Казакстандын атайын кызматтары жерлердин чет өлкөлүктөргө сатылышына каршы митингдерге чакырган социалдык түйүн колдонуучуларын кармап жатышат. Кармалгандар «Тынч чогулуштарды өткөрүү жана уюштуруу тартиби тууралуу» мыйзамды бузууга айыпталышууда.

Казакстандын укук коргоо органдары жерлердин чет өлкөлүктөргө сатылышына каршы митингдерге чакырык жасаган жарандык активисттер менен социалдык түйүн колдонуучуларын кармап башташты.

«Азаттык» радиосунун казак кызматы активисттерди кармоо 19-майда башталганын билдирүүдө — алар «Тынч чогулуштарды өткөрүү жана уюштуруу тартиби тууралуу» мыйзамды бузууга айыпталып жатышат.

«Айрым активисттердин иштери боюнча соттор түн ичинде өтүп жатат. Алардын көбү өкмөт тарабынан сунушталган жер реформасы боюнча өз пикирлерин билдирип, социалдык түйүндөргө жазган билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылып жаткандыктарын айтышууда», — деп жазды басылма.

Активисттерди кармоо жерлердин чет өлкөлүктөргө сатылышына каршы 21-майга белгиленген митингдин алдында башталып отурат. Ал Казакстанда 24-апрелде башталган нааразычылык акцияларынын бири.

Биринчи митинг Казакстандын Атырау шаарында өткөн. Жарандардын нааразычылыгына Казакстандын Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөр себеп болгон. Алардын пикирлеринде, ал өзгөртүүлөр чет өлкөлүктөрдүн жер аянттарын сатып алуусуна мүмкүндүк берет.

Казак ЖМКлары шаардын борбордук аянтына 700гө чукул киши чогулуп, жергиликтүү бийликтен алардын талаптарын өкмөт менен парламентке жеткирүүнү талап кылышкандыктарын билдиришкен.

Бир нече күндөн кийин, 1-майда майрамдалган Элдердин биримдиги күнүн белгилөө маалында казак жерлеринин сатылышына каршы болгондор Кызыл-Ордо жана Жаңы-Өзөндө нааразычылык акциясына чыгышкан. Анда полиция митингчилерди кармап, аянттан алып кеткен.

«ТенгриНьюз» агенттигинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын июлунан тарта Казакстандын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди аукциондордо сатып алууга болот.

Казак бийлигинин пикиринде, жерге байланышкан нааразычылыктар «сырткы күчтөрдүн» «өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу» каалоосунан улам келип чыккан. Майдын башында казак биринчи каналы митингдерге атайын эфир арнап, башаламандыктарга Казакстандын позициясынын эл аралык аренада бекемделиши болгонун түшүндүргөн.

Казакстандын улуттук экономика министринин биринчи орун басары Кайрбек Ускенбаев айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүк жарандарга жеке менчикке берилбестигин билдирген.