Бишкектеги жалгыз Bubble Gum деген аталыштагы чирлидерлердин мектеп командасынын түзүлгөнүнө үч жыл болду. Команданын негиздөөчүлөрү Kloop.kgге анын жаралуу тарыхы, көйгөйлөрү жана башкалардын командага карата мамилелери тууралуу айтып беришти.

Bubble Gum Бишкектин №62 мектеп-гимназиясынын алдында он жылдан бери иштеп келе жаткан бий ийриминин базасында түзүлгөн.  Чирлидинг менен алектенүү идеясы команданын негиздөөчүлөрүнө Бишкектеги студиялардын бири сынакта помпондор менен бий көрсөткөндөн кийин келген.

Бүгүнкү күндө Babble Gum командасынын Кыргызстанда атаандаштары жок, ошондуктан алар коңшу Казакстандын Алматы жана Астана шаарларындагы мелдештерге барып катышышат.

Команданын машыктыруучулары Валерия Квеладзе менен Каролина Колосова Кыргызстанда чирлидинг менен дагы бир команда алектенерин билдиришти. Айтымдарында, бирок алар спорттук гимнастика жана акробатиканын элементтери менен пирамидаларды куруп, катуу кыйкырыктар менен аткарылган «чир» деген аталыштагы башка багытта бийлешет.

Бишкектик команда «чир-дэнс» деп аталган багыт боюнча бийлейт  —  бий гимнастикасынын элементтери, жакшы хореография жана синхрондуулук.

Машыктыруучулардын айтымдарында, алардын негизги көйгөйү каражат жана орунжай маселелери. Алар Казакстандан башка жерлерге бара алышпайт, костюмдарды тигүү да кымбатка турат.

«Алгачкы костюмубузду өзүбүз колго тиккенбиз, кездеме сатып алып, кесип, андан соң балдарга кантип тигүү керектигин түшүндүрүп бергенбиз. Ал биз үчүн абдан кымбат болду, анткени аны ар ким өзү тиккен», — деди Квеладзе.

027A1738

Команда мектептеги иш-чараларда бийлегенден жана ата-энелердин алдындагы отчеттук концерттерден сырткары тааныштарынын майрамдарында да номурларды көрсөтөт.

Колосованын айтымында, өлкөдө чирлидингдин спорт катары эмес, а «топик жана кыска юбкалар менен бийлеген» кыздар катары кабыл алынып, аларды америкалык тасмалардагы бийлеп күйөрмандык кылган кыздарга салыштыргандыктары көйгөй болуп эсептелет.

«Гимнастикадагыдай эле тартип бар. Курсактарын ачып, ич кийимдерин көрсөтүүгө жол берилбейт. Бул көбүнчө бий эмес, а спорт, анткени чоң күч керектелет жана ага баары эле чыдай беришпейт», — деди Квеладзе.

Видео: Светлана Зеленская, Александра Ли
Сүрөт: Александра Ли