей, уурулукка жол бербей, кызматкерлерди кайтарышы керек болчу.

Кайтаруу боюнча тендерге беш компания билдирме берген, бирок комиссия алардын экөөсүнүн гана катышуусуна уруксат берген. «Альфа Эсквайрдын» башкы атаандашы «Аякс-Групп» компаниясы (8,5 млн. сом) болгон.

«Альфа Эсквайр» ЖЧКсынын түзүүчүсү — Асель Сейталиева, учурдагы жетекчиси — Нурлан Асеков.

«TechnoBrand» ЖЧК (Кыргызстан) — 4,4 млн. сом

Компания 4 353 540 сомдук суммага жумушчулардын тамактануусун уюштурууга жабдууларды жеткирүү үчүн жарыяланган тендерде жеңүүчү деп табылган.

Катышуу үчүн беш компания билдирме берген, биринчи этаптан кийин комиссия алардын экөөсүн тандап алган — «TechnoBrand» (4,353 млн.) жана «ЦФЭР СибирьЭнерго» (4,499 млн.). Тендерди өткөрүүдө комиссия катышуучуларга кызмат бааларын бир аз төмөндөтүүнү сунуштаган, бирок алар төмөндөтүшкөн эмес.

Сатылып алынган жабдуулардын арасында — ашканага эмеректери жана ашүйгө жабдуулар бар.

«TechnoBrand» ЖЧКсы 2010-жылы негизделген. Түзүүчүсү — Александр Куцевалов.

Жумушчулардын тамактануусу үчүн жабдылган ашүй
Жумушчулардын тамактануусу үчүн жабдылган ашүй
Жумушчулар үчүн ашкана
Жумушчулар үчүн ашкана

«Full Mobili» ЖЧК (Кыргызстан) — 3,4 млн. сом

«Full Mobili» компаниясы 3,39 млн. сомго кеңсе эмеректерин жеткирүү үчүн жарыяланган тендерде жеңип чыккан.

Ал суммага 78 үстөл, 105 шкаф, 111 кресло, 54 отургуч, үч эмерек топтому, үч журнал үстөлү, 35 тумба, жыйындар үчүн эки үстөл, 10 кийим илгич, эки текче жана эки сейф кирген.

Тендерге катышуу үчүн 7 компания билдирме берген, алардын 5и сунуштаган баалары төмөн болгондугуна карабастан техникалык документтердин талаптарына ылайык өтпөй калышкан.

Өтүп кеткен экөөсүнө — «Full Mobili» (3,759 млн.) менен «Примакомго» (3,779 млн.) — комиссия бааларды төмөндөтүүнү сунуштаган. «Full Mobili» кызмат бааларын 360 миң сомго же 3,39 млн. сомго чейин, а «Примаком» — 372 миң сомго же 3,4 млн. сомго чейин төмөндөткөн.

«Full Mobili» компаниясы 1997-жылдан бери иштеп келет. Түзүүчүсү — Болотбек Исахунов.

Medpunkt-copy

«Веденеев атындагы Жалпы орусиялык гидротехникалардын илимий-изилдөө институту» ААК (Орусия) — 3,3 млн. сом

Б.Е.Веденеев атындагы Жалпы орусиялык гидротехникалардын илимий-изилдөө институту (ЖГИИ) ГЭСтин курулушуна бетон курамын тандоо иштери үчүн жарыяланган 3,3 млн. сомдук тендерди утуп алган.

Веденеев атындагы ЖГИИнин башкы ээси — «РусГидро» компаниясынын өзү. Тендерде анын жалгыз атаандашы «Материалдар менен кошулмаларды илимий-өндүрүү борбору» ЖАКсы болгон, ал өз кызматтары үчүн 3,75 млн. сом сураган.

«АлтайЭнергоСоюз» ЖЧК (Орусия) — 2,88 млн. рубль

«АлтайЭнергоСоюз» компаниясы автотараза орнотмосу үчүн жабдууларды жеткирүү жана монтаждоо иштери үчүн жарыяланган тендерде жеңүүчү деп табылган. Компания тендердин жыйынтыктары жарыялангандан бир ай мурда Алтай крайынын Барнаул шаарында катталган. Түзүүчүсү — Дмитрий Жданов.

