Кыргызстандын борборунда Нооруз майрамы белгиленди. Ала-Тоо аянтында массалык оюн-тамашалар өттү. Бишкектеги жаз майрамы Kloop.kgнин сүрөт баянында.

Нооруз же жазгы күн менен түндүн теңелүүсү — жыл сайын 21-мартта белгиленчү жаз майрамы. Бишкекте майрамдык оюн-тамашаларды борбордун мэриясы уюштурду.

01

02

03

04

05

Майрамдык салтанаттын программасында эстрада ырчыларынын концерти менен бий ансамблдеринин бийлери, ошондой эле чүкө атуу, селкинчек тебүү жана аркан тартыш сыяктуу улуттук оюн түрлөрү болду.

06

07

08

08a

nooruz_2016_main

09

10

Бардык каалоочулар Ноорузда гана жасалчу сүмөлөктөн ооз тийүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал өнгөн буудай, ун, наават жана өрүк-мейиздерден жасалат.

Борбордук Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамынын жаралуу тарыхы темасында театрлаштырылган көрсөтүү болду. Умай-эне анда чогулгандарга «Алас, алас, ар балээден калас» деп арча түтөттү.

Шаардыктар эски аянтта өткөн Кыргызстан элдеринин жарманкесинде өздөрү жана жакындары үчүн азембелектерди тандап ала алышты. Ошол эле жерде түрдүү улуттардын өкүлдөрү бийлер жана ырлар менен импровизацияланган шоулорду өткөрүштү.

11

11a

12

12a

13

14

14a

14b

15

16

17

18

Сүрөт: Светлана Зеленская, Александра Ли, Дастан Үмөттегин