Kloop.kgнин редакциясы жергиликтүү юмористтик шоулорду — «Жарайт Сити», «Жаңы Кыргыздар», КВН жана Элдана Сатыбалдиеванын инстаграмын карап көрүп, кыргыз юморунда сексизмдин канчалык көп экенин жана ал кимди көздөй багытталганын анализдеп чыкты.

Заманбап кыргыз юмору — маданиятыбыздын каалаганда аны менен сыймыктануудан уялбай турган бөлүгү. «Азия Микс» командасы КВНдин Жогорку лигасына чыгып, Аким Карасаев жана Мыкы сыяктуу кыргыз жигиттери «Камеди Баттлга» ийгиликтүү катышып жатышат. Биз үчүн юмор (футбол менен биргеликте) бүгүнкү күндө — алты жыл мурда бий менен Атай Өмүрзаков кандай болсо ошондой мааниге ээ. Талкуулар жана ички сыймыктануу предмети.

Анткен менен ийкемдүү жана натыйжалуу юмор дайыма эле жакшы жана сапаттуу дегенге синоним боло бербейт. Башка бардык кесип өкүлдөрү сыяктуу эле куудулдарда да уруксат берилген чектерден ашпай, балансты сактоо зарылдыктары жок эмес. Тамашалоого мүмкүн болбогон темалар бар: Америкада ал расизм темасы, Европада улутчулдук жана жалпы эле шовинизм темалары. Бирок алардын катарына гендердик юморду киргизүүгө болбойт.

Ар түрдүү гендердик ролдор — «акылсыз ак саргыл чачтуу аял», «пикап чебери» жана башкалар тууралуу тамашалар көбүнчө ал образдарды жөн гана эксплуатация кылууну гана эмес, а аларды шылдыңга алууну билдирет. Дал ушундай себептер менен чуулуу саясий жана коомдук окуяларга карата карикатураларды жарыялаган талаштуу Charlie Hebdo басылмасынын бар экендиги да маанилүү.

Бирок жергиликтүү куудулдар юмордун балансы менен моралдык баалуулуктарын сакташабы? Мисалы, орусиялык коңшулар ал сыяктуу стандарттарды карманышпайт сыяктуу.

Биз өлкөдө гендердик юмордун абалы кандай экендигин түшүнүү үчүн беш түрдүү юмористтик долбоорду көрүп чыктык. Анын жыйынтыктары боюнча кыскача айтсак, биз ойлогондон жаман эмес, бирок бардыгынын тең дагы өнүгүшү керек болгон жактары бар.

Дисклеймер: Ата мекендик юмордун гендердик жактан канчалык деңгээлде калыстыксыз мамиледе экендигин аныктап чыгуу үчүн биз башка ыкмалар менен катар эле ар бир юмористтик шоуну Бекдел тестинен өткөрдүк. Ал тест көркөм чыгармаларды гендердик жактан канчалык деңгээлде калыстыксыз мамиледе экенин текшерүү үчүн пайдаланылат. Тесттен өтүү үчүн тандалган шоулордо эркектерден сырткары өз ара бири-бири менен сүйлөшкөн жок дегенде эки аял каарман болушу керек.

«Тамашоу»

«Акчам жетип калса экен деп тилеймин, сенин эрте тоюшуңду Кудайдан мен суранып!», — «Тамашоунун» чейрек финалдык оюну түштүк борбордон келген «Универсал» командасынын аткаруусундагы сүйлөшкөн кызы менен кафеге барган жакыр студенттин мына ушундай тамашалуу ыры менен ачылды.

«Тамашоунун» ар бир чыгарылышы эки саатка жакын убакытка созулат жана анын көпчүлүгүндө сахнага эркектер чыгып, эркектер тамаша көп айтышат. Анда он көрүнүштүн бирине гана бир кыз катышып, анда экинчи маанидеги ролду аткарышы мүмкүн. Ал да эгер жолу болсо.

Бул анчалык таң калычтуу деле эмес, анткени андагы катышуучулардын басымдуу бөлүгүн эркектер түзүшөт.

TamashouSH

TamashouV

«Тамашоудо» катышуучулар берилген суроолорго жооп беришип, белгилүү бир темаларга импровизация кылып, түрдүү сценаларды ойношуп, катары менен юмористтик биатлондордо жарышка түшүшөт. «Тамашоу» «КВНден» тамашалардын форматын гана эмес, а алардын сапаты менен стилин да алган. Анда объективизацияга да, гендердик ролдор тууралуу юморго да орун табылган. Болгондо да эки тарапка тең, бирок ошондой болсо да «Тамашоудо» аялдар тууралуу кемсинтүү мазмунундагы жана алардын экинчи сорттогу адамдар экендиктери маанисиндеги тамашалар көбүрөөк айтылат.

Эгер кыздарды катышкан командалардын тамашаларында айтылгандай элестетсек, анда дээрлик бардык кыздар акча, автоунаа жана макияждан башка эч нерсе кызыктырбаган эркек жандуу, бузулган болуп чыгышат.

«Тамашоу» Бекдел тестинен өтө алган жок.

