Ракета экинчи жолку аракеттен кийин учурулуп, асманга ийгиликтүү көтөрүлдү. Биринчи жолу аны техникалык себептерден улам бир күнго жылдырышкан болчу.

Үч спутниги бар «Союз-2.1а» ракета-алып жүрүүчүсү космодромдон ийгиликтүү учурулду. Спутниктер менен байланыш орнотулду, деп билдирүүдө «Медуза» сайты.

Ракетанын бийиктиги 52 метрди, а салмагы — 1600 тоннаны түзөт.

Алгач ракетаны учуруу 27-апрелге караган түнгө белгиленген, бирок зымдарынын бириндеги көйгөйлөрдөн улам ал бир суткага жылдырылган. Ракетаны учурууга Орусия 3 млрд. рублден ашык каражат коротту.

«Коммерсант» басылмасы билдиргендей, ракетаны учуруунун кечигүүсүнөн улам Орусия президенти вице-премьер Дмитрий Рогозинге, Роскосмостун башчысы Игорь Комаровго жана Илимий-өндүрүштүк бирикменин жетекчиси Леонид Шалимовго сөгүш жарыялады.

«Восточныйдан» адамдардын башкаруусундагы ракеталарды 2023-жылга карата гана учуруу пландалууда. Жаңы курулган космодромдун Казакстандагы Байкоңурдун ордун алмаштыруусу күтүлүүдө.

«Восточный» алгачкы орусиялык жарандык космодром болуп калды. Анын курулушу 2012-жылы башталып, мамлекеттик каражатты коротуу жана кылмыш иштеринин козголушу менен коштолуп келген. 2014-жылдан бери космодромду куруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 30 кылмыш иши козголгон.