«Элдик парламент» лидерлеринин кармалганына карабастан митинг өткөрөт

Лидерлеринин кармалгандыгына карабастан «Элдик парламенттин» 17-майга белгиленген митинги болот. Башкы талаптар мурдагы бойдон калат — Кыргызстандын президентинин отставкасы.

Оппозициялык «Элдик парламент» кыймылынын мүчөлөрү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кылып 17-майда митинг өткөрүшөт. Бул тууралу кыймылдын координаторлорунун бири Расул Умбеталиев 16-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал митинг эмес, а «тынчытык жыйыны» болот. Умбеталиев «Элдик парламенттин» лидерлеринин кармалышы акциянын күн тартибине таасирин тийгизбей тургандыгын белгиледи.

«Жыйын 17-майда, саат 10до Жеңиш аянтында болот. Мурдагыдай эле президенттин өз каалоосу менен отставкага кетишин, кыймылдын кармалган мүчөлөрүнүн бошотулушун талап кылабыз. Жыйыныбыздын күн тартибинде президенттин айланасындагылар жөнүндө жана аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө да сөз болот», — деди ал.

Кыймылдын лидерлеринин кармалышы

Кыймылдын лидерлери Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов жана Төрөбай Колубаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан 12-майда кармалышкан. Алар бийликти күч колдонуп басып алууга даярданышкан деп шектелип жатышат.

Расул Умбеталиев «Элдик парламент» бийликти басып алууну пландабагандыгын, а тынчтык жыйынга даярданганын билдирди. Анын пикиринде, бийлик берген убадаларын аткарбай жатат жана оппозицияны кысымга алууда.

«Конституцияда ар бир жаран тынчтык жыйындарын өткөрүү, өз көз карашын, пикирин билдирүү укуктарына ээ деп жазылып турат. Азыр бийлик бир колдо жана бүгүнкү күндө саясий репрессиялар болуп жатат деп эсептейм. УКМК биздин артыбызга түшүп, сурактарга чакырып жатат», — деди ал.

Умбеталиев кыймылдын лидерлери президент менен өкмөттү бийликтен кетирүүнү пландап жатышат делген интернеттеги аудиожазуулардын аныктыгын четке какты. Ал жазууларды «монтаж» деп атады.

«Силердин эсиңерге салгым келип турат, 2007-жылы Бакиевдин отставкасына каршы митинг болгон, ошондо да [оппозиционерлердин сүйлөшүүлөрү] жазылып, кылмыш иштери козголгон. Ал атайын уюштурулган иштер аягына чейин чыгарылган эмес, ал оппозиционерлерди жоопко тартуу үчүн жасалган пиар-өнөктүк болгон», — деди ал.

Мотуев жана «дерьмократтар»

Умбеталиев Кыргызстандын элдик-патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуевдин алардын кыймылына тиешеси жок экенин билдирди. Мотуев «Элдик парламенттин» форумунда «Ислам мамлекетинин» идеяларын пропагандалагандыгы үчүн 13-майда кармалган.

«Мотуев «Элдик парламенттин» мүчөсү эмес. Ал өзү келип, трибунага өзү эле чыгып «Ислам мамлекети» жөнүндө айтып баштады. Биз баарыбыз таң калып, шылдыңдап, аны трибунадан кетүүгө аргасыз кылганбыз. Биз үчүн ал айткандар жат идея», — деди ал.

Умбеталиев ошондой эле кыймылдын мүчөлөрүн «дерьмократтар» деп атаган президент Алмазбек Атамбаевдин Энелер күнүнө карата сөз сүйлөп жаткандагы айткандары боюнча өз пикирин билдирди.

«Атамбаев бизди дерьмократтар, бузукулар деп атады. Энелерди куттуктап, аларды өбүшү керек болчу. Алар эч нерсе түшүнүшкөн жок. Ал президенттин деңгээли эмес. Атамбаев Крыловдун сөздөрүн келтирди. Анын тамсилдери көп. Анын күчтүүнүн дайыма алсызы күнөөлүү деген тамсили да бар», — деди ал.