Kloop.kgнин редакциясы бишкектиктер үчүн Кыргызстанда жыл сайын 23-февралда белгиленип келген Ата Мекенди коргоочулардын күнү кандай мааниге ээ экендиги боюнча шаар тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүздү.

Алгач бул күн Кызыл армиянын күнү катары белгиленип келген. Убакыттын өтүшү менен майрам символикалык мүнөзгө ээ болуп, ал күнү кызмат өтөгөн-өтөбөгөндүгүнө карабастан бардык мырзаларды куттуктап калышты.

Kloop.kgнин кабарчысы борбордун жашоочулары менен меймандарына алар үчүн Мекенди коргоо күнү кандай мааниге ээ экендиги тууралуу суроо узатты.

Lyudmila-Georgevna Людмила Георгиева

«Бул күн аскерлер, Мекенди коргоочулар менен жалгашат. Эркек бекем болуу, Мекенге берилүү, күчтүү болуу сыяктуу сапаттарга ээ болушу керек. Эгер эркек кызмат өтөбөй, колуна бир дагы жолу курал алып көрө элек болсо, анда ал жок дегенде өз үй-бүлөсүнүн коргоочусу болуп, чынчыл жана адилеттүү болушу керек»

ZHumakov-Mirlan Мирлан Жумаков

«Негизи бул жылсанакта эс алуу күнү эмес. Бул жөн гана Ата Мекенди коргоочулардын күнү — СССР убагынан бери кимдир бирөө армияда кызмат өтөгөн, башка бирөөлөрү бала кезинде кылыч менен ойношкон — алар үчүн мына ушул эркектердин күнү. Мекендин коргоочусу патриоттуулук деген сапаттарга ээ болушу керек: чыныгы патриоттуулук, абсолюттук патриоттуулук, өзгөчө патриоттуулук сапаттарына.

Кызмат өтөгөн адам анысы менен эч качан мактанбашы керек, а кызмат өтөбөгөндөр — ага Ата Мекенин коргоого эч качан кеч болбойт»

Romanenko-Evgeniya Евгения Романенко

«Мен 23-февраль тууралуу ойлогондо оюма дароо эле Ата Мекен, армия, жеңиш, кубаныч, тынчтык келет. Мекендин коргоочусу кайраттуу болушу керек. Мекенин коргоо үчүн ал адамзатын жакшы көрүшү керек деп ойлойм. Кызмат өтөбөгөн жана колуна бир дагы курал кармап көрө элек эркек — ал өзүнүн кайсыл бир аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек. Бирок эгер ал армияда кызмат өтөбөгөн болсо, анда ал армия бере турган ал жоопкерчиликтин баарын түшүнбөйт болуш керек»

Ruslan-BajgildievMaksat-Asanbekov-1-1068x712 Руслан Байгилдиев

«Качан мен 23-февраль жөнүндө ойлогондо оюма дароо эле жумуш, жумуш жана дагы бир жолу жумуш келет. Ата Мекендин коргоочусу болушу үчүн биринчи кезекте эркек кайраттуу жана өз элинин чыныгы патриоту болушу керек. Кызмат өтөбөгөн эркекти улуу муундагы адамдар керектүү бардык нерселерге үйрөтүшү керек»

Максат Асанбеков

«Биринчи кезекте оюма дароо эле армиябыз, жеңиш келет. Мекендин коргоочусу адилеттүү, керт башынын кызыкчылыгын ойлобогон, эмгекти сүйгөн, күчтүү, чыныгы эркек болушу керек. А эгер эркек армияда кызмат өтөбөгөн болсо, анда досум Руслан айткандай, аны улуу муундагылар үйрөтүшү керек, ошондо ал жогоруда айтылган жакшы сапаттарга ээ болот»

