Kloop.kgнин кабарчылары Level этно-барындагы тверк-кечеде болуп кайтышты. Анда Бишкек хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүсү алоолонгон жалын менен курчалган бар-түркүгүндө жеке номурун көрсөттү.

Level этно-барында бийчилер тверк аткарышты — бийдин ал түрүндө жамбаштар, сандар, курсак жана колдор активдүү колдонулат, бирок дененин башка бөлүктөрү дээрлик толугу менен кыймылсыз болот.

Жалын менен курчалган бар түркүгүндө жеке тверк номурун аткарган Каира Жакшылыкова мурда балет менен профессионалдык деңгээлде алектенип, хореографиялык окуу жайын бүтүргөнүн айтты.

«Мен чыныгы балерина болчумун. Мектепти аяктагандан кийин Санкт-Петербургга кетем деп ойлогом, бирок пол-дэнс менен алекнетип калдым. Эртеден кечке чейин хореография мектебинде болуп, а кечинде пол-дэнс менен алектенем», — деди Каира.

Күндөрдүн биринде анда тверкке болгон кызыгуу пайда болуп, бир нече жыл өз алдынча үйрөнгөндөн кийин аны профессионалдык деңгээлде аткарып баштаган.

Бийдин бул түрү дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстанда да популярдуулукка ээ. Постсоветтик өлкөлөрдүн аймагында ал 2015-жылдын апрелиндеги «аарылардын бийине» байланышкан ызы-чуудан кийин кеңири тарап баштаган. Анда Орусиянын Оренбург шаарындагы бий мектебинин окуучулары тверк аткарышкан.

Анда Орусиянын Тергөө комитети андагы окуучулардын айрымдарынын эрезеге жете электигине таянып, алардын бийлегени тартылган видеонун интернетка жарыяланышы фактысы боюнча текшерүү иштерин өткөргөн. Андан соң бий мектеби убактылуу жабылган.