Кыргызстан менен Казакстандын дизайнерлери 3-мартта «Жаз-Жай-2016» коллекциясын көрсөтүштү. Тизеден ылдый юбкалар, романтикалуу тордолгон кийимдер жана «сафари» — иш-чаранын катышуучулары быйыл саркеч кийинген бишкектиктерге дагы эмнелер сунушталары тууралуу айтып беришти. 

Казак модельери Леонид Жеребцовдун айтымында, 2016-жылдын жазгы-жайкы сезонундагы көчө модасында узун жана өзгөчөлүктөргө ээ көйнөктөрдү кийүүгө болот.

IMG_9865

IMG_0070

IMG_0019

«Мен зыгырдан, жынсыдан жана чыттан тигилген көйнөктөргө көңүл бурууну сунуштайм. «Сафари» стилинде тигилген үлгүлөрү трендде. Бул сезондо түз силуэттеги көйнөктөрдү кийүү стилдүү — жөнөкөй формалар модада. Артыкчылыктуу узундук – тизеден ылдый, тизеге чейин, ошондой эле мини жана макси көйнөктөр. Белгилүү бир узундукка карабастан турпатынын жакшы жагын көрсөтүү маанилүү», — деген кеңешин берди Жеребцов.

IMG_0048

IMG_0149

Дизайнер Борбордук Азиядагы адамдардын кечелерге ылайыкталган кийимдерди жакшы көргөндүктөрүнө карабастан стилде гламурду күн сайын керек болчу спорттук жана casual кийимдер менен айкалыштыруу керектигин кошумчалады.

IMG_0105

IMG_9814

IMG_9934

Өзүнүн «DASHA» брэндинин коллекциясын көрсөткөн кыргыз дизайнери Дарья Батырканова кийим кийүүдө жаштарды кайраттуураак болууга чакырды.

«Бул сезондун үлгүлөрүндө эффективдүү көрүнгөн жасалгалоолорду көрүүгө болот — анда образ кыйла назик жана романтикалуу болуп калат», — деди Батырканова.

Анын айтымында, быйылкы сезондо романтикалуу тордолгон нерселер актуалдуу — ал юбкаларда, ошондой эле кофталарда да болушу мүмкүн. IMG_0184

IMG_9944

IMG_0101

IMG_9822

KOLIBRI брендинин өкүлдөрү болгон дизайнерлер Бегайым Осмонова менен Бермет Кадыркулова Бишкектин саркеч тургундарына жазы далылуу жакеттерди сунушташты. Өзүнүн жеңил экендигине карабастан алар кечки салкындыктан сөзсүз сактайт.

IMG_0005

Иш-чаранын уюштуруучусу, «Модный дом» шоу-румунун өкүлү Алтынай Рыскулова Бишкектин саркеч жашоочулары Түркия менен Кытайдан алынып келинип жаткан кийимдерге караганда жеткиликтүүрөөк жана эксклюзивдүүрөөк болгон жергиликтүү дизайнерлердин эмгектерине көңүл буруусу керек деп эсептейт.

IMG_9975