Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы фамилиясын өзгөртө тургандыгын билдирди. Ал мындай кадамга кайрымдуулук катары Даун синдромуна кабылган балдарга 200 миң сом өткөрүп бергенден кийин дарегине «өзүн пиарлоо» айыптары айтылып баштагандан соң барууда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева (апасынын фамилиясы менен айтылган) 30-мартта өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына фамилиясын өзгөртө тургандыгын жазды.

Ал мындай чечимге тарткан сүрөттөрүн сатуудан түшкөн акчаны кайрымдуулукка бергенден кийинки сынчылардын «өзүн өзү пиарлап жатат» деген айыптоолорунан кийин келип отурат.

Шагиева сүрөттөрүн сатуудан түшкөн акчаны кайрымдуулук катары Даун синдромуна кабылган балдардын ата-энелеринин фондуна 24-мартта өткөрүп берген. Анын «Метаморфозалар» көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн эмгектери сүрөтчүгө 200 миң 200 сом алып келген.

«Мен өмүр бою апамдын фамилиясы менен айтылып жүрөм, туугандык байланыштардан улам мага болгон кызыгууларды көрбөө үчүн ал эмес паспортумду да алмаштырганы жатам. Андан улам [айыптоолордон] менде кандай психологиялык көйгөйлөр болгонун досторуман сурап көрсөңөр болот», — деп жазды Шагиева «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Шагиеванын айтымында, ага анын чыныгы фамилиясы тууралуу биринчи жолу уккан тааныштарын эсине келтирүүгө туура келип жатат. Сүрөтчү кыз аны «өзүн өзү пиарлоого» айыптаган адамдардын пикирлерине ыза болгонун, анткени ал өлкө президентинин кызы экендиги тууралуу маалыматты өзү билдирбегендигин айтты.

«Бул күндөрү мен интернетке кирип, болуп жаткан нерселердин баарын окуп турдум, күтүүсүз абалдарга туш болуп, телефонду алыс коюп жаттым, анткени дендирөө кыйла эле күчтүү болгон. Мен БИР ДАГЫ маалымат агенттигинен менден интервью алууну өтүнгөн эмесмин, алар өзүлөрү биринчи жазышкан. Ал эми интервью берип жаткан маалда мен чыныгы фамилиямды таптакыр козгогон эмесмин, буга өзүңөр ынансаңар болот», — деп жазган ал.

Өз билдирүүсүндө сүрөтчү жакшы пикирлерди жазгандарга ыраазычылык билдирип, сынчыларга «катуу умтулуу» каалаган.

«Өзүмдү жарнамалаганды кандай жакшы көрө тургандыгым тууралуу кыйкырып жаткан адамдар мени андан жүз эсе күчтүү жарнамалап жатышат. Катуу умтулууңарды уланта бергиле! Силер мени дагы күчтүүрөөк кылып жатасыңар», — деп кошумчалаган ал.

Сүрөт: Алия Шагиеванын «Фейсбуктагы» баракчасы