Баарынан да мен мына ушундай айыптоону күткөн эмесмин, бирок ал кандайдыр бир жол менен болуп отурат.

Украинада «Тынчтык орнотуучу» деп аталган уюм бар. Ал Украинанын ИИМи жана УККсы (Украинанын Коопсуздук кызматы, тилекке каршы бул КГБнын «тукуму») менен кызматташтыкта «Украинанын улуттук коопсуздугуна каршы кылмыштардын белгилерин изилдөө» менен алектенет.

Колонканын автору: Kloop.kgнин негиздөочүлөрүнүн бири Бектур Искендер.
Колонканын автору: Kloop.kgнин негиздөочүлөрүнүн бири Бектур Искендер.

Ал дайыма өздөрүн Донецк жана Луганск элдик республикалары деп атап алышкан аймактардагы жикчилдерге тиешеси бар деп эсептеген адамдардын жеке маалыматтарын өз сайтына жарыялап турат.

Күтүүсүздөн «Тынчтык орнотуучулар» тарабынан жеке маалыматтары жарыяланган он миңдеген адамдардын арасында мен да бар болуп чыктым.

Мына менен аты-жөнүм, бирок анда менин жеке маалыматтарым дээрлик жок:

bektour-peacemaker-ukraine-1

Ал тизмеде мен Украинага иш сапар менен чогуу барган Кыргызстандын дагы бир нече журналисттеринин арасына жазылгам. Мына, биз Донецктебиз, 2014-жылдын ноябры:

«Тынчтык орнотуучулар» тарабынан жарыяланган жаңы тизме — бул (сөзмө-сөз жазуудамын) «террорчул уюмдардын согушкерлери менен кызматташкан» журналисттер.

«Террорчул уюм» дегенде Донецк элдик республикасын түшүнүүгө болот.

Чынында бул кайсыл бир убактарда Донецк элдик республикасына аккредитация алган журналисттердин тизмеси.

Донецк элдик республикасынын аккредитациясынын азыркы версиясы бул сүрөттө оң тарапта, а сол тараптагысы — анын 2014-жылдын апрелиндеги, жикчилдер жаңы гана Донецк обладминистрациясын басып алышып, принтер менен пайдалана электеги үлгүсү:

Screenshot_1

Ошондуктан «Тынчтык орнотуучу» жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактардан окуяларды чагылдырган бардык журналисттерди Донецк элдик республикасы менен кызматташууга айыптап отурат.

Ал аймакта башкача жол менен иштөө дээрлик таптакыр мүмкүн эмес, ошондуктан мен Капитан Очевидецтин ролун аткарып, эмнеге «Тынчтын орнотуучунун» айыптоолорун сандырактык деп эсептей турганымды түшүндүрүп отурбайм.

«Тынчтык орнотуучунун» сайтындагы маалыматтардын жарыяланышы ушунчалык жаман жазылган текст менен коштолгондуктан, ал боюнча талашуудан жийиркенмекмин.

Бирок мен ал текст Украинанын жашоочуларын адаштырышы мүмкүн деп тынчсызданып жатам, ошондуктан ал боюнча түшүндүрмө берип өтөйүн.

«Тынчтык орнотуучу» мына мындай деп жазган.

1-цитата:

«Биз тизмени жарыялагандан кийин кандай кесепеттердин болорун билбейбиз, бирок төмөндөгүнү билебиз: тизмени ал журналисттердин террорчул уюмдар менен кызматташып жаткандыктан улам жарыялоо керек. Буз коомдук мааниге ээ маалымат жана биз, Украинанын жарандары аны билишибиз керек.»

Менин жообум:

Мен мындай тизме мыйзам боюнча жашаган өлкөдө жарыяланганда кандай натыйжалардын болмоктугун билем — жеке маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн деп «Тынчтыкты орнотуучунун» кызматкерлерин сотко беришмек. Бирок «Тынчтык орнотуучунун» Украинанын укук коргоо органдары сыяктуу колдоочулары бар экенин эске алганда, тилекке каршы азыр андай сотко берүүлөрдүн болушу мүмкүн эместей болууда.

