Бишкектин жашоочулары менен коноктору расмий түрдө велосезонду ачышты. Массалык жүрүшкө 800дөн ашык велосипедчи катышып, алар шаарды аралап, андан соң шаар сыртына чыгышты.

27-мартта Бишкекте велосипедчилердин 2016-жылдагы алгачкы массалык жүрүшү болду. Ага 800дөн ашык киши катышып, алар расмий түрдө велосезонду ачышты.

velo_09

velo_08

velo_03

Жүрүш башталган Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына келгендердин арасында бишкектиктер (алардын көбү балдары менен келишкен), ошондой эле башка шаарлар менен өлкөлөрдөн келгендер да болушту.

velo_04

velo_02

velo_06

Веложүрүштүн катышуучулары анын марасы болуп эсептелген Түштүк дарбазага чейин барышты. Жол жогору жакты көздөй кеткендиктен велосипедчилердин бир бөлүгү акыркы чекке чейин жете алышкан жок.

Веложүрүштүн уюштуруучуларынын бири Егор Паньшин иш-чара жыл өткөн сайын массалык мүнөзгө ээ болуп бара жатканын айтты. Эгер 2009-жылы өткөн алгачкы жүрүшкө болгон 30 гана киши катышса, бүгүн шаардын көчөлөрүнө 800дөн ашык велопедчи чыкты.

Веломаршка катышкан Хьюго Дюбуа Кыргызстанда «Тур де Франстын» (100 жылдан ашык убакыттан бери Францияда өткөрүлүп келе жаткан дүйнөдөгү эң белгилүү жана престиждүү веложарыш) деңгээлиндеги мелдештерди өткөрүүгө болот деп эсептейт.

«Мен сергек жашоо мүнөзү үчүнмүн жана велосипед менен көп жүрөм. Менимче, эгер Кыргызстан бир аз аракет кылса бардык жерде биринчи орундарда болот. Мында азыр укмуштуудай атмосфера — күн тийип турат, айланада жылмайгандар көп», — деди ал.

velo_05

velo_13

velo_01

velo_11

velo_07

Веложарышка биринчи жолу катышкан Бегайым Жапаровага жакшы эмоцияларга ээ болууга иш-чарадагы достору жардам беришкен.

«Мен кичинекей кезимен бери велосипед тебем жана мындан ары бардык веломарштарга катышууга аракет кылам, бул чынында эле пайдалуу», — деп убадалады ал.

Марадагы бир аз эс алуудан кийин велосипедчилер Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосуна пикникке кетишти.