«АлтайЭнергоСоюздун» сынакка катышуу укугун алган жалгыз атаандашы «ЦФЭР СибирьЭнерго» (2,9 млн.) компаниясы болгон, ал дагы Барнаулда катталган.

Жеке ишкер Миляева К.М. (Кыргызстан) — 2,7 млн. сом

«Рекламный двор» агенттигине ээлик кылган компания 2,7 миллион сомдук жарнама өндүрүмдөрү менен кызматтарын иштеп чыгуу үчүн жарыяланган тендерди утуп алган.

ЖНГЭСке төмөндөгүдөй жарнамалык кызматтар менен товарлар талап кылынган:

  • имидждик продукция (визиткалар, жылсанактар, желекчелер, күндөлүктөр, футболкалар, бейсболкалар, кермелер, калемсаптар ж.б.);
  • ЖНГЭСтеринин имиджин жогорулатуу үчүн телеканалдарга курулуш иштери тууралуу сюжеттерди чыгаруу;
  • сайтты иштеп чыгуу жана аны соцтүйүндөрдө жайылтуу;
  • имидждик роликтер менен тасмаларды түзүү;
  • курулуш иштери жүрүп жаткан жерге пресс-тур;

Тендерге катышууга төрт компания билдирме берген, алардын экөөсү тандоодон өтпөй калышкан. Жеке ишкер Миляева К.М.дин атаандашы «Пресс-клуб плюс» компаниясы болгон, ал өз кызматтары үчүн 2,995 млн. сом сураган, бул тендер жеңүүчүсүнүн сунушунан 250 миңге көп.

«Жогорку Нарын ГЭСтери» ишканасынын башкы директорунун айтымында, компания азырынча 200 миң сомдук кызматтарын аткарган, калган акчаларды кайтарып берүүнү убадалаган.

«Кыргызинстрах» САК (стратегиялык акционердик коом) (Кыргызстан) — 1,54 млн. сом

Трансулуттук «Ингосстрах» тобу менен «Кыргызинстрах» компаниясы эки тендерди утуп алган:

Биринчиси — 1,4 млн. сомго ГЭСтеги объектилерди куруудагы тобокелчиликтерди камсыздандыруу үчүн жарыяланган.

Тендерге төрт компания катышкан:

  • «КЫРГЫЗСТАН» камсыздандыруу компаниясы» ЖАКсы  1,6 млн. сом;
  • «КЫРГЫЗИНСТРАХ» САКсы 1,4 млн. сом;
  • «Арсеналъ-Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы» ЖАКсы 1,6 млн. сом;
  • «Росстрах-Кыргызстан»  камсыздандыруу компаниясы» ЖАКсы 1,5 млн. сом;

Экинчиси — 144 миң сомго КАСКО (Жоопкерчиликтен сырткары комплекстүү автоунаа камсыздандыруу) жана ОСАГО (жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу) боюнча администравтивдик персоналдын автоунааларын камсыздандыруу тендери.

Glavnyj-vhod-v-poselok-GES-copy

«Геологгер» ЖЧК (Кыргызстан) — 1,5 млн. сом

Бишкек компаниясы жергиликтүү курулуш материалдарынын кендерин иштетүү жана иштетүүгө лицензия алуу үчүн техникалык жумушчу долбоорду аткарууга жарыяланган тендерде жеңүүчү деп табылган.

«Геологгер» аталышындагы компания юридикалык тараптардын базасында жок. Тендердик документтерде көрсөтүлгөн дарек боюнча «Геологгер плюс» компаниясы катталган, ал тендердин жыйынтыктары жарыялангандан үч күн мурда, 2015-жылдын 2-мартында катталган.

Түзүүчүсү — Антон Горшков.

«Геологгердин» сунушу анын жалгыз атаандашы — «ТС Plus» ЖЧКсынын сунушунан болгону 148 сомго гана пайдалуураак болгон.

«Жумгалсуукурулуш» ААК — 1 млн. сом

Нарындын «Жумгалсуукурулуш» компаниясы тоннасына 3200 сом сунуштап, 1 миллион сомдук көмүр жеткирүү тендерин утуп алган. Компания Нарын облусунун Чаек айылында катталган. Түзүүчүсү катары 101 киши көрсөтүлгөн.