Донецк элдик республикасында аккредитациядан өткөн ар бир журналистти Донецк элдик республикасы менен кызматташууга айыптоо — бул маселенин чоо-жайын изилдебеген, журналисттердин андагы ишинин аныктыгын билбеген адамдын акылсыз логикасы.

Менде бир гана суроо калууда — бул иште кабары жок адам элдин душманы менен «террористтерин көмөкчүлөрүн» издөө жоопкерчилигин кантип өзүнө алып жатат?

Донецктин батышындагы Донецк элдик республикасыын блокпосту, 2014-жылдын май айы. Сүрөт: Бектур Искендер / Kloop.kg
Донецктин батышындагы Донецк элдик республикасыын блокпосту, 2014-жылдын май айы. Сүрөт: Бектур Искендер / Kloop.kg

2-цитата:

«Эмнегедир орусиялык эмес басылмалардын көбүндөгү (CNN? BBC? AFP?) журналисттер орусиялык фамилиялар жана ысымдарга ээ.»

Менин жообум:

Эмне болуптур? Аны кантип аргумент катары пайдаланууга болсун? Фамилиялардын «орусиялуулугу» кантип аныкталды? «-ов» жана «-ев» деген аякталыштары мененби? Мисалы, Би-би-синин журналисти Абдужалил Абдирасуловду каякка киргизгендиктери кызык болууда?

3-цитата:

«Эмнегедир чет өлкөлүк журналисттердин көбүндө байланыш үчүн украиналык операторлордун телефондору көрсөтүлгөн. Бул деген ал операторлор иштеген аймакта пайдаланышкан дегенди түшүндүрөт, бирок ошол эле маалда алар орусиялык-террорчул аскерлер тарабынан оккупацияланган аймакка өтүү үчүн Украинанын мамлекеттик чек арасы менен чек коюлган жерлерди кесип өтүшкөн эмес. Башкача айтканда, ал чет өлкөлүк журналисттер украиналык мыйзамдарды уруп ойнобостон, Орусия Федерациясы аркылуу биздин чек араны көзөмөлдөнбөгөн тилкеден мыйзамсыз кесип өтүшкөн.»

Менин жообум:

Бул цитатада «Тынчтык орнотуунун» кызматкерлеринин бул иште тажрыйбасыздыгын көрсөтүп жаткан дароо бир нече нерсе бар. Алар өз өлкөсүндө болуп жаткан согуш тууралуу эмнелерди билишет?

Түшүндүрөм. Чет өлкөлүк журналисттер номурларды Украинада сатып алгандыктан улам алардын телефондору украиналык операторлордуку. Ал баарынан арзан жана жөнөкөй.

Ооба, алар телефондорду операторлор иштеген аймакта пайдаланышкан, анткени кеминде 2015-жылдын мартында дээрлик бардык украиналык операторлордун сигналдары Донецк элдик республикасынын көзөмөлүндөгү аймактарга жетип турган.

Бирок эмнеге «Тынчтык орнотуучу» журналисттердин баары тең Украинанын мамлекеттик чек арасы менен чек коюлган жерлер аркылуу өтүшкөн эмес деп эсептеп жатат?

Эгер орусиялык журналисттердин бир бөлүгүн эсептебесек, Донецк элдик республикасынын аймагында болгон калган кабарчылардын басымдуу көпчүлүгү Украина тараптан киришкен. Эмнегедир аны «Тынчтык орнотуучу» билбей эле.

Ал толугу менен легалдуу болгон. 2014-жылдын ноябрында да, 2015-жылдын майында да мен чек коюлган жерди Донецктин жанындагы Украинанын көзөмөлүндө болуп турган Марьинск айылынан кесип өткөм.