«Жаны Кыргыздар»

Тамашоучулар тарабынан уюштурулуп, НТС телеканалынан көрсөтүлүп жаткан «Жаңы Кыргыздар» скетч-шоусунун ар бир эпизоду орточо 20 мүнөткө созулат. Биз көрүп чыккан 2016-жылдын 17-мартындагы үчүнчү чыгарылышында кыздар «оңой жеткиликтүү, баш тартпай турган, үй-жайсыз адамдар үчүн кучактоочу нерсе болгон» кыздын, санаасыз МАИ кызматкерлеринин (алардын образдары көз көрүнө «ак саргыл чачтуу аялдар» тууралуу тамашалардын базасында түзүлгөн), жоопсуз сүйүүгө кабылып, аргасыздан түрдүү кийимдерди кийүү жана башка ыкмалар менен сүйүктүүсүнүн кезектеги сүйүүсүн «жоготкон» ролдордо болуп чыгышты. Эркектерден «райондогу ээн баштар» менен «жергиликтүү Дон Жуан Марселдин» амплуасын өзгөчө бөлүп кароого болот.

Ошентсе да сапаты жана стереотиптүүлүгү жагынан бул скетч-шоу ошол эле «Тамашоудон» кыйла алыс кеткен. Эгер ал шоудо тамашалардын үчтөн экиси аялдар тууралуу ылайыксыз стереотиптер жана шаблондордон куралса, «Жаңы Кыргыздарга» кыйла толеранттуу юмор сезими таандык. Андагы көрүнүштөрдүн көбүндө каармандары учурдагы заманбап чындыктарга көбүрөөк жакын болгон Бишкектин орто статистикалык жашоочусу катары көрсөтүлөт, бирок тамашалуу апыртуулары менен.

ZHanySH

ZHanyV

Алсак, милиция кызматкери болууну — аялдарга ылайык кесип эмес деп эсептөө адатка айланган, бирок ал стереотипти МАИ кызматкеринин ролун аткарган эки кыз жоет. Муну менен «Жаңы Кыргыздар» толеранттуу шоу катары өз эсебине маанилүү упай кошуусу керек болчу. Бирок ага бир илинчек тоскоолдук кылууда: ал МАИ кызматкерлеринин образдары «акылсыз ак саргыл чачтуу аялдардын» образдарында куралган. Мында бир стереотиптен экинчиси куралып, алар бири-бирин жылмалап жатышат.

Бирок «Жаңы Кыргыздар» ошол эле кыздардын аркасы менен Бекдел тестинен өтө алды. Анткени МАИ кызматкерлери эки мүнөттүк эфир убактысында бир дагы жолу «эркек», «мамиле» жана «секс» сөздөрүн айтышкан жок. Анын ордуна алар маникюр жана каш терүүнү талкуулашып, жол эрежесин бузган айдоочунун артынан түшүү үчүн кимиси рулга отурушу керектиги боюнча талашты чечип алышты.

Экинчи жагынан «Жаңы Кыргыздарда» эркектердин гендердик ролу тууралуу да стереотиптерди жоюу вектору менен, бирок кыйла ылайыктуураак ыкмада тамашалашат. Мисалы, мында туфличен жана спорттук шым кийип, барсетка асынган адамдар тентек, ээн баш деген калыптанып калган пикир бузулууда. «Ээн баш» Куба менен Данчик сыртынан көрүнгөндөн кыйла боорукер жана кайрымдуураак болуп чыгышат. Чыгарылыштардын биринде алар жолдон өтүп бара жаткан баланын телефону менен кийимин «тартып алуунун» ордуна, ага өзүлөрүнүкүн беришет, анткени алар баланын кийими жыртык, а телефонундагы «жылдызча» баскычы иштебегендигин көрүшөт.

Салыштырмалуу «Жаңы Кыргыздар» шоусу гендердик юмор менен тең укуктуулукта иштейт, бирок ошентсе да эркектерге кыйла жакшыраак мамиле жасалат.

КВН

«Азия Микс» командасы Москва мэринин кубогундагы оюнунда гендер жана социалдык теңсиздик маселелерине көңүл бурбоого аракет кылган. Ага карабастан ал кечте команда курамында сахнага чыккандардын басымдуу бөлүгүн эркектер түзгөн.

Аялдар сахнага сейрек чыгышкан. Биринчи жолкусунда — команданын негизги курамы менен биргеликте «Саламдашуу» сынагы маалында сахнага «сулуу өзбек кызы» Ситора чыккан. Бирок анда ал болгону бир гана фраза айткан. А номурдун калган убактысында болсо ал статист катары роль аткарган.

Экинчи жолкусунда музыкалык сынак маалында кошулуп ырдап, коштоп бийлөө үчүн сахнага жети кыз чыккан, бирок ал номурдун өзүн тогуз эркек аткарган.

KVNSH

KVNV

Салыштырмалуу «Азия Микс» командасындагы аялдар менен болгон аянычтуу абалды гендердик юмордун төмөнкү градусу тең салмактаган. Команда мүчөлөрү өзүлөрүнүн миниатюралары менен кыска тамашаларында аялдарга, ошол эле маалда эркектерге карата калыптанып, жалпыга жайылган стереотиптерге кайрылышкан эмес. Болгону бир гана жолу Пушкиндин аялын «катын» деп аташып, анын үстүнөн тамашалашкан.

