Ысык-Көлдүн жээгинде бешинчи жолу өткөрүлгөн эл аралык Run The Silk Road марафонунда бир жарым миңден ашык профессионалдар менен сүйүүчүлөр чуркашты.

Ысык-Көлдүн жээгинде жыл сайын өткөрүлчү Run The Silk Road марафону өттү. Мелдештерге 16 өлкөдөн келген бир жарым миңден ашык киши катышты.

IMG_4516

Трасса бир нече аралыктарга бөлүнгөн: эң кыскасы — 5 чакырым, сүйүүчүлөр үчүн — 10 чакырым, жарым марафон — 21 чакырым жана толук марафон — 42 чакырым — бул аралыкты 112 киши чуркап өттү.

IMG_4537

Толук марафондо кыргызстандык Аман Момуналиев жеңүүчү болду. Марага чейин ал 2 саат 35 мүнөттө чуркап жетти. Кыз-келиндердин арасында баарынан Маргарита Трифонова ылдам болуп чыкты (4 саат 26 мүнот). Ал өткөн жылы мыкты үчтүктүн катарына кирген болчу. Марафондо биринчи орун алган спортчулар бир миң доллардан алышты.

Маргарита Трифонова жеңишке жетүү үчүн күчөтүлгөн түрдө машыкканын айтты.

«Мен 24-апрелде Алма-Атада да ушинтип чуркагам, анда экинчи орун алгам. Жашым 42де, мен ошондой эле синхрондук котормочу болуп иштейм. Алгачкы жолу 1-орун алып отурам. Албетте, абдан кубанычтамын! Жеңишке жетүү үчүн өтө көп машыгуу керек», — деди ал.

Жарым марафондо Адилет Кыштакбеков (1 саат 15 мүнөт) менен Алина Меремьянина (1 саат 44 мүнөт) мыкты деп табылышты. Жеңүүчүлөрдүн бардыгы тең кыргызстандыктар, алар сыйбарактарды, медалдарды жана 20 миң 400 сомдон акчалай сыйлыктарды алышты.

IMG_4783

IMG_4805

Жапониядан келген студент Акиба Такуяга трасса жеңил эмес болгонун айтты.  

«Мен биринчи жолу чуркадым. Жөн гана сүйүүчүмүн, мындай эмоциялар үчүн марафонго катышууга болот. Чуркаганда мен эркиндикти сезем, шамал чачтарыңды сылаганда жашоонун жеңилдигин сезесиң», — деди ал.

IMG_4459

IMG_4519

Катышуучулардын арасында 63 жаштагы кыргызстандык Нурдан Кожогулов да болду. Ал толук марафондун аралыгын аягына чейин чуркап өттү.

«Мен марафондо экинчи жолу чуркап жатам. Чуркоо — бул жашоомдогу бактылуу учурлар, ал менин жашоомду жаркын жана түстүү кылат. Чуркап бара жатканда мен бактылуулук менен кубанычты гана сезем. Мен кандайдыр бир эмоциялар үчүн гана эмес, а катышуу үчүн келдим, катышуу — бул эң башкысы», — деди ал.

IMG_4543

IMG_4570

Kloop.kgнин кабарчысы Азат Рузиев өмүрүндө биринчи жолу марафонго катышып, аралыкты аягына чейин чуркап өттү. Ал чуркоонун жардамы менен өзүн кантип жеңе алгандыгы тууралуу айтып берди:

Кичинекей кезимде мен чуркаганды жаман көрчүмүн, Караколдо 9-класска чейин окуп, ошол убакка чейин иштер менен же кимди бирөөнөн качып гана чуркачумун. Бирок бир нече жыл мурда студенттик FLEX программасы боюнча АКШга барып калдым. Күндөрдүн биринде мектептин Лора аттуу кызматкери менден: «Спорттун кайсыл түрү машыккың келет?» деп сурап калды.