Ryskul-Rajmbek-kyzy Рыскүл Райымбек кызы

«23-февраль дегенде оюма дароо аскерлер, 9-май, жеңиш, эркектердин бардыгы тең абдан оор кызмат өтөгөн күндөр келет. Бул күндү жөн гана эркек болуп төрөлүп калгандар белгилебеши керек — алар өз өлкөсүнүн чыныгы коргоочулары болушу керек. Мен бул күндү кызмат өтөгөн, чыныгы эркектик сапаттарга ээ адамдар белгилеши керек деп ойлойм. Бул күн СССР убагынан бери белгиленип келет жана ал маанилүү. Менимче, кызмат өтөбөгөн эркек биринчи кезекте өз үй-бүлөсүнүн коргоочусу болуп, кайраттуу, кайрымдуу, адилеттүү болушу зарыл»

ZHumakov-Mirlan Денис Магилевский

«23-февралды элестеткенде оюма кайраттуу, эр жүрөк жоокерлер келет. Менимче бул майрам согушка катышкан же кандайдыр бир кызмат өтөгөн кишилерге таандык. Мекендик коргоочусу акылдуу, кайратуу жана албетте өз өлкөсүнүн патриоту болушу керек. Эгер эркек кызмат өтөй элек болсо, анда ар бири милдетин аткарып, кызмат өтөшү керек деп ойлойм»

Aida-Tutasheva Аида Туташева

«Ата Мекендин коргоочусу кайраттуулук, эмгекти сүйүүчүлүк, адилеттүүлүк жана берилүүчүлүк сыяктуу сапаттарга ээ болушу керек. Эркектердин кайраттуулугу — ал бардык жерде жана бардык учурларда колдоп туруусу. Эгер ал кызмат өтөбөгөн болсо эч нерсе эмес. Бирок анда башкалардагыдай эле — эр жүрөктүүлүк, кайраттуулук, өз өлкөсүнө болгон сүйүү сапаттары болушу керек»

Akmat-Kerimov-Abdrahim Акмат Керимов

«Мен үчүн бул күн эч кандай деле мааниге ээ эмес, ал биздин майрам эмес, ал шариятка ылайык келбейт. Ал эмес бул күн жылсанакта эс алуу күнү эмес да. Негизи эле шарият боюнча биз эки гана майрамды майрамдашыбыз керек. Анан да 23-февралда баардыгын эмес, а согушкан катышкан, кызмат өтөгөндөрдү гана куттукташыбыз керек. Бул майрамдын бизге эмне кереги бар экендигин таптапкыр түшүнбөйм»

Gulfina-Gijmadieva Гульфина Гиймадиева

«Эми мында сапаттары абдан көп болушу керек. Адилеттүүлүк, салабаттуулук, тартиптүүлүк болушу керек. Мен үчүн салабаттуулук бул — кичинекей балдар мушташып жатышат деп коелу, андай учурда эркек жөн гана өтүп кете албайт, ал сөзсүз түрдө аларды ажыратышы керек. Биздин эркектер күчтүү, кайраттуу, чыныгы эркек бойдон калса дейт элем. Азыркы заманда көпчүлүгү булар тууралуу унутуп калып жатышат, өзгөчө муну өсүп келе жаткан муундун билишин каалайт элем»

IMG_1791 Жалил Муканбетов

«23-февраль дегенде уйкуну кандырып алууга мүмкүн болгон эс алуу күнүн эстейм. Чынын айтсам Мекендин коргоочусу кандай болушу керектигин билбейм, анткени адамдардын түшүнүктөрү ушунчалык ар түрдүү болгондуктан, анын белгилүү бир аныктамасы жок. Менин оюмча, эркек коомго пайда алып келген, жалкоо эмес, сөзсүз түрдө өзүн карап, спорт менен машыгып жүргөн адам болушу керек»

IMG_1790 Зарема Якубова

«Эркек деген биринчи кезекте өз үй-бүлөсү үчүн, өз өлкөсү үчүн туруп бериши керек. Албетте, адилеттүүлүк жана кайратуулук сыяктуу эркектик сапаттар эң башкысы. Бул майрам менде согуш болуп кетсе бизди коргоп кала турган башкы адам менен жалгашат. Кокус согуш чыгып кете турган болсо кызмат өтөбөгөн эркектер дагы чыныгы жоокерлердей чечкиндүү болуулары керек. Ар кандай болуп кетиши мүмкүн да. Чыныгы эркекке, Мекендин коргоочусуна мына ушулар керек»