Оппозиционерлер бийликти кулатуу боюнча пландарды талкуулап жатышат делинген интернетке тараган аудиожазууга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча «Ар-Намыс» партиясынын мурдагы мүчөсү Эрнест Карыбеков кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет оппзиционер жана «Ар-Намыс» партиясынын мурдагы мүчөсү Эрнест Карыбековду суракка алып жатат.

Аны кармоо Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Дуулатбек Турдуналиев азыркы бийликти кулатуу боюнча пландарды талкуулап жатышкан аудиожазууга байланышкан кылмыш ишинин алкагында санкцияланган.

BulBul видеосервисине жарыяланган ал аудиожазууда Карыбеков жок жана ал жөнүндө сөз да болбойт. УКМКдан анын бул ишке кандай тиешеси бар экендигин тактап айтышпай эле.

24-мартта оппозициялык «Республика» гезитинин кеңсесинде Кадыров менен Асанов кармалышкан. Алар дагы деле УКМКнын имаратында сурап берип жатышат. Аларга каршы Кылмыш кодексинин 295-беренеси менен каралган «Бийликти күч колдонуп басып алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал беренеге ылайык, кармалгандар 12 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.