Мен волейболго кызыгарымды, бирок чоң теннис ойноп көрүүнү да каалай турганымды айтып жооп бердим. Сыртты күз болчу, а теннис менен жазында гана алектенүүгө мүмкүн болчу. Мен кокустан чуркаганды деле жактырам деп айтып алдым.

Лора мага cross-country сыяктуу спорттун түрү туура келиши мүмкүндүгүн айтты. Менин «сонун» англис тилим мага анын топко же кандайдыр бир лакросско байланышкан нерсе экенин айтып турду. Ошентип мен чуркап баштадым.

Биринчи жолку машыгуумда мени алсыз топ менен бирге алты чакырымдык аралыкка чуркоого жиберишти — ал өмүрүмдөгү абдан оор алты чакырым болду. Өзүмдү баатыр жана жакшы чуркаган киши катары көрсөтүү үчүн мага ал аралыкты аягына чейин чуркап өтүүгө туура келди, андан соң муздак суу куюлган ваннада англис тилин жакшылап окуу керектиги жөнүндө ойлонуп отурдум.

Кыйноолор менен азап тартуулар улана берди жана мен алгачкы мелдештерден кийин дээрлик сулап жатып калып жаттым. Cross-country спортунда беш чакырым аралыкты башынан аягына чейин эң катуу ылдамдыкта чуркап өтүү керек — ал аралыктын аягында мен дээрлик жыгылып калдым, бирок акыры 19 мүнөт 35 секундда марага жеттим.

IMG_4583

Бирок мен анда чуркоонун өзгөчө философиясын сездим: мен чуркоодон көбүрөөк ыракат алып, чуркоонун кичинекей бир жашоо экенине ишенип баштадым. Жашоодогудай эле чуркаганда да кыйынчылыктар болуп, бүтүндөй денең ооруп, ойлоруң тынчытык бербей баштайт. Жаныңдан чуркап өтүп кеткен атаандаштарыңды көргөндө сага андан да жаман болот.

Мен чуркап баратканда эч качан токтобошум керек деген чечимге келдим — ошондо мен жашоодо да жеңилбейм. Ошентип мен беш чакырымды 17 мүнөттүн ичинде чуркап өттүм жана өзүмө ыраазы болдум.

Кыргызстанга келгенде чуркоону улантууга аракет кылдым, бирок анча окшошкон жок. Мен Жеңиш аянтын айланып чуркадым, эртең менен «Спартакта» чоң аталар жана FunRun клубунун аркасы менен көздөрү көрбөгөндөр менен бирге чуркадым. Бирок кайсыл бир учурда баары токтоду — Америкада жүздөгөн кишилер, чуркоого ылайыкташкан жолдору менен ондогон сейил бактар бар болчу. Мага ошолордун баары жетпей турду.

Январда досум Кристина Бишкектеги эртең мененки чуркоо тууралуу айтып калды. Мен чуркап көрүүгө макул болдум, бирок анда анын Ысык-Көлдө өтө турган 42 чакырымдык марафондун алдындагы машыгуулар экенин түшүнгөн эмесмин.

IMG_4660

Бир канча убактан кийин биз «Дивандан марафонго» деген клубка кошулдук. Кыш болчу: көчөдө кар, айлана караңгы, а сен клубдун башка мүчөлөрү менен бирге Ботаникалык бакчада чуркап жүрөсүң. Баарынан да жалкоолукту жеңип, өзүңдү тарбиялап баштоо эң оор болсо керек, анткени таңкы саат 5:30 туруп, кечинде саат 10до жатуу анчалык деле жеңил эмес. Жумуш менен окуума байланыштуу мен бир канча ондогон чуркоолорго барбай калдым, бирок топтон артта калбоого аракет кылдым. Мени клубда жөн гана чуркоону каалаган чыныда эле жагымдуу жана шайыр адамдардын чогулганы кубандырды.

14-майда өзүмдү сыноочу мезгил келди — мен 42 чакырымга созулган алгачкы марафонумду баштадым. Бул чынында эле чоң аралык. Элестетип көргүлө, ЦУМдан Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейин чуркап барып келүү керек. Ал болжол менен 24 чакырым болот. Бир сөз менен айткандай, марафон аралыгы — бул абдан эле көп.

