Жеңиш күнүнүн урматына өткөрүлгөн Бишкектеги «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө 15 миңге жакын киши катышты. Алар Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда салгылашкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу басып өтүштү.

Борбордук мэриянын эсеби боюнча, нөшөрлөгөн жамгырга карабастан «Өлбөс полктун» Бишкектеги жүрүшүнө 15 миңге жакын адам катышты.

Шаардыктар борбордун көчөлөрү аркылуу Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда салгылашкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп өтүштү. Жүрүш Түштүк дарбазадан башталып, Жеңиш аянтындагы «өчпөс оттун» алдында аяктады.

IMG_3907

Бишкектин жашоочусу Шамшыбек Медетбеков адамдар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдиктерин унутпашы керек деп эсептейт. Ал согушка катышкан чоң атасын эскерүү үчүн «Өлбөс полк» менен биргеликте жүрүшкө чыккан.

«Менин чоң атам согуш башталгандан тарта украин фронтунда катышкан. [1945-жылдын] 9-майда Эльбага чейин (союздаштардын аскерлери менен Советтик армиянын аскерлери кездешкен дарыя) жеткен. Ал 92ге чыгып, 2012-жылы каза болгон. Биз Улуу Ата Мекендик согушту унутпашыбыз керек», — деди ал.

IMG_3914

«Өлбөс полктун» катышуучусу Мадина Гайназарова фронтко кеткен чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп жүрдү. Ал бул жүрүштү — согуштун катышуучулары менен баатырларына ыраазычылык билдирүү деп эсептейт.

«Бардыгыбыз тең бизди коргогондорду эстен чыгарбашыбыз керек, азыр биз ошолордун аркысы менен жашообузду улантып жатабыз. Менин атам, Гайназаров Кылыч, 185-полкто кызмат өтөгөн, Берлинге чейин жеткен. Аны согушка 18 жашында чакырышкан, ага 9-майда паспорт беришип, фронтко жөнөтүшкөн. Демек, бүгүн менин чоң атамдын туулган күнү болууда», — деди ал.

IMG_3929

«Өлбөс полктун» катышуучулары Өчпөс отко гүл коюшуп, согуштун каза болгон катышуучуларын эскеришти.

IMG_4302

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аскердик ырлардын концерти уюштурулуп, аскердик ашкана ачылды.

«Өлбөс полк» — Улуу Ата Мекендик согуштун аскерлеринин эрдиктерин түбөлүк эсте калтырууга багытталган эл аралык жарандык демилге. Ал алгачкы жолу 2012-жылы Орусиянын Томск шаарында өткөн — анда аны жергиликтүү «ТВ2» телекомпаниясынын кызматкерлери уюштурушкан.

IMG_3934

IMG_3946

IMG_3948

IMG_3965

IMG_3966

IMG_4010

IMG_4011

IMG_4029

IMG_4042

IMG_4060

IMG_4062

IMG_4097

IMG_4128

IMG_4202

IMG_4281

IMG_4288

IMG_4292

IMG_4302

IMG_4333

Сүрөт: Уулжан Саякбаева
Видео: Азат Рузиев, Азамат Каработоев