Мыйзам долбоорунун жаңы версиясында депутаттар «чет элдик тыңчы» туюндурмасынан баш тартышты — буга чейин алар чет өлкөдөн каржыланган чет өлкөлүк жана кыргыз коммерциялык эмес уюмдарын ушундай атоону сунуштап жатышкан. Жаңы документте парламент чет өлкөлүк уюмдарды чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар деп атап, аларды жыл сайын өз ишмердүүлүгү тууралуу интернетке отчет жарыялап турууну милдеттендирүүнү сунуштап жатышат.

Көңүл буруңуздар! Материал жаңыланды.

Депутаттар парламенттин конституциялык мыйзамдар комитетинин 12-апрелдеги жыйынында буга чейин «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам деген аталышка ээ болгон коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун жаңы версиясын экинчи окууда кабыл алууну сунушташты.

Мыйзам долбоорунун толугу менен кайрадан жазылып чыкканына карабастан аны талкуулоого депутаттар болгону бир мүнөттүн айланасындагы гана убакытты коротушту.

Жаңы версиясында мыйзам долбоорунун төрт беренесинин экөөсү гана калган. Документтин жаңыланган версиясы учурдагы коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар» деген аныктама менен толуктап, ал уюмдарга жыл сайын каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу өз сайтына отчетторун жарыялап турууну сунуштайт.

Депутаттар башка мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын сыртында түзүлгөн жана уюмдаштыруучусу мамлекеттик органдар болбогон коммерциялык уюмдарды чет элдик деп атоону сунуштап жатышат.

Уюмдар өзүлөрүнүн жылдык отчетторунда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүлөрү керек болот:

  • уюмдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу;
  • анын акча каражаттарын жана мүлктөрүн түзүүнүн булактары тууралуу;
  • уюмдун штатынын саны жана жетекчилери тууралуу;
  • уюмдун мүлктөрү менен каржы ресурстарынын пайдаланылышы тууралуу.

«Чет элдик агенттерден» баш тартышты

Мыйзам долбоорунун жаңы версиясында депутаттар менен Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда чоң талаш-тартыштарды жараткан нормалар жок.

Акыркылар биринчи кезекте депутаттар тарабынан сунушталган «чет элдик тыңчы» туюндурмасынан улам мыйзам долбоорун басмырлоочу мыйзам долбоор деп атап келишкен. Парламентарийлердин сунуштарына ылайык, «чет элдик тыңчылардын» катарына «саясий ишмердүүлүк менен» алектенген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган чет өлкөлүк дагы, ошондой эле кыргыз уюмдары дагы киргизилмек.

Андан сырткары мыйзам долбоорунун буга чейинки версиясы коммерциялык эмес уюмдарды Салык инспекциясы менен Социалдык фондго отчет берүүдөн сырткары Юстиция министрлигине да кошумча отчет берүүгө милдеттедирүүнү сунуштаган.

«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоору

«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоору өткөнкү — бешинчи чакырылыштын депутаты Турсунбай Бакир уулу тарабынан 2014-жылдын июнунда сунушталган. Анын тексти Орусиянын парламенти тарабынан 2012-жылдын жайында кабыл алынган ушундай эле мыйзамдын тексти менен дээрлик толук дал келген.

Мыйзам долбооруна ылайык, «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик тыңчы» макам алуулары керек болчу. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев «саясий ишмердүүлүккө» так аныктама бере алышкан эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорунун идеясын 2014-жылдын ноябрында колдогон, бирок документ боюнча акыркы көз карашын анын парламентте жактырылган версиясын көргөндөн кийин гана билдире тургандыгын бир нече жолу билдирген.

Кыргызстандын бир канча бейөкмөт уюмдары мыйзам долбооруна каршы болушуп, «чет элдик тыңчы» макамын «кемсинтүү» катары баалашып, президентке «тирешүүнүн ордуна кызматташууну» сунушташкан.

А 2015-жылдын майында КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 28 укук коргоо уюмунан турган топ кыргыз депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышкан. Алардын айтымдарында, документтин кабыл алынышы Кыргызстандагы жарандык коомчулукка «олуттуу коркунуч» жаратат.

Соавторлор: Адилет Макенов, Дмитрий Мотинов