Албетте, ага чейин мен Украинанын көзөмөлүндөгү аймакта болуп, ал эмес Украинанын Коргоо министрлигинин аккредитациясын алгам.

Украин БТРи Донецк облусунун Светлодарск шаарынан алыс эмес жерде фронтту көздөй бара жатат. Сүрөт: Бектур Искендер / Kloop.kg
Украин БТРи Донецк облусунун Светлодарск шаарынан алыс эмес жерде фронтту көздөй бара жатат. Сүрөт: Бектур Искендер / Kloop.kg

4-цитата:

«Тизмеге үстүртөн жүргүзгүлгөн анализ өздөрүн журналист деп сыймыктанып айтып жүргөн айрым адамдар колдоруна украин армиясына каршы согушуп жаткан курал алып жүргөндүктөрү байкалгандыгын көрсөттү.»

Менин жообум:

Албетте, «үстүртөн анализ жүргүзүү» — «Тынчтык орнотуунун» аткарган нерселеринин эң мыкты мүнөздөмөсү.

***

Бир жагынан алганда мени жана бир нече миңдеген кесиптештеримди шектүү, бирок ошол эле маалда мамлекетке байланышы бар болгон уюмдун эмнеге айыптап жаткандыгы мага баары бир деле.

Бирок экинчи жагынан «Тынчтык орнотуунун» тандап алган айыптоо ыкмасы менен тили мага таптакыр жакпай эле. Ал эмес алар маалыматтар жүктөлгөн  файлды «7901scoundrels» — «7901 бузуку» деп— тизмедеги журналисттердин саны боюнча аташкан.

Баарынан да тизмеде чынында эле кызыктуу жана иликтөөгө алууга татыктуу учурлардын бардыгы аянычтуу. Мисалы, мен бир нече белгилүү орусиялык журналисттин иштеген жери катары «Донецк элдик республикасынын өкмөтү» деп көрсөтүлгөндүгүн таап чыктым.

Бирок «Тынчтык орнотуучу» аны ушунчалык одоно жана акылсыз жасагандыктан, анын пайдасынан зыяны көбүрөөк болду.

***

Чынында, мага «Евромайдан» жакчу. Мен 2013-жылдын декабрындагы Киевдеги кагылышууларды алгач «Беркут» менен президент Виктор Януковичтин айланасындагылар көкүткөн деп эсептейм.

«Евромайдан» акциянын катышуучулары менен атайын багыттагы аскерлердин кагылышуусунан каза болгондорду эскерүүдө. Сүрөт: Бектур Искендер / Kloop.kg
«Евромайдан» акциянын катышуучулары менен атайын багыттагы аскерлердин кагылышуусунан каза болгондорду эскерүүдө. Сүрөт: Бектур Искендер / Kloop.kg

Мага принципиалдуу түрдө Орусиянын бийлиги жакпайт. Ал Донбасстагы жаңжалга түздөн-түз себепкер болду деп эсептейм. Ошондой эле мен Крымды оккупацияланган аймак катары санайм.

Донецк элдик республикасы, өзгөчө Луганск элдик республикасы дээрлик кайсыл бир жалган мамлекеттердин атын жамынган криминалдык топтор менен көзөмөлдөнүүдө. Мен аларга карата «террорчул уюм» деген туюндурманын колдонулушуна анчалык деле каршы эмесмин.

Фронттун экинчи тарабында өзүнүн ишинин стили менен кандайдыр бир орусиялык «нишисттерден» айырмаланбаган «Тынчтык орнотуучунун» бар экендигин көрүү да кыйын.

«Тынчтык орнотуучунун» аракеттери — бул Украинаны жана жалпы эле анын кайраттуу, суктанууга татырлык жарандык коомун кемсинтүү. Андыктан «Евромайдандын» максаттарын кантип жаманатты кылууга болору кимге кызык болсо «Тынчтык орнотуучудан» сурагыла, алар билишет.