«Жарайт Сити» скетч-шоусунун сценаристи жана актёр Алинур Абдыкалыков шоунун авторлору кандай көйгөйлөргө туш болгондуктары, баарынан да аларды кимдердин жакшы көрө тургандыктары жана долбоордун авторлорунун «Движение кылыш керек» деген жаңы тасмасы тууралуу айтып берди.

Аудионун түп нускасы Sorok2 порталына чыккан.

«Жарайт Сити» комедиялык долбоору 2015-жылдын сентябрында чыккан.  Скетч-шоунун жаратуучулары кыргыз коомунда калыптанып калган көнүмүш адаттарды шылдыңга алуудан коркушпайт, дейт долбоордун сценаристи жана актер Алинур Абдыкалыков.

«Бизде жашырылган кичинекей социалдык жөнөтмө бар: биз көйгөйлөрүбуздү шылдыңга алабыз. Бизде көйгөй барбы? Аны шылдыңга алуу керек, аны юмор менен көрсөтүү керек», — деди ал.

Абдыкалыков айткандай, долбоордун командасы бир күндүн ичинде 10го жакын скетч тартат.

«Биз милдеттүү түрдө белгиленген убакта чогулабыз, ал убакка чейин бардык реквизиттер даяр болуп, администраторлор ордуларында болуп, тарта турган аянт толук даяр болуп, бардыгы так пландалган болушу керек. Эгер бир күндүн ичинде 10 скетч тартууну пландасак, анда биз ага жетишебиз, анткени бизде иштөөнү каалаган профессионал команда топтолгон»,— дейт актёр.

Комедиялык шоуну тартуу өткөн жылдын май айында башталган. Бирок Абдыкалыковдун айтымында, ага чейин продюсерлер тараптан сунуштардын жоктугуна байланышкан көйгөйлөр болгон.

«Баары кыйын болгон, сунуштар аз болгон. Анан апрелде Аскат Табалдиев менен Данияр Болотбековдон сунуш түштү, биз дароо эле макул болуп, тартып баштадык»,— деди сценарист.

Ошондой эле кыйынчылыктар тартуу аянттарында да болуп турган. Көпчүлүк учурларда «Жарайт Ситинин» командасына тигил же бул жерде тартып алууга уруксат берилген эмес.

«Долбоор жаңы башталганда адамдар менен келишүү абдан оор болгон, алар [долбоордун администраторлору] ал жакка барып ушундай долбоор тартып жатабыз деп тартууга уруксат сурашат,   а аларга: «жок, бул жерде тартууга болбойт» деп жооп беришет. Бул сыяктуу кыйынчылыктар абдан эле көп болгон. Качан декабрда сериялары чыга баштагандан кийин жеңилирээк болуп калды. Барып биз «Жарайт Ситиденбиз» деп айтсаң эле: «ооба, албетте, келгиле, тарткыла» деп калышты. Кыйынчылыктар биздин администраторлордо көп болгон, а бизде баары даяр болчу, тактай айтканда, биз сценарий жазып бүткөндөн кийин эле тартышыбыз керек болгон», — деди ал.

Абдыкалыковдун айтымында, «Жарайт Сити» долбооруна чейин ал «чыгармачылык тукулжуроодо» болгон.

«Менде узакка созулган чыгармачылык тукулжуроо болгон. Мен өзүм жазганды жакшы көрөм, биз Эрбол Тойгонбаев экөөбүз 2015-жылдын февралында «Временный парень» тасмасын тартканга чейин сунуштар абдан аз болуп, бизге абдан кыйын болгон. Анан апрелде бизге Аскат менен Даниярдан сунуш болду. Биз дароо эле макул болуп, тартып баштадык», — деди ал.

Орточо эсеп менен скетчтердин чыгарылыштарын Youtube сервисинде 20-30 миңдей жолу көрүшөт.

Актёрдун айтымында, долбоорду аймактардагы жашоочулар абдан жактырышат. Алар скетчтерди кыргыз тилинде тартууну суранышат.

«Көрсө, бизди аймактарда абдан жактырышып, күтүп көрүшөт экен, алардан бизди аймактарда күтүп жаткандыктары тууралуу телефон чалуулар, каттар келет. Анан да: «балдар, кыргыз тилинде чыгарылыштарды жасагылачы» деп айтышат. Бирок бизде ансыз деле жарымы кыргызча жарымы орусча тартылат, баарына жага албайт экенсиң да, кандай болсо да баары бир адамдарга бир нерсе жакпай калат. Бизде орус тилдүү калк дагы бар, биз баарына жагыш үчүн аларга да көңүл бурабыз», — деди Абдыкалыков.

«Жарайт Ситинин» авторлору ушул жылдын жазында «Движение кылыш керек» тасмасын прокатка бергени жатышат.

Тасманын негизин ийгиликке жетишүү боюнча тренингге барып баштагандан тарта жашоосу таптакыр жаман жакты көздөй өзгөргөн кадимки бала жөнүндөгү окуя түзөт.

«Азыр жөн гана диванда отура берчү убак эмес. Азыр жөн эле отура берсе акча асмандан түшөт деп ойлогон жаштар көп»,— деди Абдыкалыков жаңы тасманын идеясы тууралуу айтып жатып.

«Жарайт Ситиге» чейин 2010-жылы чыккан «Большие люди» долбоору популярдуу скетч-шоу деп эсептелип келген. Долбоордун автору «Азия Микс» КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров болгон. Анын айтымында, «Больший людинин» каармандары Бишкектин кадимки өкүлдөрү болуп эсептелишкен. Долбоор 2014-жылы чыккан «Жол Инклюзив» тасмасы менен аяктаган.

Авторлор: Исмаил Ибраев жана Ильшат Арупов
Текст: Эльдос Казыбеков