Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна бир дагы билдирме келип түшпөгөндүктөн улам «Мегаком» уюлдук операторун сатуу боюнча аукцион болбой калышы мүмкүн. Билдирме берүү мөөнөтү 10-май күнү эртең менен аяктады.

Билдирмелердин жоктугунан улам 11-майга пландаштырылган «Мегаком» уюлдук операторун сатуу боюнча аукцион болбой калышы мүмкүн. Билдирмелерди кабыл алуу 10-майда саат 10:00дө аяктады.

Компанияны менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына кирген «Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов «Спутник Кыргызстан» маалыматтык порталына «аукцион болбой калгандыгын» айтты.

Депутаттын пикиринде, компанияны 19 млрд. сомду түзгөн (3 млн. АКШ доллары) «өтө эле жогорку» старттык баасынан улам эч ким сатып алууну каалаган жок.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан ЖМКларга расмий билдирүү тарата тургандыктарын айтышып, бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

«Альфа Телеком» компаниясы («Мегаком» уюлдук оператору) мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү программасынын алкагында 2016-жылдын февралында сатыкка коюлган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү Kloop.kgге оператор башка уюлдук операторлор менен «атаандаша албай тургандыгын», аны жеке менчикке сатуу компаниянын өзүнүн өнүгүүсүнө акча салуусуна мүмкүндүк бере тургандыгын айтып түшүндүрүшкөн.

«Мегаком» — үч миллионго жакын абонент тейлеген жана Кыргызстандын дээрлик бардык аймагын кучагына алган Кыргызстандагы үч ири уюлдук байланыш операторунун бирөөсү.