IMG_4666

Биз абдан кичинекей темп менен чуркап баштадык. 21 чакырымга чейин өзүмдү сонун сездим. Марага чейин 17 чакырым калганда өзүмдүн абдан кыйналганымды сездим. Мен токтогум келбей, чуркоону уланта берүүнү кааладым, балким мен анда дагы бир нече тамчы шире сыгып алууга аракет кылып жаткан сыгылган апельсинге окшош болсом керек.

Марага 10 чакырым калганда болбой калдым — токтоп, жөн гана басып бараттым. Ошол маалда мен өзүмдү ага чейинкиден да начар сезип, буттарым менен белимдин ооруп баштаганын сездим. Андай учурларда сенин чуркооңду улантышыңа жардам бере турган эң жакшы нерселер жөнүндө гана ойлоносуң. Мен өзүмдүн жашоомдогу бактылуу учурлар, сүйүктүү ата-энем, жакшынакай карындашым, шайыр досторум жана жакшы көргөн шашлык, бал муздак, шоколад сыяктуу тамактын түрлөрү, ошондой эле «Игры престолов» жөнүндө ойлонуп баштадым.

IMG_4727

Мен чуркоого аракет кылдым, бирок чынында күчүм жок эле — мара тууралуу кыялданып жүз метрдей өттүм. Бир убакта жаныман бир чет өлкөлүк өтүп баратып: «Кеттик, чогуу чуркайбыз!», деди.

Ал бул анын 15чи марафону экенин жана ага Кыргызстанда жагып жатканын айтты. Мен аны менен жакшылап сүйлөшө алган жокмун, ал эмес анын аты-жөнүн да сураганым жок, жөн гана бул менин алгачкы марафонум экенин жана ага ыраазы экенимди айттым. Мен аны кийин кууп жетем деп айткым келген, бирок колумду гана шилтеп, аны менен чуркап жөнөдүм. Ошентип мен марага чейин жеттим. Алгач менин максатым ал аралыкты 3 саат 30 мүнөттүн ичинде чуркап өтүү болгон, бирок мен аны багындырууга бир саат көп убакыт кетирдим. Кийинки жолкусунда мен сөзсүз үч сааттын ичинде чуркап өтүшүм керек.

Эң жагымдуу сезимдер марага жеткенден кийин болот. Аягына чейин чуркап жетип, баары аяктагандыктан ыйлагын да келип кетет. Менин ичимде болуп көрбөгөндөй эйфория турду, мен жолдогу бардык кыйынчылыктарды унутуп калдым. Бирок кийин баары бир басып жүргөн балыкка окшоп калдым: ашканага чейин араңдан зорго басып барып, тамак иче албай көпкө чейин отурдум. Кийин өз бөлмөмө барып, чайынмага түшүп, уктап калдым.

Эгер ал күнү Израилдин жарандары өз мамлекетинин жарыяланган күнүн майрамлашса, мен өзүмдүн кичинекей, бирок абдан маанилүү жеңишимди майрамдап жаттым. Ал өзүмдү жеңе алганым.

Марафондун уюштуруучусу Мелис Надыров чуркоого адамдар көбүрөөк тартылып баштагандыктарын белгиледи.

«Акырындык менен биздин эл жалпы марафондун эмне экенин көбүрөөк түшүнүп баштады. Бул кыймылга адамдар көп тартылып, демөөрчүлөр менен өнөктөштөр көбүрөөк болуп баштады. Келечекте трассаны профессионалдуу спортчулар олимпиада оюндарына лицензияларды утуп алгыдай кылып, ага тастыктама алууну каалайбыз», — деди ал.

IMG_4746

Эл аралык марафон постсоветтик мейкиндикте олимпиадалык медаль тагына алган жалгыз марафончу Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган — 1980-жылдагы олимпиадада ал коло медалга ээ болгон.

Сүрөт: Уулжан Саякбаева
Видео: Даниил Ляпичев, Азат Рузиев