27-мартта Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагы Астанада авариялуу конуу жасады. Ага алдыңкы дөңгөлөгүнүн толук ачылбай калгандыгы себеп болгон. Учактын ичинде 116 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү бар болгон. Авариялуу конуунун жыйынтыгында эч ким жабыркаган жок.

27-март күнү эртең менен Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын Fokker 100 үлгүсүндөгү учагы Кызыл-Ордо — Астана каттамын жасап жаткан. Алдыңкы дөңгөлөгү толук ачылбай калгандыктан учак авариялык конуу жасоого мажбур болду.

Алдыңкы дөңгөлөгү жок кыйшайган учактын конуп жаткандыгы тартылган видео ошол эле күнү интернетке тарады.

Астананын шаардык прокуратурасынын маалыматы боюнча, учактын ичинде 116 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү бар болгон. Казакстандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов учактын авариялык конуусунан эч ким жабыркабагандыгын расмий жарыялады.

Казакстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн Кылмыш кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүмү (Аба транспортун пайдалануудагы коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Казакстандын Инвестициялар жана өнүгүү боюнча министрлигинин Жарандык авиация комитети техникалык текшерүүлөр аяктаганга чейин Bek Air авиакомпаниясына Fokker-100 учактарын пайдаланууга тыюу салды.

Учактын жүргүнчүлөрүнүн бири Алимжан Эрниязов жергиликтүү B-News.kz маалымат агенттигине курган маегинде жүргүнчүлөр учкучту сыйлоо тууралуу петицияга кол койгондуктарын билдирген. Анын айтымында, экипаж, борткоштоочулар жана аба майдандын кызматтары уюшкандыкта иштешкен.

«Биз конуп жатканда учакты коштоп, ага көбүк чачышты. Бул эч кимдин жабыркабай, учактын күйүп кетпешине ылайыктуу шарт түздү деп эсептейм. Албетте, коркунучтуу болду, бирок эмоциялар ичте болчу», — деген жүргүнчү.

Bek Air компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Нурлан Жумасултанов учак кичине гана зыянга учураганын жана аны оңдоого болорун билдирди.

Bek Air авиакомпаниясы Казакстандын ичиндеги каттамдарды, ошондой эле Уральсктан Москва менен Санкт-Петербургга жана КМШнын көп өлкөлөрүнө, Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Монголияга жана Кытайга чартердик каттамдарды аткарат.