Премьер-министр Темир Сариев Кулматовду Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы кызматына дайындоо тууралуу буйрукка 14-мартта кол койду. Ушул жылдын февралында Кулматов өз каалоосу менен Бишкектин мэрлигинен кетип, өлкөдөн чыгып кете тургандыгын билдирген.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Кыргызстандагы бизнес-долбоорлорду каржылоо менен алектенген Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчылыгына дайындалды. Кулматов ал кызматта Нурсулу Ахметованы алмаштырат.

Азырынча Ахметованын кайсыл кызматка бара тургандыгы жөнүндө эч нерсе белгисиз. Өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн карманууда.

Кулматовдун буга чейинки кызматы Бишкек шаарынын мэрлиги болгон. Аталган кызматта ал 2014-жылдын ортосунан 2016-жылдын башына чейин иштеген. Өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын ал 2016-жылдын 9-февралында жазган. Мурдагы мэр акыркы маалымат жыйынында үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткени жаткандыгын билдирген.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде 2014-жылдын 29-майында түзүлгөн. Фонд Орусия тараптан каржыланат жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын экономикасын бекемдөө максатында түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 500 млн. АКШ долларын түзөт.

Өткөн жыл ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз ишканалары үчүн 1.2 млрд. сомдук насыя берген. 2016-жылдын башында кичи жана орто бизнести колдоо үчүн фонд мамлекеттик банктарга 700 млн. сом жана коммерциялык банктарга 350 млн. сом бөлүп берген. Түзүлгөндөн бери фонд кыргыз экономикасын колдоого жалпысынан 2 млрд. 250 миллион сом бөлгөн.

Фонддун ишмердүүлүгү бир нече жолу сын-пикирлерди жараткан. «Республика- Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2016-жылдын февралында фонд өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштебей жатканын айткан. Ал өз айыптоосун Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаттары Кыргызстандын эмес, а Орусиянын банктарында сакталып тургандыгы менен түшүндүргөн.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-мартта фонд «чала иштегенин» билдирген. Анын пикиринде, «фонд фермерлер менен ишкерлерге өткөн жылдын күзүндө эле активдүү каражат берип башташы керек болчу». Азыр фонддун акчасы кыргыз өндүрүүчүлөрүн колдоо үчүн өзгөчө зарыл болуп турат, деп эсептейт президент.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Нурсулу Ахметова 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча өткөн маалымат жыйынында фонддун иши боюнча сын-пикирлер менен макул экенин билдирген.

Анын айтымында, фонддун ишинде экономикалык каатчылыкка, Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө жана өлкөдөгү ички саясий абалга байланышкан көйгөйлөр болгон. Бирок 2016-жылдын февралындагы журналисттер менен болгон акыркы жолугушуусунда Ахметова көйгөйлөр «талкууланганын» жана фонд быйыл активдүү иштей турганын айткан.