«Азия Микс» Бекдел тестинен өтө алган жок. Салыштырмалуу тамашаларынын жогорку деңгээлде экенине жана толеранттуулуган карабастан команда мүчөлөрү аялдардын өз алдынча сахнага чыгып номур көрсөтүүлөрүнө жол беришкен эмес.

«Жарайт Сити»

Бир караганда өткөн жылы чыгып баштаган «Жарайт Сити» скетч-шоусунда гендердик теңдик жаатында баары жайында сыяктуу көрүнөт. Кадрда эркектердин көбүрөөк көрсөтүлгөнүнө карабастан, аялдар экран убактысынан куру калышкан эмес. Биз көрүп чыккан эки сериясында актрисалар гана көрсөтүлгөн анча чоң эмес эки гана учур болду, бирок орточо алганда аялдар экранда төрт учурдун үчөөсүндө пайда болушат.

«Жарайт Сити» юмордун деңгээлинде да сексизм жагынан жыныстардын бирин көздөй басым жасабайт.

Ооба, анын серияларында кыздардын социалдык түйүндөрдөгү образдары, талаптуу катуу койгон кайын энелер тууралуу тамашалар айтылып, үй жыйноо көбүнчө аялдардын иши катары көрсөтүлөт. Андагы көрүнүштөрдүн биринде бейтап дайыма ызы-чуу, кыйкырыктар болуп, бирок алардын каяктан чыгып жатканын билбей жатканын айтып психотерапевтке даттанат. Дарыгер жооп катары аларга таптакыр көңүл бурбай коюу кеңешин берип, ал өзү да ошондой ыкманы пайдаланарын айтат. А чынында ал үндөр дарыгер менен бейтаптын жанындагы отургучтарда отурушкан алардын аялдарына таандык болот.

ZHarajtSH

ZHarajtV

Бир жагынан, бул аялдарды жагымсыз кылып көрсөтүү, аялдарга карата сексизм. Бирок ошол эле маалда сериал эркектердин көңүл койбостугу менен аялдарына карата сый мамиле кылбай тургандыгын белгилеп, аларды да шылдыңга алат.

Кыргыз юморунда орусиялык шоулордон алынган нерселерин көп болушун күтүүгө болмок, бирок «Жарайт Ситиде» гендердик ролдорго негизделген юморго караганда социалдык жана саясий юмор кыйла көбүрөөк (жалпы тамашалардын санынын 31 пайызы).

Күтүүсүздөн эркектерге карата айтылган ал сыяктуу жыныстык юмордун арасында ошондой эле сандагы аялдарга карата айтылган тамашалар да бар болуп чыкты. «Жарайт Ситиде» эркектердин жумуштагы, жеке мамилелериндеги, аталык жашоосундагы жана бош убактыларын өткөрүүдөгү анчалык дурус эмес образдары активдүү пайдаланылат.

Дагы бир көрүнүктүү факт болуп шоудо аялдардын да, эркектердин да сексуалдык объективизациясынын (бул коркунучтуу термин D&Gнын жарнамалык мейкиндиги менен жаңы «Форсаждагы» жылаңачтанган адамдардын пайдаланылышын көрсөтүп турат) байкалбагандыгы болду. Шоу Бедкел тестинен да өттү.

eldana_foureyes

Ачык көрүнүп турган себептерден улам Элдана Сатыбалдиеванын инстаграм-аккаунтунда күчтөрдүн айкалышуусу башка шоулордогу көрүнүштөрдөн кыйла айырманалып турат. Мында кадрда аялдар 100 пайыз учурларда пайда болушат (биз 30 роликти көрүп чыктык), а эркектердин өкүлдөрү болсо таптакыр эле азчылыкта калышууда.

Юмордун деңгээли жагынан да eldana_foureyes инстаграмы жогоруда аталган скетч-шоулордон кыйла айырмаланат. Анда Элдананын күнүмдүк маанайды сактап, көбүнчө күн тартиби тууралуу да айтканына карабастан, ал генердик ролдор жана стереотиптер тууралуу (жалпы тамашалардын 47 пайызы) тамашаларга да көңүл бурат.

Бирок ошол эле маалда анда көрүнүктүү баланс колдоого алынат. Анда аялдар достугу жана олигархтын кежир, назданган аялы жөнүндөгү ар бир тамашага балдардан пикап-фраза келтирилет. Кайра эле объективизация жагынан да бул аккаунтту айыптоо кыйын.

Күтүлгөндөй эле Элдана Сатыбалдиеванын инстаграм-аккаунту Бекдел тестинен өттү.

Эскертүү: Бул материалда иллюстрация катары пайдаланылган интерактивдүү инфографиканы, скриншотторду көрүү үчүн (тамашалар жөнүндө) бул жерди жана (убакыт жөнүндө) бул жерди басыңыздар.

Авторолор: Сезим Каныбекова, Азамат Өмүралиев