«Автомаш-Радиатор» заводунун оор физикалык эмгекти талап кылган өндүрүш бөлүмүндө эркектер менен катар эле аялдар да иштешет. Алар Kloop.kgге эмне себептен мындай оор жумушта иштеп жаткандыктары жана алардын бул кесипти тандап алгандыктарына айланадагылардын кандай мамиле кыла тургандыктары жөнүндө айтып беришти.

«Автомаш-Радиатор» ишканасында 500гө жакын киши иштейт — болжолдуу түрдө анда аялдар менен эркектердин саны бирдей. Заводдо иштөө эркектердин гана иши деген калыптанып калган стереотиптерге карабастан эмгек көрсөткүчтөрү жагынан эркектерден калышпастан аялдар да иштеп, күн сайын жумушта гендердик айырмачылык жок экенин далилдеп келишет.

IMG_0157

Нуржамал 50 жашта, акыркы беш жылдан бери «Автомаш-Радиатордо» ширетүүчү болуп иштейт. Назик дене түзүлүшү, жароокер көрүнүшү, дайыма жылмаюу кетпеген жүзү — дароо эле алды кетирүүчү физикалык эмгек менен алектенген аял деп айтууга болбой турган аялдын образын элететет.

IMG_0011-1068x712

Ширетүүчүнүн кызы жана неберелери бар, бирок ал үчүн үй жумуштары жана балдарды кароо менен алектенүү жетишсиз.

«Пенсия курагына жакындап калдым. Бирок мен үйдө отурууну жактырбайм, анда эмне кылмак элем?» — дейт ал.

Нуржамал азыр шаарда, болгондо да анын курагында жумуш табуу кыйын экенин белгиледи. Айтымында, айланадагыларды көбүнчө анын тандаган кесиби эмес, а заводдун дагы деле иштеп жаткандыгы таң калтырат.

IMG_0028-1068x712

«Алгач иштеп баштаганымда ширетүүдөн колдорум күйүп кетип турган. Мен коркком, анткени ал колумду гана күйгүзчү эмес — ал бетиме тийген учурлар да болгон. Бир айдан кийин чыдабай кетип калам го деп ойлогом. Бирок кийин жаш кыздар иштеп жаткандан кийин менин деле колуман келет деген чечимге келдим», — деди ал.

IMG_0181

Заводдо орточо айлык акы 25 миң сомду түзөт. Иш күнүнүн узактыгы саат 7:30дан 16:00гө чейин.

Бүбүсалы Турдалиева металлды кесүү жана иштетүү менен алектенет. Анын артында он беш жылдык «эркектин жумушун» аткаруу тажрыйбасы бар. Ал үчүн жумуш киреше булагы гана эмес, а убакытты кызыктуу өткөрүүнүн жолу дагы болуп эсептелет.

IMG_0122

«Жумуштан кийин үйдө эс алып, күч жыйноо менен алек болом. Эгер жумушум жок болсо эмне кылат элем? А жумушта убакыт тез өтөт, балдарым эбак эле чоңоюшкан, ар биринин өз үй-бүлөсү, өз жашоосу бар», — деди ал.

Турдалиева өндүрүштө иштөө аялдар менен катар эле эркектер үчүн да оор деп эсептейт.

«Ар ким өз милдетин өзү аткарат. Албетте, зарыл болгон учурларда баары тең бири-бирине жардам беришет», — деди ал.

Турдалиева күн сайын чарчаганына карабастан туруктуу айлыгы жана шаңдуу жамааты үчүн заводдо иштөөсүн улантып келе жатканын айтат.

IMG_0220

Анын кесиптеши Николай Кондрашевич аялдардын жеңилирээк жумуштарда иштегени жакшы деп эсептейт.

«Мен аялдардын заводдо иштегенин туура көрбөйм. Мен үчүн аялдардын мындай оор жумушта иштеп жатканын көрүү оңой эмес. Менин апам да кезинде заводдо эмгектенген жана кечке жакын анын кантип кыйналганын жакшы билем», — деп эсептейт ал.

Видео: Дастан Үмөттегин
Сүрөт: Айсулуу Бердалиева