Премьер-министр Темир Сариев менен транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин ортосундагы талаш-тартыш Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендерден улам келип чыккан. Тендерди текшерген комиссия аныктап чыккан мыйзам бузуулар алардын өз ара бири-бирин айыптоолоруна себеби болгон. Сариев Малабаев өз милдеттерин аткара алган жок деп эсептейт, Малабаев болсо тендердин мыйзамсыздыгына премьердин тиешеси бардыгын билдирүүдө.

Кыскача:

— Транспорт жана байланыш министрлиги Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча тендер өткөргөн;

— Анын жыйынтыгында ошол кезде тиешелүү лицензияга ээ эмес болгон «Лонг Хай» кытай компаниясы жеңишке жеткен;

— Бул мыйзам бузуу тендердин өткөрүлүшүн өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссиянын текшере баштоосуна себеп болгон. Өз кезегинде комиссия оңдоо иштерине тоскоолдуктарды жаратып жаткан дагы башка мыйзам бузууларды да таап чыккан;

— Премьер-министр Темир Сариев транспорт жана байланыш министри өз милдеттерин аткарбаганын билдирип, Аргынбек Малабаевди кызматтан кетирүү маселесин көтөрүп чыккан;

— Транспорт министри Аргынбек Малабаев өзүнөн жоопкерчиликти алып, өз орун басарын айыптап, тендерди өткөрүүгө Темир Сариевдин тиешеси бар болгондугун билдирүүдө;

— Өкмөттүн аппараты тендер өткөрүүгө Сариевдин тиешеси бардыгы тууралуу маалыматты четке какты;

— Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына бул боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

Кененирээк

Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча 2015-жылдын октябрында өткөрүлгөн тендер андагы мыйзам бузуулар белгилүү болгондон кийин эл арасында кызуу талкуу жаратты.

Ал сынактын жыйынтыктары боюнча, ошол кезде оңдоо иштерин жүргүзүү лицензиясына ээ болбогон «Лонг Хай» кытай компаниясы жеңишке жеткен. Өз кезегинде ал тендер боюнча өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссиянын текшерүү иштерин баштоосуна себеп болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, комиссия  мөөнөттөрдү үзгүлтүккө учуратуу, мамлекеттик сатып алуулар порталындагы каталар жана жетишсиз каржылоого байланышкан мыйзам бузууларга байланышка мыйзам бузууларды да аныктап чыккан.

Комиссия кемчиликтердин бардыгы тең тендерди өткөрүүгө жана жолдун курулушуна көз салбаган Транспорт жана байланыш министрлигинин ишинин жыйынтыгы болуп эсептелерин билдирген.

Тендерди өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жолду оңдоо процессин жайлатып, туристтик сезон менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууга тоскоолдук кыла тургандыгына байланыштуу комиссия министрликке маселени тез аранын ичинде чечүү көрсөтмөсүн берген.

Премьер-министр транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди жумуштан алууну сунуштаган, бирок президенттин аппараты министрди кызматтан алууга себеп тапкан эмес.

Малабаев өзү депутаттык комиссиянын 2016-жылдын апрелиндеги жыйынында тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузууларга тиешеси жок экенин билдирген. Ал тендердин жыйынтыктары чыгарылган маалда өлкөдө болбогонун айткан. Ага жооп кылып анын орун басары Улан Уезбаев министр тендердин жыйынтыктарын жеке өзү жактырганын билдирген.

«Ал министр катары тендерде уткан компанияга өзү макулдук берген. Ал ошол учурда иш сапарда болчумун деп жалган айтып жатат. Малабаев тендер өткөндө Кыргызстанда болчу жана өткөрүлгөн тендерге өзү кол койгон», — деген Уезбаев.

Малабаев өзүнүн орун басары менен премьер-министр Темир Сариевди тендерде жеңишке жеткен компаниянын кызыкчылыктарын коргогон деп айыптаган.

Анын айтымында, Уезбаев билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтүн бир күнгө жылдырган, анткени «Лонг Хай» кытай компаниясы билдирме берүүгө жетишпей калган. Малабаевдин маалыматына ылайык, кытай компаниясынынын өкүлү Азамат Жунушалиев Уезбаевдин бала кезинен берки досу болуп эсептелет. Министр ошондой эле Жунушалиев лидери болуп премьер-министр Темир Сариев эсептелген «Ак-Шумкар» партиясында экенин айткан.

«Мен Сариев тууралуу эч нерсе айтпай элем, бирок алардын бардыгы партиялаш болуп эсептелишет. Демек, бул кандайдыр бир ойлордун жаралышына түрткү болууда», — деди Малабаев Kloop.kgге курган маегинде.

Малабаевдин бул айыптоолоруна жооп катары өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы Сариевдин кытай компаниясына жана тендерди өткөрүүгө тиешеси бардыгы тууралуу маалыматтарды расмий түрдө четке каккан билдирүү таратты.

КСДП фракциясынан депутар Жанар Акаев «Тазабек» басылмасына курган маегинде Сариевди анын жанындагы адамдар жаманатты кылышы мүмкүндүгүн айткан.

«Менде эмнеге Малабаев мунун баарын мурда эле айткан эмес деген шектенүүлөр болуп жатат. Ал мунун баарын билсе керек да. Канча убакыт өттү, тендер аяктады, анда кимдин жеңишке жеткенин билген да, бирок эмнеге буга чейин айткан эмес? А качан Темир Сариев анын жумуштан кетиши керектигин билдиргенде ал баарын айтып отурат», — деген Акаев.

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын алдындагы Коррупияга каршы күрөшүү кызматына тендердеги мыйзам бузууларды жана аларга «үчүнчү жактардын» тиешеси бар-жоктугун текшерүүнү тапшырган.